БИШКЕК-ОШ ЖОЛУНДАГЫ ТОННЕЛДИН АБАЛЫ НАЧАР

Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кезектеги текшерүүдөн кийин Бишкек-Ош жолундагы тоннелдин абалы начар экендигин маалымдашты. Алардын айтымында, тоннель жарык менен толук камсыздалган эмес. Бүгүнкү күнгө карата 39 чырак иштен чыгып, жарабай калганы анык болду. Байкоо жүргүзүүчү 10 камера иштеп жатканы менен, караңгыда адамдар эмес, унаалар араң көрүнөт. Мындан сырткары желдеткичтер жетишсиз, тоннелдин ичи чаңга толуп калууда.
Мына ушундай көйгөйлөр тууралуу Жайыл райондук Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери Чыңгыз Мураталиев кабарлады. Ал белгилегендей, 2000-жылы чоң жүк ташуучу унаа тоннелдин ичинде бузулуп калып, чыккан газдан артта токтоп турган унааларда отургандар ууланып, 6 адам көз жумган. Бул окуядан кийин гана тоннелге желдеткичтер коюлган. Белгилей кетсек, тоннель аркылуу өтүү үчүн төлөнүп жаткан каражат бул объектини камсыз кылып турган негизги булак болуп эсептелет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
adilxx
2012-09-10 10:28:24
janyna dagy bir tunnel salynywy kerek , uwundai rasmerdegi , owondo en jakwy bolot ele
0
tilek88.88kg
2012-09-11 12:15:09
дагы 6 адам газга ууланып каза болгондо коет окшойт ошону алдын ала карап текшербейби Ош Бишкекке дайыма каттайбыз башка жол жок чондор неле кылып жатат ушуларды карабай адамдын нерфине кана тийесинерда
0
AFRODITA-89
2012-09-11 23:26:48
ошентип айтып эле койбой коркунучтуу жерлерин ондоп тузоп койсо жакшы болмок
0
Bakyt.shutov
2012-09-12 20:08:39
Эки чон камаз батабы?же бир жагы токтоп турабы?
0
tilekbek
2012-09-12 22:27:22
Bakyt.shutov, светофор бар ха ха ха 1 жагына жашыл 1 жагына кызыл
0
Rayimberdi
2012-09-15 08:53:25
Bizdin chondor chontegin tolturbay joldordu tuneldi jaksi kilip ondop koyboybuken???!!!
0
№ 514, 7-13-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан