Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында улуттар аралык араздашууга каршы иш-чаралар өтүп жатат. 28-август күнү ИИМдин түштүк башкармалыгы тарабынан Өзгөн шаарында да аталган иш-чара өткөрүлдү. ИИМдин түштүктөгү 10-башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Арстан Жоошбековдун айтуусунда, 8 ай ичинде Өзгөн районунун аймагында улуттар ортосундагы келишпестиктерден улам 7 кылмыш иши катталган.
«Мындай жыйындарды өткөрүүнүн негизги максаты – элдин ынтымагын сактап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жашаган улуттардын ынтымагын, достугун бекемдеп, ар кандай чыр-чатактардын чыгуусуна жол бербөө. Чыр-чатактардын көпчүлүгү болжол менен 18-25 жаштардагы жаштар арасында келип чыгууда», - дейт А.Жоошбеков.