Жылмаюу – адамдын көркү. Ал эми жылмаюу жагымдуу болуш үчүн акактай тизилген тиштер керек. Кандайдыр бир себептерден улам тишиңиз бузулуп, бул жагдай сизди кабатыр кылып жатса, анда бул макала сиз үчүн. Жарым-жартылай жабыркаган тишти калыбына келтирүү боюнча «Адмира» стоматологиялык борборунун врач-стоматологу Амангелди Токтоналиевди кепке тарттык. – Өз маалында врачка кайрылбагандыктан жана туура кам көрбөгөндүктүн натыйжасында тиш бузулат. Кырсыктап тиштерин сындырып алган бейтаптар да келишет. Эмалы жана тиштин тамыры жабыркап, бирок тиштин кандайдыр бир бөлүгү бар болсо, кошумчалоо ыкмасын колдонуу менен тишти калыбына келтирүүгө мүмкүн. Ал үчүн:
1. Алгач тиштин каналдары дарыланат. 2. Атайын металлдан (же металл-керамикадан) тиштин жарымынан бир аз бийигирээк өзөкчө жасап алуу абзел. Өзөкчөлөр бир каналдуу (маңдайкы тиштерге) жана үч каналдуу (азуу тиштерге) болуп экиге бөлүнөт.
3. Андан соң тиштин формасын аныктоо үчүн силикон материалы жабыштырылат.
4. Алынган форма техниктерге жиберилет. Ал жактан кобальт жана хром эритмесинен калыпка ылайык кошумча тиш жасалып, кайра клиникага алынып келинет.
5. Кошумча тиш атайын цемент менен тиштин каналына отургузулат.
6. 2-3 күндөн кийин кошумча тишке металл-керамика же башка металлдан жасалган коронка кийгизилип, тиш өзүнүн алгачкы калыбына келет.
КОШУМЧАЛООНУН ЖАКШЫ ЖАКТАРЫ:
•Жанындагы тиштерге эч кандай зыян келтирбейт.
•Кобальт менен хром эритмеси кычкылданбайт. Ошол себептен организмге эч кандай зыяны жок.
•Бүйлө жапа чекпейт.
•Өтө бекем жана өз тиштен айырмаланбайт.
•Кам көрүүдө өзгөчө талаптын кереги жок. Катардагы эле тиш болуп калат.
• Эң негизгиси, тиштин өмүрүн узартат. Андыктан тишти дароо суурутуп салууга же башка ыкма менен калыбына келтирүүгө шашылбаңыздар.
Кошумчалоонун баасы – 1500 сом + коронка.
Металл-керамикадан жасалган коронка – 2000-3000 сом.
Жөнөкөй коронка (болоттон жасалган) – 650 сом.
Салтанат Мукасова
densooluk@super.kg