ЖЕР-ЖЕМИШ МЕНЕН ТӨШӨКТҮН БАЙЛАНЫШЫ

Аялдар

  • Эгер бийкеч алманы тамшанып жесе, анда ал романтикалуу сезимдерден алыс, алма сымал бекем бийкеч. Бирок, ишенимдүү жан.
  • Кулпунайды жакшы кийинип, жакшы үй-жайды эңсеген айымдар баалап жешет. Булар ыгын келтирип өздөрүнүн жакшы жашоосу тууралу мактанганды сүйүшөт.
  • Апельсинге тартынчаак жана түнт айымдар жакын келет. Мындай айымдар чыгармачыл, интеллигенттүү келишип, орду менен тамашалай билишет. Эркектерди өздөрүнүн токтоо жана табышмактуулугу менен тартып алышат.
  • Жүзүм – жалгыздыктан коркуп, жашоо ырахатына чөмүлүп калууга умтулган айымдардын сүйүктүү жемиши.
  • Алмурутту жакшы көрүү кайталангыс жылдыздуулугу менен айырмаланган бийкечтерге таандык. Булар азгырмалуу келишип, эркектер өздөрүн колдоруна көтөрүп жана алдыларында коркуп турууларын самашат.

Эркектер

  • Алманы сүйүүчүлөр консерваторлор. Башкача айтканда, эски көз карашты жактап, өздөрүнүн айткандарын бербегендер. Бирок, бир жакшы жери – булар сүйүктүүсүнүн көзүнө чөп салууга барышпайт.
  • Апельсинди баалоочулар эстен кеткис сезимдерди тартуулоого уста келишет. Булар улам бир ырахатты тартуулай билишип, өздөрүнүн ишенимдүү экендиктеринен шектенүүгө шылтоо беришпейт.
  • Ананаска тартылып туруучулар жемиштин өзү сымал экзотикалык сезимдерди тартуулай билишет. Бирок, экзотикалык сезимдерге анын аягы түгөнбөгөн тааныштары, жан-дүйнөсүнүн тең салмагынын жоктугу да кирээрин унутпаңыз.
  • Шабдаалыны сүйүүчүлөр кемсинтүү менен иренжүүлөргө кабылгандарына карабастан, өздөрүнө түгөйдү узак убакытта барып тандашат. Жашоодо жана сүйүүдө, сексте өзүн сындан өткөзүүгө даяр турушат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
benka80
2012-10-03 07:11:22
неге добуш берууго укугунуз жок деп жатат
0
MiranA
2012-10-03 10:27:04
benka80, Жаңы катталган суперстандыктар КОНОК болуп саналышат жана 100 күндөн кийин толук кандуу ЖАРАН болушат. Коноктордун кээ бир мүмкүнчүлүктөрү (добуш берүү, саясат жана коом бөлүмүнө билдирүү жазуу, дил кутуна билдирүү жазуу, сурамжылоо жүргүзүү ж.б.) чектелген.
0
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан