ТАР ИЧ-КИЙИМ-ООРУНУН СЕБЕПКЕРИ

  • Тар трусалар варикоз оорусу барлар үчүн коркунучтуу. Анткени, мындай труса жамбашты бекем кысат. Ошондуктан, ал жерде кан көп топтолуп, варикоз оорусунун күчөшүнө алып келет.
  • Синтетикалык тар ич кийим жука чурай, жамбаштагы температураны жогорулатат. Бул бактериялык инфекциялардын топтолуусуна алып келип, натыйжасында сезгенүүнү жаратат.
    Мындан тышкары тар ич кийимдин мырзаларга жана айымдарга тийгизген зыяндары боюнча өзүнчө бөлүп көрсөтөбүз.

Айымдарга

  • Айымдарга өзгөчө синтетикалык ич кийимдердин зыяны чоң. Алар төмөндөгүлөр:
    Мындай ич кийимдер денени кычыштырып, кээ бир оорулардын өнүгүп кетүүсүн шарттайт. Мисалы, дисбактериоз, гарднереллез, молочницанын. Ошондуктан, мындай оорулардан дарыланып жүргөндөр таптакыр кийбөөсү керек. Денсоолугу тазалар аптасына 2 ирет кийсе болот.
  • Эл “карандаш” деп атап коюучу стринг трусалардын зыяны да болуп көрбө­гөндөй. Анткени, тасмадай ичке мата сырткы жыныс мүчөлөлөргө сүрүлө берип, анча сезиле бербеген жаракатты пайда кылат. Анан ал жерде инфекция пайда болуп, ал табарсыкты сезгентет. Сезгенүү болсо циститке жеткизет.
    Ошондуктан, стрингдерди көп кийүүгө болбойт.
  • Тар ич кийимден жамбашта кан көп топтолуп, натыйжада, жатындын жана трубалардын сезгенүүсүн жаратат. Натыйжасы тукумсуздукка алып келүүсү да мүмкүн.

Мырзаларга

  • Илимде эркектин тар ич кийими простатитке (урук чыктагыч безинин оорусу) алып келээри далилденген. Мындай коркунучка кабылбоо үчүн кененирээк ич кийим кийүү талапка ылайык. Кенен ич кийим модадан чыкканы менен денсоолук модадан чыкпай турганын эске алуу зарыл.
  • Тар ич ки­йимден ал жердеги дене бөлүгүндө температура жогорулайт. Ысык болсо жумурткаларга таасир берип, уруктуктун аз иштелип чы­гуусуна алып келет.


АНЕМИЯ, РАХИТКЕ... ЖУМУРТКА КАБЫГЫ ДАРЫ

Жумуртка кабыгы – организмге эң керектүү кальцийдин булагы. Өзгөчө экологиясы таза аймактарда жашаган жапайы куштардын жумурткасы баалуу.
Кальцийдин жетишсиздиги денсоолукка чоң зыянын тийгизет. Организминде кальций жетишпеген аялдардын жатын булчуңдары алсызданат да, төрөө кыйынга турат. Балдарда болсо рахит менен тиштердин туура эмес өсүүсүнө алып келет. Булардан тышкары кальцийдин жетишсиздиги аз кандуулукка (анемия), суукка бат-бат урунууга, аллергияга, ооздун учугуна жана башкаларга кабылууга жеткирет.
Организми кальцийди талап кылган адамдар бор, топурак жана башкаларды жешет. Булардын организмде сиңүүсү кыйындык жаратат. Ал эми буларга караганда жумуртка кабыгы оңой сиңирилет. Жумуртка кабыгынын курамы фтор, жез, темир, марганец, молибден, фосфор, цинк жана башкалар болуп 27 элементтен турат. Ошондуктан, жумуртка кабыгы сыныктын эрте бүтөлүүсү, жүрөктүн жакшы иштешине салымын кошуп, анемиядан, рахиттен, аллергиядан жана башка оорулардан кутулта алат. Ушул себептүү жумуртканын кабыгын жаратылыштын белеги катары кабыл алып, пайдалануу зарыл.

ЖУМУРТКА КАБЫГЫН ДАЯРДОО

Жумурканын кабыгын чогултуп, жакшылап кургатуу керек. Анан порошоктой кылып майдалап алса, колдонууга даяр. Эрте менен быштак же боткого аздан кошуп жесе пайдасы чоң.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ilyamyrza
2012-11-25 04:42:10
рахмат
0
zoro21
2012-11-25 08:19:32
дааа рахмат,))жакшы болбодубу эми
0
ShumkarSamara
2013-10-21 08:50:19
Саламатсыздарбы?магазин,базардагы жумурткалардын да кабыгын пайдаланса болобу?же алар зыянбы?
0
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан