ФЕНДИН ЧАЧ КУРГАТУУДАН БАШКА ПАЙДАЛАРЫ

Фен – чач кургатууда колдонулуучу каражат. Азыркы күндө фен менен чачын кургатып көрбөгөн адам жок. Ал тиричиликте да өтө пайдалуу каражат. Фен менен чачты гана кургатып тим болбостон, көптөгөн маселелерди чечүүгө мүмкүн. Кандайча дейсизби?..

  • Топ балмуздак бири-бирине жабышып, бөлүнбөй убара кылса, фен менен бир аз ысытып оңой ажыратууга болот.
  • Муздаткычты эритүү процессин тездеткиңиз келсе, ысык шамалды колдоно аласыз.
  • Эмерекке же машинага жабыштырылган кагаздардан арылууда фен жардамчы болот. Кагазды ысытканда аны жабыштырып турган желим эрийт да, оңой сыйрылат.
  • Кол баткыс кычыктарга, люстрага туруп калган чаңды үйлөтүп тазалоого болот.
  • Илгерки фотоальбомдордун баракчалары же сүрөттөр бири-бирине жабышып калган болсо, фен менен ысытып, аларды айрыбастан ажырата аласыз.
  • Кышкысын тоңуп калган кулпуларды эритүүдө да эң жакшы каражат.
  • Компресс жасоодо керектүү температураны сактоо үчүн да фенден чыккан жылуу абаны колдонууга болот.
  • Шашылышта тоңдурулган этти тез эритиш керек болот. Бул учурда фендин чоң пайдасы тийиши мүмкүн.
  • Фендин жардамы менен идишке бекем жабышкан этикетканы алууга болот.

kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Melis-Aruuke
2012-09-03 17:01:04
Бирок фен башка зыян го коп колдоно берсе.
0
peach
2012-09-04 02:07:45
- ui janybarlaryn juuntkandan kiyin;
- tyrmak laktaganda;
0
AFRODITA-89
2012-09-05 01:05:41
фенди ашканадагы буюм катары колдонсо пайдасы кобурок окшойт, чачка иштеткенден коро. Чач кургатканга зыяны копго
0
nelli
2012-09-05 02:32:49
фенди туура колдонсо коп деле зыяны жок
0
Kali
2012-09-21 13:49:30
шашылышта капрон байпактарды тез арада (1-2 мунотто) кургатууга да болот. Озумдун практиман билем )))
+1
sayana
2013-06-12 10:40:04
Kali, менин да практикамдан откон
0
Guljamal
2012-10-08 11:12:37
Фен кух.набор эмес.Чанды соргону атйын пылесосту бекер чыгарыпттырбы?Атайын чачка чыгарылгандан кийин чачты эле кургатыш керек да.Элестеткиле чачынды кургатып анан чан пандарды тазалап кайра чач кургатып.
0
saya4ka
2012-10-09 17:33:14
Guljamal, Чан соргуч жетпеген, кычык-пычыктардагы чанды уйлойт. Ал чанды сорбойт, чанга жакындап койбойт. Ага кабатыр болбой эле чачынды кургата берсен болот кайрадан.
0
dooooo
2012-10-18 01:38:05
фен бул жакшы буюм экен телефонго нотбугка фотопаратка суу кирип кеткенде чон жардам корсотот достор.....................
0
Love_kg
2012-11-16 13:30:28
dooooo, телефонго нотбугка фотопаратка суу кирип кеткенде фен менен кургаткан болбойт, еще глубже киргизип саласын сууну а потом уже отремонтировать будет трудно..... у мастеров даже можешь спросить
+1
sayana
2013-06-12 10:37:51
Love_kg, оа , мен да ошону айткым келген. Фен менен кургаткандан кийин убакыт откон сайын тел жакшы иштебей бузула баштайт кобунчо.Сууга тушуп кеткен телефонду мумкун болушунча кол жеткен жерге чейин аарчып кургатып, андан кийин дароо куручко (рис) салып коюу керек коп убакытка , ал озуно аппараттын ичиндеги сууну тартып, соруп алат.
0
Almaz-85
2014-05-11 01:14:05
Фенди башка зыян деп уккам
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан