ГҮЛЖИГИТ КЫЗДАРДЫН КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА
«Евразия жылдызы» аталган Гүлжигит Калыков алгачкы ирет түштүк жергесине концерт коюп барганы камынып жатат. Ал 2-3-4-октябрда Ошто, 5-октябрда Жалал-Абадда күйөрмандары менен жүз көрүшөт. Албетте, ырчы жигиттин күйөрмандары анын бир гана чыгармачылыгына кызыкдар болбостон, жеке жашоосун да көз жаздымда калтырышпайт. Дегенибиз, бул аптанын башында Гүлжигиттин Нурмат Садыровдун «Жүрөгүм» аттуу ырынын клибине тартылган Элвира аттуу сулуу менен өбүшүп турган жана ал кыз экөөнүн бала көтөрүп түшкөн сүрөттөрү интернет булактарына жүктөлүп, сүрөттүү видео интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынды. «Гүлжигит үйлөнгөн, баласы бар» дегендер да бар. Муну ырчы эмне деп түшүндүрөт, сүрөттөгү кыз эмне жооп узатат, кызыгып көрдүк.
Канат Култаев, Гүлжигит Калыковдун продюсери:
– Бул жерде таң калычтуу деле нерсе жок. Ал катардагы эле кыздардын пиар видеосу деп ойлойм. Азыркы кезде Гүлжигиттин артынан бул эки кыз гана эмес, миңдеген, он миңдеген кыздар чуркап жүрүшөт. Ал сүрөттү интернетке жүктөп, балким, мактангысы келгендир?.. Кыздардын мындай кадамга барганы – Гүлжигитти сыйлабаганы. Өбүшүп жаткан сүрөт боюнча, жөн гана учурашып же достору менен ойноп жатса керек. Эгер чындап эле өбүшсө, анда сүрөткө тарткан үчүнчү адам болмок эмес да... Мисалы, мен башка бирөөнүн көзүнчө өбүшмөк эмесмин.
Элвира Жумалиевага кайрылганыбызда, алгач:
«Видеону мен жасаган эмесмин. Интернетке аны Сымбат деген бир кыз жүктөптүр. Бирок ал кыздын өзүн таппай жатабыз. Гүлжигит экөөбүздүн мамилебиз тууралуу эч нерсе айта албайм. Кыз-жигит эмес болсок, жөнү жок эле андай сүрөттөргө түшө бербейт болушубуз керек...»- деген.
Анан ойлондубу, балким, ырчы жигит экөө акылдаштыбы, кайра чалып «Гүлжигит экөөбүз доспуз. Курбу кызым төрөгөндө аны көргөнү чогуу барып, анын баласын көтөрүп ушул сүрөткө түшүп калганбыз. Экөөбүздүн балабыз жок, кыз-жигит эмеспиз. Өбүшүп турган сүрөт боюнча, учурашып жатып эле ойноп түшүп койгонбуз» деген жооп узатты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Бул жон гана пиар го.Анткени ырчылар коомдон алыстап баратканда ушундай окуяларды атайылап ойлоп таап турушат экен.Бирок мен Гулжигитти сыйлайм, бул К.Култаевдин политикасы го.
Мен Гулжигитти сыйлайм. Ошондуктан мындай ушактарга ишенбейм.
Myndai bolushu mumkun emes! Bul 4yn ele piar vidio surottor. Guljigit myndai jolgo barbait. Guljigigitke ishenem!
Видеосун каерден кордунор айтып койгулачы магада,коруп койоюн.
Катардагы пиар себеби Гулжигит тартиптуу жигит элди алдабаса керек.
Либо супер инфо , либо Гуни врёт ) че за бред,,,
Danita, "Супер-Инфо" калп айтпай эле, бул жактагы сүрөттүү видеонун негизинде макала жазылып жатат. http://www.super.kg/media/?type=video&id=72507
Бирөөлөрдү дайынсыз каралабайбыз!
kechirecizder adaship jazip alipmin
oi baaaaaai, elder na dvore zima, davaite lu4she ob etom, 4e vy pod ih dudku plyashete?
Тимеле 10 миндеген кыздарды артынан чуркатып коюптур го,кызык кыздар кыларга иши жок Гулжигиттин артынан чуркап журушот бекен?Култаев да оозуна келгенин суйлой береби.Гулжигиттин баласы барбы жокпу биз ге не,эмнеге жаш баланы алдагансып калп айтышат,же оздорун ушундай эле бийик сезишеби?Адамдын гана нервине тийишет да!
Гулжигит озу жатаканада жашаса анда келинчеги да жатаканада жашап журобу, акылга сыйбаган нерсе
Август айында мен колдо жургом, Гулжигитти да коргом , бирок ал жандап кол кармашып жургон кыз такыр башка болчу,алар менен чогуу бийчи кыздар да жургон... Ошондуктан бул нерсеге ишенбейм)
а популярдулугунду ушундан бил ушак жон чыкпайт эл оозунда элек жок дейт
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт да достор
Кызы м.н аябай жарашып суротко тушуптур.