Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Чүй облусундагы Москва районунун Беловодск айылында мыйзамсыз түрдө жашыруун иштеп жаткан эки оюн залын тапты. Аталган башкармалык тарабынан жүргүзүлгөн операция учурунда эки оюнканада 4-5тен адам ойноп жаткан. Оюнчулардан сырткары казинодо залдын күзөт кызматкерлери жана администраторлору болгон. Иштеп жаткан оюн автоматтары, чимирик столдору жана кассадагы акчалар оперативдүү тергөө тобу тарабынан далил буюм катары алынды. Администратор жана имараттын ээсинин айтымында, Беловодск айылынын борборунда жайгашкан бул оюн залдарына буга чейин бир нече жолу милиция кызматкерлери келген. Бирок белгисиз себептер менен эч кандай чара көрүлгөн эмес. Жашыруун иштеп келген бул кумар оюндары ойнолуучу жайлардын жана имараттын ээлерине Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы иликтөө амалдарын жүргүзө баштады.