БИШКЕКТИН ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ ДИНАРА АКУЛОВАНЫ ЫРДАТПАЙ КОЮШТУ

«25-сентябрда Бишкек шаарынын 134 жылдык майрамын куттуктап, кыргыздын сахна жылдыздары жана «Город 312» тобу борбор калаада концерт берди. Майрамдык концерт шаңдуу өтүп жаткан кезде сахна артында ырчылар нааразы болчу окуя болуптур. «Шаардын вице-мэри Вячеслав Красиенко чакырылган ырчыларды «сен ырдайсың, сен ырдабайсың» деп иргеп, Эмгек сиңирген артист Динара Акулованы, «Non-Stop» дуэтин, «Тумар КР» бий тобун сахнага чыгарбай коюптур» деген кептер концерттин эртеси эле интернет булактарына чагылгандай тез тарады. Бул маалыматты ырчылардан тактоого аракет жасадык.

Динара Акулова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Кезегибизди күтүп турганбыз. Анан эле программада жок бир топ ырчылар чыгып ырдап, убакытты созуп туруп алышты. Кезек мага жетерде шаарыбыздын мэри Иса Өмүркулов чыгып сөз сүйлөп, анан «Город 312» тобун чакырды. Ырдабай калган ырчылар «коноктордун концерти канчага созулат?» деп сураганыбызда «бир жарым саат» деп жооп беришкенинен күтүп отурган жокмун, кетип калдым. Бул концертте жалгыз мен эле эмес, жанымда турган көптөгөн ырчылар ырдабай калышты.

«Non-Stop» дуэтинин продюсери Алексей Сидоров:
– Бизди чакырышканынан даярданып барганбыз. Программа боюнча, «Non-Stop» дуэти «Город 312» тобунун алдында «Кыргызстаным» ыры менен чыкмак. Бирок уюштуруучулар абдан көп ырчыларды чакырып алышып, кээ бирлерине убакыт жетпей калды. Жергиликтүү ырчылар саат 19:45ке чейин ырдап бүтүшү керек экен. Мындай мамилеге таарындык. Бирок эмне кылмак элек? Уюштуруучулар кечирим сурашты. Биз түшүнүүгө аракет кылдык.

Бишкек шаардык мэриясынын Маданият башкармалыгынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов:
– Ырчыларды «Кыргызстан Обондору» менен «Европа +» радиолору чакырышкан. Убакытка карабай көп ырчы чакырып алышыптыр. Ошол себептүү эрте келген ырчылар ырдап, кечирээк келгендери ырдабай калышты.

Бул жооптордон улам радиолор арасындагы тирешүүлөр мамлекеттик деңгээлдеги концерттерге өз таасирин тийгизет деген ойдо калдык. Анткени мааракеде ырдабай калган «Non-Stop» дуэтине «Тумар» радиосунун жетекчиси продюсерлик кылат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Myrza_Kaiyr
2012-10-03 13:26:56
Бул жон гана уюштуруучулардын орусча айтканда "отмазкасы"... же шалаакылыгы же иштегенди билишпейт...
0
bakutboy
2012-10-03 21:52:26
Кыргыздар кыраан куштайбыз
Эмнеге асманга учпайбыз
Билесинби кыргыздардын амалын
Бирин бири кыркып турат канатын
+1
bopos
2012-10-06 17:43:20
bakutboy, аябай туура айта кетиптирсин сага 50 эмес 100%кошулат элем.
0
Delicacy
2012-10-04 12:46:20
Мм жаман болуптур айе. Озу биз уюштуруучулук жагынан чабалбыз. Анан кенебестигибиз 40 атка жук болотда.
0
asemkiz
2012-10-04 15:19:07
мм жаман болгон туура
0
Meris
2012-10-04 17:14:30
Динара эже Сизди сыйлайбыз. Уюштуруучлук, адаттагыдай контроль, тартип жок.Озун басып барбагын чакыргандан калбагын дегендей- чакырган сон аз болсо да убакыт беришкерек болчу. Кеп 1 номерде эмес конулдо-созго турбаычылк алдамчылыкта. Азыр коп концертте баарын атап жазып чакырып алып - жарымынын кобу жок. Кээ бир адам 1 жылда 1 жалгыз оз жактырган ырчысы учун убакыт, акча коротуп ошол концертке барат. Кутсо ал да жок, эмки концерттерге толго салдырып барыш керекпи эми-
0
Asul
2012-10-04 18:39:12
Уюштуруучулар деп өздөрү жарым саат сүйлөп туруп алышат. Кичине кыскача сүйлөсө, баарына жетмек, көп болсо бир ыр 4-5 мүнөт убакытты алат. Эми ушуну кеп кылып, башка сөз жок калгансып. Мында ырдабаса, кийинкисинде ырдайт. Кайда барса аттын кашкасындай белгилүү эмеспи Динара эжебиз. Эл кулачын жайып тосуп алышат.
0
maha_zum
2012-10-04 20:28:10
daa taaringanday ele bolgon eken ...emne kılsın alpbaruuchunun shalaakılıgı da
0
ded
2012-10-04 22:05:42
Эч нерсе эмес болуп турат.чындыгында куноо уюштуруучуларда. кечирип сураптырго .кийинкисинде биринчи силер ырдайсынар.
0
ulutbek
2012-10-06 13:53:05
ded, болуп турат турмушта,особенно кыргызда дегин.
0
Aziku007
2012-10-06 14:36:20
Динара эже капа болбонуз!Сиз элдин адамысыз баарыбыз эле билебиз.Алар убакыт жетпей калды дебей эле коюшсун!
0
Bakin
2012-10-06 15:28:18
Динара эже сыймыктанып сыйлыйбыз,
сахна кенчи сиздин ырды ырдайбыз.
Аруу максат,ак тилекте жаралсын
Келечектин адамысыз чамданыз!!!
0
NukeBrat
2012-10-06 22:04:24
asemkiz жазат десе эле, тамтандап жаза бербеш керек да. Динара Акулова ойдо турат Айчуроктон
0
dinaro4ka
2012-10-07 00:09:54
Урматтуу кыргыз калкым! Коро албастынарды качан койосунар, кудайдын алдында баарыбыз бирдейбиз.
0
Erlasha_88
2012-10-07 00:41:17
чын журоктон бааарибир
0
tuigan.
2012-10-07 12:16:39
керек болсо динара эжебиз 1 чи ырдаш керек болчу болбогон маниси жок жаш ырчылардан коро уюштуруучулар жумушун билбегендиги деп ойлойм
0
benka80
2012-10-11 08:50:51
вице мер дейби алар ырчыларды коюп башка маселени чечсе боло сен ырда сен ырдаба дебей тобоо
0
№ 517, 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан