ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

Үй-бүлөнүн куштун канатындай жайлуу, тынч кечи болчу. Бегимай тамак даярдап жатып үн салды.
– Мурат, тамак даяр, уулуңду ала кел.
Алар кечиккенинен уулунун бөлмөсүнө кирип, Мурат менен баласы күрөшүп ойноп жатышканын көрүп бактылуу жылмайып алды.
– Силер – менин бактымсыңар!- деди күлүмсүрөп.
– А сен – биздин ханышабызсың. Айтчы, уулум, апаң биздин сулуубуз, ээ?- деди Мурат шайдоот үн сала.
Чын дилинен айткан бул сөздөр мурункудай Бегимайдын жүрөгүн жылытпады, тескерисинче, өзүн күнөөлүү сезип, көзүн ала качты. Мурат босогодо жөлөнүп турган Бегимайдын көздөрүнөн өөп, анан колундагы Аскаттын көзүнөн өптү.
– Апаңдын көзүн сага салып койгон да.
Эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Узак чырылдаган коңгуроодон жүрөгү зырп эткен Бегимай эшикти коркуп карап алды. Азирет! Дал ушинтип эшик ачылмайынча колун албай тура берген адаты бар эле. Дароо ошол экенин сезди.
– Ким бул? Сен бирөөнү күтүп жаттың беле?
– Жок, эч кимди күтпөгөм. Азыр ачам.
Эшикти ачкан Бегимай шалдая түштү. Колунда бир кучак гүл, эч нерсе болбогондой жадырай жылмайган Азирет турган экен.
– Кайырлуу кеч!
– Сенби? Сен...
– Мен!
– Азирет, суранам кет!
– Кеч эми, көзүмө көрүнбөшүң керек эле. Мен иштей албай калдым. Тамак иче албайм, уктай албайм, көз алдымда турасың...
Ушул учурда Мурат чыга келди. Анын таң калган көздөрүн тиктеп аялынын жүрөгү шуулдап жатты.
– Азирет Аскарович?! Сиз...
– Саламатсыңбы, Мурат? Бема, мени күйөө бала менен тааныштырасыңбы же өзүм тааныша берейинби?- деди Азирет.
– Азирет... бул биздин...– Биз эски тааныштарданбыз. Үйлөнүү тоюңарда болгонубуз менен, бул кыз бизди тааныштырып койгусу келбеди. Кийин сен биздин компанияда иштеп калган экенсиң, Бегимай экөөбүз жолугуп калдык. Чынбы, Бема?
– Ооба, Азиретти биздин үйгө мен чакыргам, Мурат. Бирок бизге айтпай чукул келип каларын билбепмин.
– Анда эмне босогодо турабыз? Кириңиз...
– Бул сага!
Гүлдөрдү колуна алган Бегимайдын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөгөнүн айт. Өзүн канчалык колго алайын десе да болбой колдору калтырап, вазаны араң тапты.
Ал эми кичинекей Аскатка чакыртпай келген конок өзгөчө жакты. Жанына барып, бакырая тиктеп күлүмсүрөп койду да, быйтыйган колдорун суна берди.
– Биздин уулубуз!- деди Мурат уулун сыймыктана тиктеп. – Конок келгенин жакшы көрөт.
– Менин да кызым бар. Аты – Айданек. Аны сага тааныштырам,- деди балакайдын башынан сылаган Азирет.
Аттиң, өзүнүкү экенин билбей туруп ушинтип айтты. Бегимайдын өңүнө окшош экенин гана байкап, жылмайышы өзүнүкү экенин билбеди.
– Кут болсун! Сонун уулуңар бар экен. Бир аз чоңойсоң, менин кызым менен чогуу ойноп каласың. Баса, биздин үйгө да конок болуп кеткиле. Мен эле эмес, аялым Алина да Бегимайдын жакын курбусу.
– Билбептирмин. Бегимай айткан эмес.
– Биз, эркектер, мындай нерселерге көп маани бербейбиз. Мисалы, силердин уулдуу болгонуңарды аялымдан уктум.
– Азирет, чайга кара...
– Аа, чайбы...
Азирет чыныдагы чайдан ууртап отуруп, айланасын бир карап алды. Таза, тыкан, ашыкча эч нерсеси жок, жарык ашкана экен. Мына ушундай бакытты каалаган эле. Бегимай жасагантамакты жеп, анын колунан чай ичип, ал төрөгөн баланын атасы болууну ушунчалык каалаган. Үй-бүлөлүк бакыт деп ушуну элестетчү. Азыр өзүнө эмне жетишпей жатканын, кандай күч алып учуруп жанын кыйнап жатканын түшүндү. Ал Бегимайдын жанынан гана тынч алмак. Ушунун баары аныкы болуш керек эле. Жүрөгү кысылып, башына кан тээп чыкты. Келгенине да өкүнүп кетти.
– Азирет Аскарович, айттырбай келип калыпсыз. Биз конок күткөнгө даяр эмес элек. Мен сыртка чыгып... Коньякпы же?..
Бегимайдын көздөрү алайып кетти.
– Азирет машина айдап жүрсө керек. Анын үстүнө Алина экөөнү чогуу чакырабыз. Ошондо сыйлайлы.
– Күйөө бала сыйлагысы келип жатса, менин каршылыгым жок...- деди Азирет күлүмсүрөй.
Мурат Бегимайды эркелете тиктеп алып чыгып кетти. Ал чыгып кеткенден кийин экөө бир азга унчукпай отуруп калышты.
– Азирет, бул эмне кылганың?
– Менден качканың жаныма батып кетти. Качпачы менден...
Бегимай коркуп кетти. Бир аз жанында дагы отурса... Ордунан туруп баратканда Азирет эки аттап жетти да, каруудан алды. Көздөрүнө тиктей берди.
– Эсиңе кел!
– Мен эсимди жоготконума көп болду. Сагындым сени, ушунчалык сагындым. Болуптур, бир эле ирет жолугалы. Анан тынчыңды албайм. Сени менен сүйлөшкүм келет. Мендеги сезимдерди айтып албасам жарылып кетчүдөймүн...
– Менин үй-бүлөм бар, сенин дагы... Эми эмнеге жолугабыз? Эки жандын убалы бар. Азирет, кыйнабачы... Менин кыйналганымды өзүмдөн жакшы билген адам жок. Эми гана жаным жай алып келе жатат. Суранам, жашоомо киришпечи...
Азирет эч нерсени укпады, кайда, кимдин үйүндө турганын да унутуп калды. Бегимайды кучагына кысып:
– Мени эч нерсе токтото албайт эми.
– Коё бер, Азирет.
– Жолугам дечи...
– Макул, азыр коё бер,- деди айласы кеткен Бегимай.
Азирет энтиге отуруп калды. Ортолорунда экөөнү алмак-салмак тиктеген кичинекей Аскат, дубалда сааттын чыкылдаганы... Мурат келип, бир аз отурган соң Азирет кеткенге камынды.
– Дагы жолугабыз, күйөө бала, карындашымды өзүм куттуктап коёюн деп эле шашылыш келип калгам.
– Экөөңдүн тааныш экениңерди билген эмесмин. Эми, Кудай буюрса, жолугушуп турабыз.
Бегимай эшик жабылар менен оор үшкүрүп алды.
– Кызык, тааныш экениңерди өткөндө эмнеге айткан жоксуң?
– Унутуп калыпмын.
– Өзү келгенине караганда жөнөкөй тааныштык эмес го дейм,- деди Мурат кызгана.
– Мурат!
– Жок, жаным, сенден шектенбедим. Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем. Бирок күтүүсүз келгени кызык болду.
– Аскаттын уйкусу келип жатат. Мен баланы уктатайын...
– Мейлиң, жаным...
Аялынын аркасынан үнсүз караган Мурат ойго чөктү. Бегимай ошол түндү уйкусуз өткөрдү. Көзүнөн аккан жаш жаздыкка тамып жатты. Карегинен жалын чачыраган Азирет, анын сөздөрү... Ошол сезим өзүндө жокпу? Өзүнүн да сагынганы калппы? Канча жыл алыста жүрдү, кубалады ошол сезимди. Бирок... Эми эмне болот? Мурат эмне болот? Мураттын сезимин, ишенимин кантип сындыра алат? Түнү менен ойлонду. Туюкка капталган аркардай жан далбастап, бул капкандан кантип чыгып кетүүнүн амалын ойлоп таң атырды.

ххх

Аскардын абалы күндөн күнгө начарлоодо. Мариям колунан келген нерсенин баарын кылат. Анан да таптакыр көгөрүп ооруканага жаткысы келбей койду. «Мени өлүмдөн алып калчу адам маңдайымда турат. Сенден бир аз алыстасам, дароо өлүп калам, байбиче. Үйдөн эле өзүң билгендей дарыла» деп кол шилтеп койгон. Азирет дендароо абалы менен атасынын абалын да байкабады.
– Ази, атаң катуу ооруп жатат.
– Эртең менен жакшы эле көрүндү го.
– Билбейм, уулум, коркуп жатам. Такыр алы калбай калды. Өзүнүн да жашоо менен күрөшкүсү жок.
– Азыр кайда?
– Айтпады. Бирок уулуна кетти окшойт.
«Уулуна кетти!» Ушул сөз баары үчүн оор эле. Атасы көп учурда үйүндөгүлөргө айтпай Аскаттын мүрзөсүнө жөнөп кетчү.
– Азыр мен аркасынан барам.
– Жалгыз эмес, айдоочу менен кеткен.
– Ошентсе да, апа, сиз кабатыр болбоңуз.
Азирет машинасын көздөй жөнөй берди. Күмбөздөн тагдырдын дагы бир чоң сыноосу күтүп турганын эч ким билген эмес...

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Jaigz
2012-10-01 17:05:45
эми не болот десенер, кичине кошкулачы дагы супер сураныч...
0
Sherik200992
2012-10-01 18:25:48
Жомокко тимеле. Жакшы чыгарма экен.
0
Argymak
2012-10-01 18:40:29
Эх Бема Бема сен кайда журосун.
Коргонго аяабай сени зармын да.
Ошол сени карагатай каапкара козунду.
0
nelli
2012-10-01 19:23:08
е-мое дагы 1 жума. Ушу чыгарманы кутом деп омурум отуп кетет окшойт гооо
0
asyl
2012-10-01 21:15:34
"кумбоздон тагдырдын дагы бир чон сыноосу кутуп турганын билген эмес.".. аябай кызыктуу жерине келгенде бутуп калды го е мое.
0
operaledi
2012-10-01 22:59:49
Менин оюмча Бема да кумбозго барып, Аскат менен суйлошуп аткан жерине, атасы да Азирет да кубо болушат окшойт
0
toha
2012-10-02 01:56:15
Дагы бир жума карып кетет окшойбуз куто берип оптом эле жазып койгулачы журокту сыкпай.
0
koky85
2012-10-02 04:11:38
чын е......
0
Chynyshka
2012-10-02 12:28:56
кызыктууууу жерине келди да качан балдарын чонойтот экен???? Беманын уулу Азиретин кызын жакшы коруп калса керек.анан Бема каршы болот ошондо сыр ачылса керек.
0
nazarova_89.28
2012-10-02 13:34:06
кобуроктооон эле жазыныздарчы сураныч.
+2
Ashurova-gulida
2012-10-02 22:33:49
ех кандай нерсе кутуп жатты юолду екен а!
0
Tynka
2012-10-05 15:57:45
Бул ото жакшы чыгарма экен, китебин саттыка эртерээк чыгарса, жумалап кутпой сатып алып окуп таштайт элем.
0
Krabs
2012-10-06 01:07:08
Аскатты ким, кантип, эмне учун олтургонун жазып коесуздарбы? Сураныч. Окубай калыпмын.
0
Krabs
2012-10-06 01:07:57
Аскатты ким, кантип, эмне учун олтургон?
0
Sherik200992
2012-10-08 06:45:51
Архивте чыгарма башынан баштап бар.
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан