Мерген Турган: «ТООКТОРУМДУ ЫРЧЫЛАРДЫН АТЫНАН АТАП АЛГАМ»

Өзгөчө стили, сахнадагы жүрүм-туруму жана, албетте, ырчылыктан тышкары пародиядагы өзгөчө таланты менен элдин көңүл борборунан түшпөгөн Мерген Турган менен сыр чечиштик. Мерген мырза бала чагын, күтүрөгөн жаштык кезин жана жалпы эле чыгармачылыгы менен жеке жашоосун төкпөй-чачпай бирде кайгырып, бирде каткырып айтып отурду.

“САХНАЛАШ ДОСТОРУМА КАПАМЫН”
Мерген Турган ооруканага жатып, операция жасатканына аз эле убакыт болду. Баарлашууну ушул жаатта баштадык. “Адам качан гана башына оор күн түшкөндө кимдин ким экендигин билет экенбиз. Чыгармачылыкта бир туугандай болуп калган досторумдун бири да телефон чалып, ден соолукту сурап койгонго жарабады. Силер гезитке жазгандан кийин гана бир-экөө чалышты. Эгер алар ооруп калса, мен жок дегенде картошка кууруп алып чуркап бармакмын. Бир кезде абдан ынак достордон элек. Ал кезде эч кимибиздин үйүбүз, байлыгыбыз жок. Орус кемпирлердин үйлөрүндө батирде турсак да, ортобузда бекем ынтымак бар болчу. Азыр баары жетиштүү, бирок ынтымак жок, достук жок. Ошондуктан сахналаш досторума капамын”,- деп ырчы бир кезде колтукташып жүргөн сахналаштарына таарынып алды. Мындай мамиле – көрө албастык, манчыркануу, ичи тардыктан келип чыгарын кошумчалады.

“МЕНИН ЭЧ КИМГЕ КЕРЕГИМ ЖОК ОКШОЙТ”
Ырчы, пародист болуп калганына Мерген мырза бир чети кубанса, бир чети өкүнүп да кетет. Өзүнүн айтуусуна караганда, ал артист болбогондо мал доктур, ашпозчу же модельер болмок. Мындай ойго курчалганына ушул күнгө чейин наам ала албагандыгы түрткү болуптур. “Акыркы кезде мен үйүрдөн бөлүнгөн күлүктөй болуп эле калдым. Эч кимге керегим деле жок окшойт. Майрамдык телеберүүлөргө чакыруу албайм, барсам да кээде четке сүрүлүп калам. Жыл сайын Эгемендүүлүк күнүнө арналган концертке катышууну канчалык каалабайын, чакырылбайм. Быйыл да ошол. Чакыруу күткөм. Демек, үстүдөгү бир адамдарга мен жакпайт окшойм. Мени менен тең ата сахнага келгендер Эл артисттикти алышты, а мен дагы деле жүрөм. Мени казактарга берип койдуңар, мен бул жакта элемин го?! Кээде “сахнага чыгып алып, ары-бери секирип
маймыл боло беремби?” деп зээним кейийт. Бирок эл мага мурун эле Эл артисттикти берип койгон. Ошого каниет кылам
”,- дейт чыгармачылыгы тууралуу.

ФИЛАРМОНИЯДАН АЙДАЛЫП КЕТЕ ЖАЗДАП...
Мерген Турган бала чагында эле артист болом дечү. Атасы уулунун бул тилегине каршы чыгып, мектепти аяктагандан кийин Нарындагы эт комбинатка иштетип коёт. Анын кызматы – союлган койлордун башы. Мээсин өзүнчө, тилин өзүнчө алып, айтор, башты бөлүп-жаруу боюнча адис. Бирок дээринен ырчылыкка ыктаган Мерген шаардагы театрды айланчыктай баштайт. Акыры бир күнү “театрга солист керек” дегенди угуп, комбинатта туруп эттин жагымсыз жыты сиңип калган кийимдерин кийип, атырдан куюнуп алып театрга келип, сынактан өтүп кетет. Көп өтпөй аны аскерге алып кетишет. Эки жылдан кийин кайтып келген соң гана атасы “ээ, балам, кичине бышып келет десем, ошол эле бойдон экенсиң. Сен эң оор жолду тандадың. Алдагы узун чачыңдын айынан сага кыйын болот, чыда” деп сахнага аттанган уулуна батасын берет.
Ошентип, Мергенбек Ырысалиев деген ат менен Марат Алыбаев жетектеген “Таазим” тобунда узун чачтуу, секирип бийлеген, жылтыраган өзгөчө кийим кийген бир жигит пайда болот. Бирок филармониянын жетекчилиги “жаштарга терс таасир берет” деп аны жумуштан кетирмекчи болушат. Ошентсе да бул топтун концерттерине эл агылып келе баштайт. 3 күнгө белгиленген концерт элдин суранычы менен 5 күнгө уланып, ырчыны иштен кетирүү чечими өзгөрөт. Эми ошол ырчы чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата күз айларында жеке концертин берүүгө камынууда.

“ТАЛАНТТЫ БААЛАГАНДЫН ОРДУНА "КЫЗГА ОКШОШ" ДЕП ШЫЛДЫҢДАШАТ”
Каарманыбыздын “мен мыкты ырчымын. Талантым бар” дегенинин себеби, ал кимди гана туурап ырдабасын, анын үнү менен жандуу аткарат. “Алла Пугачёва, Верка Сердючка, София Ротару, Николай Басковдун үнү эмне деген үн? Ар бирин так өзүндөй ырдай алам. Бул бизде менден башка эч кимдин колунан келбейт. Куудулдардын баарын Дыңкы жеңенин ролу менен жеңип алгам. Бирок бири да мени көрө алган жок. Концерттерине чакырбай коюшту. Анан талантты баалагандын ордуна “кызга окшош” деп
шылдыңдагандары эле мен
” дейт ырчы. Бирок “Тамашоудо” өзүн тамашалаганга уруксат бергендигин айта кетти.

“ТАБИЯТ ЭКЕН, ООБА, КЫЗГА ОКШОШМУН. ЭМНЕ БОЛУПТУР?”
Мерген Турган өзүнүн мүнөзү тууралуу айта отуруп “мен күчтүү адаммын. Менин ордумда башка бирөө болгондо качан эле асынып өлмөк” деп калды. “Менин чачыма, турган турпатыма, сулуу жүзүмө карап кызга окшоштуруп, анын артынан эмне деген гана ушактарды айтышпады. Бир күнү кызга окшош деди, бир күнү гей деди, дагы бир күнү аракеч, баңги деп чыгышты. Кызы да, келини да, гейи да, башкасы да тийишкен күндөр болду. Баарын жеңдим. Адам деген ар башкабыз да, бирибиз арык, бирибиз толук, бирибиз орой болсок, бирибиз назикпиз. Бул табият экен, ооба, кызга окшошмун. Эмне болуптур? Кудайга шүгүр, балалуумун. Эч ким мага күлбөсүн, "күлгөнгө күлө жетем" деген сөз бар” дейт ырчы. Анан да келбети жагынан эле эмес, үй тиричилиги жактан да анча-мынча кыз-келиндерди алдына салбасын кошумчалады. “Мен 11 бир туугандын алтынчысымын. Улуу үч эжем турмушка чыгып кеткенден кийин үйдөгү түйшүктүн баары апама калды. Боорум ооруп, ага жардам бере берчүмүн. Менден кийинки эки иним “шыпыргы кармасак кыз болуп калабыз” дешет. Үй жыйнайм, кир жууйм, тамак жасайм. Сыртка чыгып мал жайгарам. Айтор, иштин баарын мен бүтүрөм. Кыскасы, бала чагымдан эле үй иштерине бышып бүткөм”.

"ҮЙДӨ КӨГҮЧКӨН БАГАМ"
Мерген Турган учурда жер тамда жашаарын айтты. "Үйдө 15 тоогум бар. Ар бирин ырчылардын атынан атап алгам. Каркуша (Алина), Чуня (Айчүрөк), Жаныбек жана башка. Алар чалып тооктордун акыбалын сурап турушат. Тооктордун арасында Мерген деген да корозум бар эле, жакында союп салдык. Андан тышкары үйдө көгүчкөн багам.
Үй-бүлөдө Ханрат деген балакайдын атасымын. Башында пародия аткаруу үчүн айымдардын кийимин кийип, боёнуп алсам балам коркуп, менден кача берчү, азыр тескерисинче, Алла Пугачёва, София Ротару же Верка Сердючка ырдап жатса, “бул менин атам” деп калат. Ырдаганды жакшы көрөт. Бирок баламдын ырчы болушун таптакыр каалабайм. Ырчылык – түйшүгү көп кесип. Жубайым Жылдыз – казак элинин кызы. Мүнөзү абдан токтоо, таза, тыкан. Болгону бир аз жайыраак кыймылдайт. Ылдамдыгы 60тан ашпайт (күлүп)" деп ырчы үй-бүлөсү тууралуу жылмаюу менен айтып берди.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мерген Турган: "Менин эч кимге керегим жок окшойт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
milli
2012-09-18 22:52:31
talanttu, unu sonun, anan "ayaldardyn" roldorun ezip atkarat da, oshondoy kulku tartuulaganynyzga yraazy bolush kerek. Bar bolunuz!!!
+3
Lollipop
2012-09-19 00:02:22
Арманыгызды аябай токконсуз го:).Эмгекти эл баалайт,ийгилик!
+3
konya
2012-09-19 01:40:37
Мерген Россияда же башка олкодо жаралганда эчак "Эл артисти" деген наам берилмек да. Эмне кыл дейсиз сиз биздин ан сезимибиз жетпеген иш аткарып журсонуз. Бирок сиз келечекте эн биринчи деген жаны агымдын башаты болорунузга ишенем. Сизге ийгилик!, ишинизди уланта бериниз
+4
AGAT
2012-09-19 09:20:45
IUB - 10 күнгө банга!
Сайтта адепсиз, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, анын абийирине, кадыр- баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
-1
Asel-Alisa
2012-09-19 10:15:07
Кандай адам башка адамдарды туурайт м:(Алланы,София,Верка) ага кандай талант керек, сиз чыныгы таланттуусуз сизге чоон ырахмат,бизге жакшы маанай тартууланызга, ар дайым биз менен болунуз!!!
+3
Mir83
2012-09-19 18:04:39
Эн сонун таланттуу адам.Сиз кайгырбаныз сизге ийгилик жар болсун.
+2
MiraHon
2012-09-19 20:20:47
Mergen baike chyn ele buttarynyz sonun eken..men ushundai bytty idealnyo dep oiloim....vo oooo..sizdin yrlarynyz menen chonoigom..ununuz sooonun..kyzyl tazyl jaryk dep ele koroodo yrdap kalchy elek...
+1
ANASA
2012-09-20 00:39:01
Э азыр баары сатыб алыб жатбайбы?Талантты барлар бул жакта калыб.Таарынбаныз Мерген аке баары 5 болот.устудогулор билбесе эл билет,сиздин талантынызды.Бир жолу кыргызстан обондоруна да келиб атканско мага эчнерсе бербей жатат деб.эми бериб калар газетаны окуб калышса.сизге ден-соолук,бактылуу болунуз,эч качан кайгырбаныз.
+2
shirin27
2012-09-21 00:13:29
Kudayim den sooluk bersin uy buloonuzgo Jana ozunuzgo. Bul jashoo miltfilim otup ele ketebiz anan ele topurakpiz. Kapa bolboy az kunduk omurdo iymanduu otup jashaniz. Bashkasi eeeeeeee.........
+1
taalaigul
2012-09-22 09:51:56
Ишинизге ийгилик,сиз таланттуусуз!
+1
asj.88
2012-09-24 00:31:18
мерген байке молодецсиз!!!алга!!!сиз элдин журогундосуз мен кичинекей кезди эстегенде ак бантик байлап чачыма деген ыр саптап мн эске тушот ...айсулуу кандай деген ырлар
+1
kani95
2012-09-27 01:37:01
Mergen baike voooobwe en jakwy adamdardyn birin4isi da, zigde uzun omur den soluk kalaim, vy suuuuuuuper
0
bemakg
2012-09-30 00:04:03
m daaa 4ynynda jurogu taza adam ekeni korunup turat.e4 nersege kapa bolbonuz.ui-bulonuz mn aman bolunuz!!!!!!!!!!!!!
0
benka80
2012-10-11 09:07:56
Мерген байке капа болбонуз нарын жергеси сизди колдойт азыр заман бузулду дейбиз адамдар бузулду ошон учун эл артистимин деп эсептей бериниз элиниз берген
0
citylife_x2
2013-04-30 16:10:31
Ошол И.Жунусовго да ишенген кишилер барбы?Дейги ал эмнени билет,убагында жонокой эле ырдаган ырчы эмес беле?Эми креслого отуруп алып кыйын озунчо эле,Мерген байке адамдар ар башка,тек гана унутпаныз сизди колдогон бир канча адамдар бар экенин.Алга!!!
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан