Варикоз кандай оору?Төмөндөн жогору көздөй жүрөккө кан ташуучу венадагы клапандар кулпунун ролун аткарат. Кан клапандар аркылуу өткөн соң, клапандар кулпу сымал жабылып, канды кайра чыгарбайт. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам вена серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде текши эмес түйүндөр пайда болуп, ал жер сыртка бадырайып көрүнүп калат.
Варикоз дененин кайсы жеринде учурайт?
Вена дене бөлүктөрүнүн бардыгында кездешкендиктен, варикоз оорусу да түрдүү себептер менен дененин ар жерлеринде кездешет. Мисалы, бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, арткы тешикте (геморрой), бутта, ички органдарда, алтургай, жыныстык органдарда да кездешет. Жыныстык органда кездешкен түрүнө эркектердин варикоцеле оорусун мисал кылсак болот. Антсе да буттун варикозу менен көпчүлүк адамдар оорурун айта кетели. Эмесе, сөз буттун варикоз оорусу тууралуу болмокчу.
Буттун варикозунун белгилери:
Варикоз оорусунун келип чыгуу себептери
Буга көбүнчө аялдар кез келишет. Мисалы, этек кирлери келээрде көпчүлүгү буттарынын оорутканын сезишет. Мындан тышкары аял кош бойлуу кезинде вена кан тамырларында өзгөрүүлөр болот да, төрөттөн соң калыбына келет. Кээлеринде болсо кээ бир себептерден улам калыбына келбей, биротоло калып калышы да күтүлөт. Варикоздо гормондордун өзгөрүшүнүн айынан аялдар төрөттөн эрте калып да калышат.
ДАРЫЛООКонсервативдүү дарылоо
Бул атайын багытта чыгарылган трикотаж кийимдерди: колготки, байпакты кийүү; дары-дармекти кабыл алуу; дарылык багыттагы физкультура менен машыгуу. Дарыларды кабыл алуу менен катар аталган кийимдерди туура кийип жүрсө, төрөттөн кийин кеңейип кеткен веналар калыбына келет же алардын саны азаят.
Хирургиялык дарылоо
Склеротерапия. Дарт чалган вена иштен чыгып, кан соо тамырлар аркылуу ага баштайт. Склеротерапияда ошондой иштен чыккан веналар атайын аппараттын жардамы менен алынып салынат. Бул жумасына бир жолудан жасалат. Мындай ыкма менен дарт чалган веналардан толук кутулуу убактысы оорунун формасына жараша болот.
Флебоэктомия. Наркоз же жергиликтүү анестезия менен операция жасоо аркылуу оорудан кутултуу.
Варикозду алдын алууга карата кеңештер
Даярдаган Канымжан Усупбекова