ШААРДЫКТАРДЫН КӨЙГӨЙҮН КИМ ЧЕЧЕТ?

11-сентябрь күнү Нарын шаарынын Городок аймагынын тургундары эки жаат болуп чырдашышты. Бул аймактын борборунда жайгашкан бош жерлерге кээ бир тургундар мыйзамсыз гараждарды, сарайларды салып, ал тургай мал да багып келишкен. Табылды Арабаев бул тууралуу: “Мыйзамсыз салынган гараждарды бузуп, балдарга футболдук аянтча курулсун. Биздин үйгө чейин малдын сасык жыты келип, адамдар ары-бери өтө албай кыйналышат”,- деди.

Буга чейин Нарын облустук администрациясынын башчысы талашка түшкөн жерге футболдук аянтча куруп берүүгө убада кылган. Бирок губернатор колдогон ишти шаардык мэрия иш жүзүндө аткара албай жаткандыгын эл айтып чыкты. “Ошол жерге мыйзамдуу гаражды салгам” деген шаар тургуну Жолдошбек Акматов: “Мен гаражымды бузбайм. Качан гана элдин баары алганда мен да алам. Гараж стандарттуу эле салынган. Буза турган болушса, менин кеткен чыгымдарымды төлөп беришсин!”- деди. Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Суранов гараж курулган жерлердин алдында суу түтүктөрү жайгашкандыктан, футбол аянтын курууга болбостугун айтып, ал эми мал сарай боюнча укук коргоо органдарынан жана техникалык инспекциядан комиссия түзүлүп, текшерилген соң кайрадан жолугушуу өткөрө тургандыгын билдирди.


naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан