Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЭНЕНИН ЖЕҢИШИ

№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж


Айылдын керемет таңы. Чымчыктар өз тилинде сайрап, тиричилик башталган эле. Таң эрте ойгонгон Шааркан эне үйдөгүлөрдү ойготуп албайын деп акырын кыймылдай баштады. Ашканага кирип, ун салган каптын оозун ачып, камыр жууруганга киришти. Түшүнө маркум абышкасы кирген экен. Жыт чыгарып, ага атап куран түшүрүп койгусу келди. Ордунан туруп баратканда жанындагы үбөлүк бош чакага тийип, аны каңгыратып жиберди. Ошол замат тили заар келининин жүзүн элестетип кемпир жыйрыла түштү. «Аңкылдайт эми, катыгүн ай, акырын кыймылдабай» деп кейип алды кемпир байкуш. Оюн жыйгыча эле төркү бөлмөдөн жарым жылаңач чыга келген келини көзүн үлүрөйтө жактырбай тиктеп алды.
– Бир күн да ушул үйдө тынчтык жок. Дайыма эрте туруп алат темселеп. Жата бербейби...
– Балам, абышкам түшүмө кириптир. Жыт чыгарып коёюн дегем... Анын үстүнө балдар да окууга барганча жаңы бышкан нандан жеп кетишсин деп...
– Ой, өзүңөр билгендей кылгылачы... Силкинип кирип кеткен келинин аркасынан шалдырай карады эне. «Дээринде жок да, тартиби болсо, эчкинин жашындай өмүрүм калганда жыландай чагат беле...» деп алды үшкүрө. Ааламы тарыды, тиги дөңдө жаткан абышкасынын жанына барып жатып калгысы келет. «Ал күн да келер, неберелерим бир аз кол арага жарап калсын» деп ойлоду кайра.
Тирүүлүктүн көчү ушинтип улана берет эмеспи. Эки небереси бар. Көздөрүн жалдыраткан неберелерин эстеп ичи жылып кетти. Колдору шыпылдай биртике камырды жайып, май токоч жасап, калганын катырак көмөч нан кылып коюуну чечти. Кадимки жашоосу менен жашап жаткан эне үчүн таптакыр күтпөгөн жорук болду. Ошол күнү кечинде уулу Дастан сөз баштады.
– Апа, келиниңиз үйгө ремонт баштайм деп жатат.
– Ии, айланайын, жасасын.
– Сизди... тиги... Сиз таежемдин үйүнө барып турсаңыз кантет?
Эненин көөдөнү сыздап кетти. «Бирде болбосо бирде ушундай болмок» деп ойлоду. Көзүн бардап ачып алып уулун кадала тиктеди. «Мунусу да кабагын бүркөп калганбы?..» деп дили ооруду.
– Менин оордугум катуу тийип жатабы силерге, балам? Өз үйүмдөн кетип, кайда барам мен?
– Ойлогонуңуз эле жамандык. Биз, тескерисинче, сыр-мырдын жытынан алыс болсун деп жатпайбызбы. Дайыма келиниңизден эле кыйкым таап турат экенсиз,- деди уулу корс эте.
Шагы сынган эне үшкүрө отуруп калбаспы. Күңкүлдөп, өткөн жумада эле келини уулунун кулагын жеп жатканын уккан. «Качан адамча жашайбыз? Эки бөлмөлүү үйдө тыгылып өлө турган болдук. Жок дегенде энеңди туугандардыкына жеткирип салбайсың. Качанкыга чейин баарыңдын кир-когуңду жууп жүрөм? Мен да кең-кесири жашагым келет». «Тилде сөөк жок» деген ушу белем, келини бежиреп далайга сүйлөнгөн. Ортолорунан чыр чыгып кетпесин деп, эне укса да укмаксанга салып койгон эле. Кантсе да ичинен чыккан баласы келиндин сөзүнө кирет деп үч уктаса түшүнө кирген эмес.
Шааркан эне калтыраган колдору менен чынысын араң таап, оозуна алып барганга чамасы келбеди. Эненин абалын бөйрөгүн таяна тикчийип тиктеп турган келин, башын салган уул кайдан байкасын? Эртеси эле кийимдерин баштыкка салып, энесин алыскы сиңдисиникине алып барып таштады уулу. Жетимиш тамыры зыркырап турганын таптакыр сезбеди.

ххх

Шааркан апа уулун алып кетет деп бир ай күттү. Машинанын дабышы чыкса селт эте үмүт кылып карап калып, уулу эмес болсо оор дем алып отуруп калганын байкап сиңдиси андан бетер ачууланат. «Деги эле чекесине чымын кондурбай бакты эле эжем, кайрымы жок» деп күңкүлдөп алат.
Ошол күндөрдүн биринде Шааркан апанын айылынан жаман кабар угулду. Кимдир бирөө ат чаап келгенде сиңдиси чочуй кыйкырып алганын угуп, Шааркан эне карбаластай түштү.
– Эмне болуп кетти?
– Дастан жол кырсыгына кабылыптыр дейт, эже.
– Ок, антип айтпайт!- деп чочуп кеткен эне турган жеринде тегеренип жиберди. Ооруканага жеткенде «эмне дейт, айланайындар? Баламдын абалы жакшыбы?» деп жатты ал өткөн-кеткендин баарынан жалдырай сурап.
– Абалы оор эле, апа. Бирок жаш организм эмеспи, үмүтүбүздү үзбөйлү,- деди врач келин ага боору ооруй.
Дастан үч күндөн кийин өзүнө келди. Көзүн ачары менен өзүнө тигилип турган апасынын көздөрүн көрдү. Чебелене керебетин айланган, өмүрүн сурап, тилеп алган апакесинин жүзүн көрдү. «Апа, апаке, кечириңиз мени!» дейин дейт, үнү чыкпайт. Апасынын үнү угулбайт. Ушул чүкөдөй кемпирдин тилеги менен кайрадан жашоого кайтып келгенин ал али биле элек эле.
Дастан жарым жылдан ашык ооруканада жатып, бир аз жакшы болгондо үйүнө чыгарып келишти. Эки бөлмөлүү үйдүн терезелери сынып, ичи каңгырап ээн калганын көрүп Дастандын жүрөгү атып кетти.
– Кай-да бал-дар? Кели-ниңиз?- деди кекечтене.
– Алар... Сен капа болбочу... Жаның аман калды, ошого шүгүр,- апасы жалдырап эмне дээрин билбей.
– Анын эмнесин жашырасыз? Аялың сенин абалыңды уккандан кийин эле көр-жерин жыйыштырып, балдарды алып баса берген. «Оорулуу күйөө менен жашабайм» деген экен аның. Мына, эми көзүң ачылдыбы?- деп кыйкырып коё берди таежеси. Дастан шалдырай жатып калды.
Ошол күндөн баштап Шааркан апа тынч албады. Таң эрте туруп тоого чыгып, пайдалуу деген чөптөрдүн тамырын жыйнап келет. Кезинде өзүнүн атасы айылда атагы чыккан табып болчу. Анча-мынча кулагында калган нерселердин баарын колдонуп уулун дарылай баштады. Эптеп көтөрүп алдын тазалап, майыптардын арабасына отургузуп ары-бери сүйрөйт. Мүнөздөп тамак берет. Эненин акыбети кайтар күн да келди. Бир күнү чарчап сырттан кирип келе жаткан. Керебеттен түшүп, там-туң баса турган баладай калтылдап араң турган баласын көрүп сүйүнүчтөн энтигип:
– Балам, акырын, абайла...
– Апа...
– Коркпо, балам, бир кадам ташта...
Дастан чымыркана эки-үч кадам таштады да, күп кулады. Чырылдай үстүнө түшө калды апасы. Мына ошол учурда гана өмүрдө ападан кымбат, энеден кудуреттүү эч ким жок экенин ойлоду баласы. Апасын кучактап ыйлап жиберди.
– Ыйлаба, балам, жаның аман болсо болду.
Бул Шааркан апанын сүйүнүчтөн аккан көз жашы, турмушундагы эң оор жана таттуу жеңиши болчу. Чиркин, жашоонун тиреги ушул чүкөдөй эненин ийининде кармалып турганын ким билмек...

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(16)
03.09.2012. 10:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
04-07-2012
Соӊку аракети:
10-08-2014 02:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман аял жакшы эркекти жок кылат, жакшы аял жаман эркекти хан кылат. Аялын жакшы болсунчу биринчи.
03.09.2012. 16:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
01-08-2007
Соӊку аракети:
21-05-2017 02:18
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эненин кадырын козу барда билели, жаштар! Жакшы жазылыптыр.
03.09.2012. 21:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
31-07-2012
Соӊку аракети:
30-08-2018 09:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Duinonun byr burchu
+2
kandai gana ukmush kozumdon jash alandy okup jatyp degi ele enelerdi abailap kastarlailichi.Alardyn kunoosu emnede byzdy jaryk duinogo alip kelip adam kilip koigonubu.Emne uchun oz enenin barkyna jete alishpait adamdar
04.09.2012. 02:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
06-12-2009
Соӊку аракети:
12-11-2018 20:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kg-Ош
0
Журок ооруп кетти.
Бейиш эненин таманында..деп бекер айтылган эмес да. Ар дайым сыйлап,конулун оорутпаганга аракет кылып журолу!
04.09.2012. 03:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
219
Катталган:
22-05-2012
Соӊку аракети:
12-11-2018 13:20
Жынысы:
Белгисиз
0
эненин батасын алмайынча когорбойбуз го,алардын ак сутун бир омур да актап буто албайбыз. Энелер аман болушсунчу
05.09.2012. 03:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
27-08-2012
Соӊку аракети:
14-11-2018 00:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайгамбарыбыз сав ар дайым эне жонундо суйлоп жатканда,коздоруно жаш алчу. Аны сагынчу.Ар дайъм эстеер еле.Анткени,7 жашында апасынан айрылган эле.Энени абдан урматтагандыктан, 'бейиш энелердин таман алдында' деген.Достор,ата-эне ыраазы болсо,Алла ыраазы болот.
05.09.2012. 19:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
16-05-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
kozumo jaw ailanyp ketti
09.09.2012. 22:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
10-04-2012
Соӊку аракети:
05-11-2015 07:40
Жынысы:
Белгисиз
0
м.м ото окунучту бейин эненин таманын астында болом тугандар ата-эненин кадырына жетели
22.09.2012. 12:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
26-12-2011
Соӊку аракети:
07-10-2012 23:24
Жынысы:
Белгисиз
0
ee samoe glavnoe ata-enebiz aman bolsun4u,kyzdaribiz iymanduu bolso jakwy kelin bolot da.uwundai kelinim bolso jatkira 4apmakmin.
25.09.2012. 04:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
30-08-2012
Соӊку аракети:
22-08-2013 10:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого зар, бироого кор болгон эне. Бул дуйноодо канча адам эненин мээримине зар. Энени, апаларды сыйлайлы.
29.09.2012. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
10-01-2012
Соӊку аракети:
03-04-2018 14:34
Жынысы:
Белгисиз
0
eh eneden otkon yiyk jan barby bul duinodo.
09.10.2012. 06:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
22-07-2012
Соӊку аракети:
15-02-2015 01:10
Жынысы:
Белгисиз
0
жаратканым,апакеме ден соолук бере кор,апакемдин козунон бир тамчы жаш агызганча ааламдын азабын мойнума жукточу,апам,менин алтындай апама ден соолук бере кор,айланайын Жаратканым,жалдырап жалбарып сураанарым апама ден соолук бере кор.айыгып кетсинчи апакем,жараткан сен мээримдусун,бир пендендин суранычын аткара кор
01.11.2012. 08:26 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
06-04-2008
Соӊку аракети:
30-03-2016 12:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер"Кыргыз"стан
0
Мээримдуу апасы бар экен, тез эле айыгып кетти.Кандай келиндер ошондой болот ээ? Тушунбойбу, эртен эле озу кайнене болот, келиндуу болот го акыры. Тарбиясыз адамдар бироонун ата-энеси эмес, озунун ата-энесин да сыйлабайт.
02.12.2012. 02:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
28-10-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 22:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Өзгөн
0
Мазмундуу Жана таасирдуу жазылыптыр. Бейиш эненин таманында.
09.12.2012. 11:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
22-07-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 22:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы аял жаман эркекти жакшы кылат, жакшы эркекти хан кылат.
Жаман аял жакшы экекти жаман кылат, жаман эркекти вобще жок кылат экен
15.03.2014. 02:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
28-02-2014
Соӊку аракети:
30-04-2014 03:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайтар дуйон дейт экен бул жалган жашообузду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: