«ЫСЫК-КӨЛ БЕРМЕТИНДЕ ЫЙЛАГАНДАР ДА, ЖЫРГАГАНДАР ДА БОЛДУ»

Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрында 8-9-сентябрда «Ысык-Көл бермети-2012» аталышындагы эл аралык сынак болуп өттү. Ага 3 өлкөнүн өнөрпоздору катышты. Сынак алгачкы жолу болуп жатканына карабастан кызыктуу өттү.

ҮЧ ӨЛКӨНҮН ТАЛАНТТАРЫ ӨНӨРҮН КӨРГӨЗҮШТҮ
Адатта концерт болот деген күнү театрдын алдына мышык жөргөлөп өткүс эл чогулчу эле. Бирок бул жолу эл аралык сынак экендигине карабай, көрөрмандардын саны аз болду. Башта берилген маалыматтар боюнча, сынакка 6 өлкөдөн 6 жаштан 30 жашка чейинки таланттар катышмак. Иш жүзүнө келгенде сынакка үч гана мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Орусиянын өнөр ээлери келип, жалпы катышуучулардын саны 18ге жетти. Сынак эки категорияда: эстрадалык вокал жана хореография багытында болуп, катышуучулар жаш өзгөчөлүгү боюнча бөлүштүрүлдү. Хореография боюнча 12 жашка чейинки улан-кыздар, эстрадалык вокалда 16-30 жаштагылар ат салышты. Анан да катышуучулардын көбүн мотурайган бөбөктөр түзгөндүгү кубантты.
Бул фестивалда калыстар тобун КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Анарбек Ибраев жетектеди. Андан тышкары “Босторгой” сынагынын директору Карлыгаш Абдыкаримова, КРнын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер Рафаэль Сарлыков, “Славян базары” сынагынын өкүлү Антонина Сальникова, Казакстан Республикасынын белгилүү композитору Максат Жаутиков, эл аралык сынактын лауреаты Силима Абдылдаевалар калыстар тобун толукташты.

КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ, КАЗАКТЫН КЕЛИНИ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ
Таймаш кызуу жүрүп, акыры эки күн тынбай ат салышкан катышуучулардын арасынан жеңүүчүлөр табылды. Мыкты даярдыгы, башкалардан айырмаланган таланты менен эстрадалык вокал тармагында баш байгеге Казакстандан келген Айчүрөк Сулайманова ээ болуп, 35 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка арзыды. Айчүрөк биз менен кубанычын тең бөлүшө кетти.
– Өзүм кыргыздын кызы, казактын келини болом. Ошол себептен эки тилде тең ырдоону чечкем. Негизи, сынакта жеңүү эмес, катышуу дагы маанилүү деп коюшат го, менде андай эмес. Катыштымбы, демек, жеңишим керек. Бардык уюштуруучуларга, калыстарга жана, албетте, көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирем.

ЭСТРАДАЛЫК ВОКАЛ БОЮНЧА 16-30 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ КАТЫШУУЧУЛАР АРАСЫНАН
1-орун. Чолушова Ажара жана Дайырбаев Серикбол 25 миң сом менен сыйланышты.
2-орун. Адилет Азимов 20 миң сом жана казакстандык композитор Максат Жаутиковдон бир ыр белекке илинди.
3-орун. Эч кимге ыйгарылган жок.

12 жашка чейинки катышуучулар арасында
1-орун Орусиядан келген Иващенко Матвей жана Казакстандан келген Венера Сагиге берилди.
2-орун Рахметола Каринага берилди.
3-орун жердешибиз Айылчиева Айымжанга буюрду.

Хореография боюнча 16-30 жашка чейинки катышуучуларда
1-орун Дурсунова Виолеттага,
2-орун “Азия Нур” бийчилер ансамблине буюруп, диплом жана статуэткалар ыйгарылды.

12 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн арасынан
1-орунду Зухраб Бейшекеев ээледи.
2-орунду “Назгүл” бийчилер тобу,
3-орунду “Көл бермети” элдик бий ансамбли ээледи.

СЫНАКТАН КИЙИН
Айрымдар жеңишин жууп жетине албай жүрүшсө, утулгандар калыстарга нааразы. Мындан улам айрым катышуучуларды кепке тарттык. Эстрадалык вокал боюнча 2-орунду ээлеген Адилет Азимов:
– Калыстар тобунун чечимине караманча каршымын дебейм. Бирок бир аз туура эмес болуп калды окшойт. Чоң масштабдуу “Ысык-Көл-2012” фестивалында дал ушул ыр менен, ушундай эле аткарып 2-орунду алгам. Анда атаандаштар көп болчу. Бул жерде өтө өзгөчөлөнгөн талантты көрө алган жокмун. Кийинки сынакта биринчини алармын деген үмүттөмүн.
Хореография жаатында үчүнчү орунду ээлеген “Көл бермети” элдик бий ансамбли: “Караколдо эмес, Түркияда болгон сынактарда баш байгелерге арзып келгенбиз. Калыстар туура эмес баалап коюшту”,- деп нааразычылыктарын билдиришти.


Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
RIO
2012-09-17 21:46:27
Баракелди! Ушул конкурс керемет Ыссык-Колдо башталып,жыл сайын Кыргызстандын ар кайсы аймактарында отоору кубандырды!
0
Ysykataarashan
2012-09-18 20:30:35
Анарбек ибраевсиз конкурс отпой калганбы?
0
Ysykataarashan
2012-09-18 20:33:12
Озу ырдай албайт анан торага эле боло берет. Мыкты музыканттар коп го Бегалиев, Турапов, Чырмаш Торобеков мин эсе жакшы ырдайт Ибраевге караганда.
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан