Урматтуу айым, сиз көңүлүңүзгө жаккан мырза менен биринчи түндү өткөрүүгө камынып жатасызбы? Анда төмөнкү көрсөтмөлөрдү билип койгонуңуз пайдалуу...
«Төшөктө тажрыйбам жок»
Мырза: – Алло, кандайсың, жаным? Менин атым Төкөш.
Айым: – Жакшы, ардагым менин. А мен Бүкөнмүн. Балакет басып жагымдуу үнүңдү угарым менен дүүлүгө баштадым да. Сени ушунчалык каалап жатам. Төшөк кумарына батпайлыбы?
Мырза: – Макул. Экөөбүз уктоочу бөлмөдөбүз. Жай музыка ойноп турат. Кофтаң менен юбкаңды дароо эле чечип ыргыттым.
Айым: – А мен сенин көйнөгүңдү чечип, көкүрөгүңдөн өпкүлөп кирдим. Ушул эле маалда шымыңдын курун да чечип жатам.
Мырза: – Оо, “алигим” “ойгоно баштады” го...
Айым: – Аны сезген мен кумарлуу онтоп жибердим.
Мырза: – Мына, шымым чечилип, трусачан калдым.
Айым: – Ах, чыдабай баратам... Батыраак “ишке” киришпейлиби.
Мырза: – Эмнегедир көкүрөк тарткычыңды чече албай жатам.
Айым: – Сени убара кылбай аны өзүм эле чече салдым.
Мырза: – Тирсийген эмчектериңден өпкүлөп жатам. Ой! Байкоосуздан катуу чүчкүрүп ийсем төшүңө бир аз шилекейим чачырап кетти окшойт. Кечирип койчу, ээ.
Айым: – Эч нерсе эмес. Жүз аарчы менен аарчып, тазалап койдум да, какая түшкөн “алигиңди” кармалап кирдим.
Мырза: – Трусаңды да чечтим. Эми жылаңач денеңдин чоло жерин калтырбай өбүү менен алекмин. Бирок киндигиңдин ылдыйкы жагына жеткенде тамагым кычышып кетип жөтөлө баштадым. Көпкө чейин жөтөлүп араң басылдым.
Айым: – Жаным, болчу. Эгерде сени кандай каалап жатканымды билсең...
Мырза: – Мына, азыр “ишке” киришем... Кашайгырдыкы десе, “алигиңди” “алигим” таппай жатпайбы.
Айым: – Батыраак!
Мырза: – Иттики...
Айым: – Эмне болду?
Мырза: – Эмне болгонун өзүм да түшүнбөй элемин. Кыскасы, күтүүсүздөн “алигим” шөлпөйүп калды. Мындай болот деп ойлогон эмесмин.
Айым: – Кайра аракет кылып көрбөйлүбү. Өөп-эркелетип, “алигиңди” назик кармалайын. Мүмкүн, эми...
Мырза: – Анда мен алгач дааратканага барып келе коёюнчу. “Турмуш кыстап” жатат.
Айым: – Эмне эле болуп жатасың? Көңүлүм калды сенден. Ачууланган абалда кийинүүгө өттүм. Азыр кетем!
Мырза: – Кечирип койчу. Бул менин биринчи жолку төшөк кумарым. Тажрыйбам жок. Балким, ошондуктан...
Айым: (Түү-үт, түү-үт, түү-үт...).
Астра Айдарова
erotika@super.kg