25-август күнү Талас облусунда 3 салтанаттуу иш-чара өттү. Биринчиси Талас шаарында Апрель революциясынын баатырларынын аллеясын ачуу, экинчиси Кара-Буура районунун борборунда Ч.Айтматовдун айкелин ачуу, үчүнчүсү Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында Ч.Түлөбердиевдин курман болгондугунун 90, эрдик көрсөткөндүгүнүн 70 жылдыгын белгилөө.
Үч аземдин тең ачылыш салтанатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тышкары премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов жана башка бир топ мамлекеттик чиновниктер катышты.
Ч.Түлөбердиевдин мааракесинде күрөш оюнунда алдыга озуп чыккан жеңүүчүлөргө автоунаа баш болгон байгелер тапшырылды. Салтанат түштөн кийинки 5:30дарда башталып, түнкү 12лерге чейин уланды. Эртеден кечке талаада төө буурчак жулуу менен алек болгон эл салтанаттын арты менен жакшылап эс алып, концертке карк болушту. Ырчылардан Курал Чокоев, Ильяз Андаш жана башкалар болушту.