Учурда жаштардын табитиндеги ырларды жаратып, клиптерди тартып, аты эл оозуна алынып калган жаш ырчы Нурмат Садыров биздин “Бойдоктор бурчу” рубрикабызда.
– Салам, Нурмат, сен алгачкы жолу конок болуп келип жаткандыктан, кепти өзүң тууралуу тааныштыруудан башта...
– Саламатсыздарбы, чакырганыңыздарга абдан кубанычтамын. Мен 1988-жылы Токтогулдун Торкен деген айылында туулуп-өскөм. Апам – мугалим, атам чарба жумуштары менен алектенет. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсүмүн. Кичүү болгондуктан, үйдүн эркеси, айылдын эң популярдуу тентек балдарынан болчумун. Айылдаштарым мени “флягага түшүп кеткен бала” деп таанышат. Анткени экинчи классымда флягага түшүп, оозун жаап, ичинен кыйкырып байкемди коркутайын деген элем. Тиземди бүгүп флягага түшүп, кайра чыгалбай калсам болобу. Ошол жерден бакырып ыйлап жибердим. Байкем кошуналарды чакырып, темир кескич менен кесишип, мени араң чыгарышкан. Айыл кичинекей болгонгобу, сөз бат тарайт эмеспи. Апама “балаңыз тамдан кулап, фляганын ичине кирип кетиптир” деген сөз жетиптир. Апам жумушун таштап чуркап келген. Ошол фляга азыр да бар, апамдар "кийин балдарыңа көрсөтөбүз" деп калышат.
– Ырчылык талантың канча жашыңда ачылган?
– Төрөлгөндө эле ырдап түшкөм дебейимби. Ооба, тээ Алиппе майрамынан баштап ырдаганым эсимде. Мектеп аралык музыкалык сынактарга дайыма катышкандыктан, үйдө дипломдор толтура. 4-класстан тартып комуз ийримине катышып, үйрөнгөм. Сыймык Бейшекеевдин “Биз таланттарды издейбиз” сынагында 4-орунду алгам.
– Кимдин ырлары менен өстүң?
– Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиевдер ал кезде бизге Майкл Жексондой эле болчу да. Ушул агалардын ыры менен чоңойдук.
– Сахнага кантип чыгып калдың анан?
– Ырчы болом дегениме акыркы күндөрү туугандарым ишенбей деле калган, "качан ырчы болосуң?" дешип. Кафеде иштеп жүргөн кезде Ильич аттуу бала менен “Асылзат” деген ырды ырдап чыкканбыз, “жалгызым, жамалым, жаркыным, келчи мага” деген ритмикалуу ыр бар эмес беле. Бирок андан кийин бир топ тыныгуу болуп кетти.
– “Сүйгөн жүрөк” ырыңдын клибинде “Мыкты жигиттер” фильминдеги Чжи Хуга окшошуп алыптыр” деген сөз тараган эле, атайылап окшоштуңбу?
– Жок, анда бул фильм чыга элек болчу да. Бирок корей стили модада эле. Клипти тарткан режиссёр "корей стилинде кийинбейсиңби" деп сунуштаганынан улам бул идея чыккан.
– Той-кечелерге барганда кыздар тийишеби?
– Жок, мен ырдагандан кийин гана “аа, сен ырчысыңбы?” деп таанышып же телефон номеримди алып калышат. Мындайча айтканда, ырдабай туруп мага жаккан кыз менен таанышуу кыйыныраак.
– Сенин табитиңдеги кыздарды билсек болобу?
– Эң башкысы, кыздар жароокер, жылдыздуу болсо. Анан мага түнкү клубдарды байырлаган кыздар жага бербейт. Мени менен дос катары жакшы, жылуу сүйлөшүп, кайра тиякка барып, башкага да ошондой мамиле кылгандар жакпайт.
– Эмнеге?
– Билбейм, дос катары болсо да башкаларга мага кылгандай мамиле жасабай эле койсо. Досум болсо деле анын башка жигиттер менен кучакташып, эркелешип жүргөнүн көргүм келбейт. Же ал досу менен мен жокто сүйлөшүп, тамашалашса.
– Кызганчааксыңбы?
– Ооба.
– Cыртыңдан сылык, жумшак, назик экенсиң... Кокусунан "көгүштөр" тийишип калган учурлар болбойбу?
– Жок, Кудай сактасын. Андай адамдар менин чөйрөмдө жок. Алардан өзүмдү алыс тутканга аракет кылам, кадимкидей жийиркенем.
– Биздин www.super.kg сайтында өзүңдүн клиптериңе карата жазылган комментарийлерди окуйсуңбу?
– Ооба, баарын окуп чыгам. Көбүнчө менин ыр-клиптериме жакшы комментарийлер жазылат. Анан аягында эле бир-экөө сындап жазып койсо, анын алдына колдонуучулардын “ушинтип сындагандан көрө өзүң ошондой болуп албайсыңбы” деген билдирүүсүн окуп алып сүйүнүп калам, менин таламымды да талашкан күйөрмандарым бар экен деп.
Лунара Бекиева
star@super.kg