РАХМАН РАЗЫКОВ БОКЕ МЕНЕН ТЫКЕГЕ КАПАЧЫЛЫГЫН АЙТТЫ

Башталышы – 19:30 (30 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 250-350 сом
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 60 пайызы (28-август күнү)
Алпаруучу – куудул Эрнист Бөрүбаев
Мыкты номерлер – Керим Тураповдун аткаруусундагы ырлар жана Рахман Разыковдун «Биз кайда баратабыз?» ырын көркөм окуусу

«Биз кайда баратабыз?» деген концерттин аталышын угуп эле ичимден «бул концертти өткөрүп жибербешим керек» дедим. Баары мен боолгологондой болду. «Миң кыял» бий тобунун бийчилери кыргыз бийи менен концерттин көшөгөсүн ачкандан кийин алпаруучулуктун тизгинин моюнуна алган куудул Эрнист Бөрүбаев атын эстегенге үлгүрбөгөн бир жаңы ырчыны чакырды. Анын артынан күндүн күнөөкөрү Рахман Разыков чыгып, "чү" дегенде эле Борончу, Тынар сыяктуу куудулдарга "бул бети жоктор "коалициядан" чыгып кетишти, эми өзүнчө "партия" ачпасам" деп какшык аралаш капачылыгын айтып өттү. Бул тамашанын чын-төгүнүн айырмалай албай, бир топтон кийин гана Рахман акенин учурдагы саясаттын абалын сүрөттөгөн сатирасы экенин түшүнөйүн дейсиң, бирок...
Концерттин жүрүшүнө – 4 деген баа берсек болчудай. Бул баа, албетте, концерттин кемчиликсиз өтпөгөнүнөн кабар берет. Куудулдун концертине келгенден кийин кеченин 80 пайызын интермедия, сатиралар түзүшү керек эле. Бирок конок катары куттуктап келген, биз таанып-тааныбаган ырчылар бир эмес, эки ыр ырдап залда отургандарды уктатып сала жаздашты. Залдын жасалгасында өзгөчөлүк жок. Баягы «Ар бир айдын алтысындагы» үйдү алып келип коюшуптур. Мындайча айтканда, ошол «Ар бир айдын алтысы» концертинде отургандай эле болдум. Ал эми концертте элди жанданткан баягы эле Абдылданын катышуусундагы интермедиялар да. Абдылда агабыздын басканында эле күлкү жатат эмеспи. Бул жолу да өз ролун катыра аткарып берди.
Ырчы Керим Тураповдун келгени көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Ал ырдаганда эл кадимкидей оор уйкудан ойгонду. Рахман Разыковдун «Биз кайда баратабыз?» ырын көркөм окуганы, албетте, мактоого арзыйт. Акебиздин куудулдуктан да акындык жөндөмү күчтүүрөөк өзү. Анткени бир ок менен эки коён атып «Биз кайда баратабыз?» китебинин бет ачарын өткөрө салды, тың эй! Куудулду куттуктап Гүлшайыр Садыбакасова «Кыз-Бурак» тобу менен, Гүлжигит Сатибеков, Алишер Тоотаев, Керим Турапов, Чырмаш Төрөбеков өңдүү чыгармачыл кесиптештери келишти. Жалпысынан Рахман акебиздин концерти салмактуу жана таасирдүү көз ирмемдерге бай болду. Залдагы бош орундуктарда сиз отурсаңыз, билетке короткон акчаңызга кейибейт элеңиз, чын.

Толик Сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
monchok
2012-09-03 13:07:12
Жадап калдым булардан уже!
0
aziya.
2012-09-07 11:30:20
Өмүрү мындай концертке барган эмесмин,барбайм дагы да. Бирок Керим Тураповдун мындай концертке барып ырдап бергени таңкалдырууну жаратат экен...
0
KGFRAU
2012-09-07 21:28:29
Базардагылар барышат мындай концертке :-)) Сыягы алар да эми баш тартып калса керек.Зал толбосо.
0
№ 513, 31-август-6-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан