ТУУГАНДАРЫН АЧЫККА ЧЫГАРУУГА ДЕПУТАТТАР КАРШЫ

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште «Туугандык байланыштарды ачыкка чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору көтөрүлгөн. Мыйзамдын максаты – мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктердин туугандык байланыштарын ачыкка чыгаруу. Жашырып койгондорго атайын айып салына турганы да айтылган. Адегенде депутаттар арасында талкууга коюлуп, кубаттаганы да, «бул мыйзамдын өтө деле зарылчылыгы жок» деп каршы чыккандары да болду. Сыягы, тууганы көптөр былыктарынын билинип калышынан чочулашты. Ошону менен мыйзам долбоорунун тагдыры ары же бери чечилбей жым болгон. Мыйзамдын демилгечиси, депутат Дастан Бекешевге кайрылсак: «Мыйзам депутаттардын талкуусуна коюлуп, ага сын-пикирлер айтылды. Эл өкүлдөрүнүн 50 пайызы колдоп, 50 пайызы каршы болушту. Эми анын тагдыры добуш берүүдө чечилет»,- дейт. Талкууда эл өкүлдөрүнүн жарымы гана колдогон мыйзам, добуш берүүдө деле шыр өтүп кетиши арсар. Эгер өтсө, кайсы чоңдун тууган-туушканы кайсы кызматтардын «майын чыгара» иштеп жатканынан эл кабардар болуп турмак.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Argymak
2012-10-01 12:14:59
Aytsanar bolmok eken. Jashyrbay ele. Bekitip olturbay. Kop eken 50 payyz bolso jarymy ele tuuganyn alyp bargan go.
0
ulutbek
2012-10-01 22:02:31
ушул депутат азиз болсо да мага эч жакпайт!!!
0
Nurzada-5
2012-10-04 10:07:39
Бул мыйзам ишке ашпайт
0
Asul
2012-10-04 19:29:34
Мисалы: жөнөкөй эле бир мекеменин директорунун ак үйдө же көк үйдө болобу, бир таанышы бар. Колдоочусу бар болгон үчүн, баштары иштебесе да, креслолорду жылытып отурушат.
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан