СААНЧЫ КЕЛИН МЕНЕН АШТОО ИЧИНДЕ

Анда союздун кези эле. Мен сов­хоздогу фермада ветеринар болуп иштээр элем.
Бир күнү кечке маал бир уйдун буту аксап, баспай калыптыр дешкендеринен фермага жөнөдүм. Барсам, кечки саан аяктап, саанчылар четинен үйлөрүнө кетип жатыптыр. Ооруп жаткан уйду көздөй баратып узун бойлуу, бели бир тутам, көздөрү ботонукундай жайнаган бейтааныш келинге кез келдим. Келинди көргөндө жаш балача сүрдөп кеттим. Өзүмдү колго алып, ага таанышып алалы дегенимче эле ал: “Сиз ветеринарсызбы? Буту сынган уй менин карамагымдагы уй” деп калды. Ошол бойдон мен унчукпай уйдун бутун дарылаганга кириштим. Бирок, келин ачыктык кылып, мен уйду карап бүткөнчө эле экөөбүз таанышып, сүйлөшүп кеттик. Ачык сүйлөп, жагымдуу каткырыгы менен жүрөктү кытыгылаган келин мага башкача жагып калды. Эркекмин да, оюмдун баарын эптеп аны менен бир болуу ээлеп алды.
Мен ишимди бүткөнчө ал жерде келин экөөбүздөн башка эч ким калган жок. Чогуу эшик жакка басканыбызда анын белинен кантип кучактаганымды сезбей да калдым. Бирок, ал каршылык көрсөтпөй кайра мага ыктап, назик колдору менен мойнума асыла калды. Ошол калыбыбызда бир аз тиктешип турдук. Анан чыдабай анын алкымынан жыттадым. Моюндарынан өпкүлөп отуруп, акырындык менен эриндеримди анын эриндерине тийгиздим. Экөөбүз жаш кыз-жигиттей чапталыштык да калдык. Анан халатынын топчуларын чече баштадым. Эми келинди колума шап көтөрүп, жатканга ылайыктуу орун таппай, акыры уйлардын акырына салынган силостун үстүнө жаткыздым. Акыр тар болгондуктан ага кыймылдаганга ыңгайсыз болуп калды окшойт, кыймылдабай жатып калды. Халатын тез чечип ыргытып, денесин аймалап кирдим. Денеси аппак, мүчөсү келишкен келинди канча өпкүлөп, жыттасам да тойбой жаттым. Торсойгон мамактарынын учун акырын тиштегилеп, анан жаш балача сордум эле келин жагымдуу кыңкыстай баштады. Анан менин ыргагым менен бирге кыймылдоого өттү. Ыңгайсыз жерде жатканына карабай өзүнүн төшөктө бир топ тажрыйбалуу экенин көрсөттү. Акырдын тарына, силостун жытына карабай ошол күнү келин экөөбүз башкача кумарга батып, бөлүнүшө албай араң коштошконбуз.

Бекен

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
andarak
2012-05-31 23:26:35
союз убагында мындайларга тыюуу салган дейтко кантип силер секисанама жасадынар
+5
baxa1980
2012-07-03 09:49:42
балык башынан сасып келген
+3
baha.
2012-07-15 20:20:41
илгери биздин кыз келиндер ыймандуу болгон деп бизден улуулар айтып калат анан ушинтип абиирлери ачылатта.
+15
bok2012
2012-12-21 13:45:51
негизи туура эмес ар биринде аялыбыз барда кандай болот анан
0
chirakbek.86
2013-03-07 18:34:39
калп айтат десе кантип айта берсин
-2
chirakbek.86
2013-03-07 18:35:56
мечтать этип алып эле кантип айта берсин унчукпай эле жатып бергени жакты.
+3
Bektash
2013-04-30 18:53:25
такыр кызыгы жок ангеме
+2
guzu77777
2013-07-20 19:43:44
Ошончо малды караган кароолчу каяка кетиптир эле?!

+4
kairat8787
2014-08-23 13:06:28
жакшы окшошпой калыптыр
+1
Kairatbek-2011
2015-02-17 16:33:03
Ордокту да уча турган жерде учурсанар
+1
Abad
2015-12-18 01:31:07
эми саанчы кундо малды бутун сындырат
0
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан