Жакында эле Ош шаарында мыйзамсыз түрдө шампунь чыгарган кытайлык жаран кармалган эле. Андан көп өтпөй Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шаардын Исанов көчөсүндө жайгашкан «Турбаза» эс алуу комплексинде мыйзамсыз түрдө тосол чыгарган кытайлык жарандар кармалды. Алар 1968-жылы туулган атасы менен 1990-жылы туулган уулу болгон. Ал жерден тосол жасоочу суюктук, бөтөлкө жасоочу аппарат, «тосол-антифриз» деген жазуусу бар желим бөтөлкөлөр, жана Орусиянын Тюмень шаарында жасалган «Антифриз» деген 2 түрдүү этикеткалар табылган.
«Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат»,- дейт Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков.