МАЛ ЖОГОЛДУ. АРКАСЫНАН ИЗДЕГЕНДЕР КАМАКТА

Түп районуна караштуу Түп айылынан 26 баш бодо мал жоголуп кеткен. Анын аркасында «мал ээлери казак жергесинде камакта» деген сөз облуска тарап, жергиликтүү калктын көңүл чордонунда дал ушул маселе.

«МЫЙЗАМСЫЗ ЧЕК АРАДАН ӨТТҮ ДЕП КАМАП КОЮШТУ»
Түп айылынын тургундары Бактыбек Чокоев жана Жолдошбек Бегимбаев жайкысын айылдагы элдин малын жыйнап, жайлоого чыгышчу. Күз жакындап, малды өз ээлерине кайтарып беребиз деп турганда, август айында 26 баш уй жоголуп кеткен. Жоголгон малды издеп кеткендер Казакстандын Кеген районунда камакка алынгандары айкын болду. Камактагы малчылардын бир туугандары окуя тууралуу мындай дешет.

Кеңешбек,
малчы Жолдошбек Бегимбаевдин агасы:
– Иним Жолдошбек көп жылдан бери Каркыра жайлоосуна жакын жайгашкан Каба-Булак деген жерде айылдагы элдин малын кайтарчу. Буга чейин эч кандай мал жоготуу болбой, элдин малын түгөл ээсине кайтарып берип жүргөндүгүн билип, биздин да санаабыз тынч болчу. 26-август күнү ал багып жүргөн мал жоголуп кеткенин угуп калдым. Жайлоодон, айыл ичинен издеп таба алышпай, жакын жайгашкан Казакстандын чек арасынан издөөгө аттанышкан. Бир-эки күн өтүп, инимдин дайыны чыкпай калгандыктан, издей баштадык. Сураштырып отуруп, акыры казак чек ара кызматкерлери инимди камап салыптыр деп уктук.
Негизи, Казакстандын чек арасы бекем курчалган эмес. Болгону, тегерете тумбаларды коюп белгилеп коюшкан. Алар мал издеп жүрүп байкабай өтүп кетишсе керек. Аны түшүнүшпөй, «мыйзамсыз чек араны бузуп кирди» деп камап салышыптыр. Киши өлтүрүп, ууру кылгандар эркиндикте жүрүшсө, мал издегендер камакта жаткандыгына ичиң ачышат. Жардам сурап Түп райондук ИИБине, акимчиликке, депутаттарга кайрылдык. Бирок алар «Казакстандан жооп күтүп жатабыз» дешкен, азырынча эч кандай майнап чыкпай жатат.
Инимден кабар албаганыбызга 20 күндөн ашты. Деги өзүлөрү аман-сообу, кайда, эмне тамак жеп жатышат болду экен деп бушайман болуп турабыз. Күнүгө малы жоголгондор үйгө келип жатышат. Эми аларга малын кантип кайтарып беребиз, билбейм.

Таалайбек Чокоев, малчы Бактыбек Чокоевдин агасы:
– Бактыбектин мал багып келе жатканына 30 жылдын жүзү болду. Быйыл үйлөнөм деп анча-мынча мал чогултуп кеткен. Анан эле ушундай окуя болуп кетти. Мал жоголду, малчыны камашты. Жакында эле айылдык Эркин деген жигит инимдин ал-абалын билүү үчүн барса, жанына жолотпой коюшуптур.

Мындан улам казак чек арасын өз көзү менен көрүп келген Эркин Шабиевге байланыштык:
– Жоголгон малдын арасында менин да малым бар болчу. Бир чети малыма карасам, экинчи жагынан малчы досторума карап казак чек арасына барууну чечкем. Окуя болгондон 20 күн өткөн соң Казакстандын чек арасына барып, Кеген райондук ИИБинин жетекчисине жолуксам, алар Казакстан улуттук коопсуздук комитетинин карамагында экендигин айтышты. Ошентип, эч нерсе чыгара албай кайтып келдим.

«БУЛ ЖАКТА ЧООЧУН ТОРПОКТОР ЖҮРӨТ...»
Эркиндин бул сөзүнөн кийин жолубузду улай Түп РИИБинин жетекчиси, милициянын полковниги Темир Кожоевди сөзгө тарттык:
– Түп районунда чек ара маселеси боюнча катталган бул биринчи факт. Угушубузга караганда, мал издеп жүргөндөргө чек ара тараптан бир аксакал кезигип, «бул жакта чоочун торпоктор жүрөт...» деп айтыптыр. Ошондон улам чек араны бузуп, өтүп кетишиптир. Бирок аларга чек ара кызматкерлери «уруксат берген учурда гана кирип, малыңарды издеп чыгасыңар» деп эскертишкен. Алар уруксат бергенче күтпөй, анан кармалып калышыптыр. Сот чечим кабыл алып, чечим күчүнө кирсе, 2 айлык сот менен чыгат деп айтылууда. Ал кандай негизде экендигин азырынча так айта албайбыз. Бул маселе чек ара кызматы аркылуу гана чечилет,- деп сөзүн жыйынтыктады.

Малын жоготуп бир күйсө, кайра өздөрү камалып эки күйгөн адамдардын абалын андан ары да изилдеп көрөлү деп чечтик. Кийинки сапар Каракол шаарында жайгашкан аскер бөлүгүнө болду. 2028-аскер бөлүгүнүн саркери Кубат Жээнбаевге кайрылдык.
– Малчылар сиздерге кайрылды беле?
– 26-август күнү Түп айылынын тургундары 3-августта 26 баш уй жоготуп, 4өө табылып, 22 баш уй табылбай жаткандыгын айтып бизге кайрылышкан. Биз Казакстандын чек ара кызматына «мал жоготтук, силердин жерден карап берүүңүздөрдү суранабыз» деп кат жөнөткөнбүз. Ал эми малын жоготкондорго «биз силерге бул жактан жардам беребиз, силер Кыргызстандын ичинен издегиле, бирок Казакстанга өтпөңүздөр» деп эскертүү бергенбиз. Алар макулдугун берип кетишкен.
– Казак чек ара кызматкерлери дагы кабар берген чыгар...
– Ооба, 29-августта казак чек арачыларынан «Кыргызстандын эки жараны кармалды. Документтери жок экен. Бизге жарандыгын тактап бергиле» деген билдирүү түштү. Биз кат аркылуу аларга жарандыгын далилдеп кат жөнөткөнбүз. 5-сентябрда ушул маселе тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, биз ал жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшкөндө алар чек арадан билип туруп өткөндүгү тууралуу түшүнүк кат жазып беришкендиги маалым болду. Эгерде «чек араны байкабай өтүп кеттик» деп жазышкан болсо, жеңилдиктер болмок.
– Эми кырдаал кандай чечилет?
– Азыркы учурда тергөө иштери болуп жатат. Биз дагы колдон келишинче жардам кылабыз. Эми алар Казакстандын мыйзамына ылайык өз жазасын алышат.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
balia
2012-10-01 12:14:27
ии байкуштар аман эле кайтышсын!
0
Jamalym
2012-10-01 19:02:06
Карапайым адамдар да булар да мал жоготуп жаны тынбай издеп жоношкон.Бир аз абайлашса болмок экен.Мандай тери менен адал акча таап иштеп жатса.Аллах жардам берип жакшы чечим чыкса экен эми.
0
asdf
2012-10-03 13:55:15
Дагы эле биздин окмот жалдырап Казактардын козун карашат.Карапайым элдерибиз булар эле эмес канчаларын казактардын кордугун коруп журушот.
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан