ТАРТЫШ ЗАМАНДЫН КУПКУУ БАЛДАРЫ

Бала төрөлүп, чоңоюп адам болушунда ден соолуктун ролу биринчи орунда. А балдарыбыздын оор илдет – рак оорусуна кабылып, тагдырдын оор сыноосуна туш келиши кандай кайгылуу. Коомчулугубуз, мамлекетибиз балдардын рак оорусу, анын ичинде ак кан (лейкемия) оорусу менен кандай күрөшүп жатканы тууралуу сөз кылабыз.

Кыргызстанда жаш балдар арасында өлүмгө алып келүүчү себептердин ичинен бөөдө кырсыктан кийинки 2-орунда рак оорулары турат. Бул ооруга чалдыккан балдардын саны жыл сайын 25 пайызга өсүп жатат. Жылына өлкөдө 200 бала рак оорусуна чалдыкса, анын 50-60ы ак кан оорусу болуп чыгат. Рак дарты жугуштуу оору эмес. Мунун пайда болушуна тез-тез вирустук илдеттерге кабылуу, экологиянын бузулушу, социалдык-экономикалык шарттар жана башкалар себеп болот.
Кыргызстандагы Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө 2001-жылга чейин ак кан дартына чалдыккан балдардын дээрлик бардыгы каза болуп калышчу. Ал эми азыркы кезде дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда ак кан оорусуна чалдыккан балдардын 70 пайызы айыгып кетишет. Мындай жетишкендик натыйжалуу усулдарды колдонуунун жана кымбат дары-дармектерди алып келишкен эл аралык уюмдардын жардамынын үзүрү аркасында мүмкүн болду.
Адистердин айтуусунда, рак оорулар тармагы эң көп каражат талап кылган медицинанын бөлүгү болуп эсептелет. Бир дагы өлкө бул дарт менен өз алдынча күрөшө албайт. Мисалы, ак канга кабылган 5 жашар бир баланы эки жыл бизде дарылоо үчүн 16 миң евро керектелет. Бул ооруну сөөктүн чучугун трансплантациялоо (көчүрүп салуу) жолу менен да дарылоого болот. Бирок мындай оор операциялар Орто Азияда жасалбайт, ал эми алыскы чет өлкөдө операциянын баасы 200 миң евро турат. Ушундай кыйынчылыктарга карабай, биздин доктурлар эл аралык уюмдар менен байланышып, 2003-жылдан бери 27 балага сөөктүн чучугун трансплантациялоо операциясын бекер жасатууга жетишишкен. 27 баланын Италияда жашап дарылануусуна, жол киресине, тамак-ашына жалпысынан 10 миллион евродон ашык каражат кеткен. Ал каражаттын баары “Лайф-Лайн” фонду, Италия өкмөтү аркылуу төлөнгөн. Фондго болсо каражат тарабынан демөөрчүлөр жана Италия футболчулары чоң көмөк көрсөтүшкөн. Аталган фонд Улуу Британия ханбийкеси Диана тарабынан Англияда негизделген. Азыркы кезде фондду Паул О`Горман жетектейт. Паул ак кан дартынын айынан баласын жоготкондон кийин өмүрүн ушул дарт менен күрөшүүгө арноону чечкен. Аттиң, бизде да ушундай боорукер адамдар, кайрымдуу фонддор көбүрөөк болсо, кандай сонун болмок.

Байзакова Дамира,
Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору:

«Оорулуулар көбүнчө түштүктөн келишет»

“Биздин бөлүм өлкө боюнча бирден-бир балдар онкологиясы бөлүмү болуп эсептелет. Акыркы кезде мындай илдеттердин көбөйүп жатышы экологиянын начарлашына, жаш келиндер боюнда бар кезинде болочоктогу баласына алдын-ала кам көрбөгөнүндө болуп жатат. Андан сырткары, тиричилик деп ата-энелер Орусиялап жүрүп, балдары медициналык кам көрүүдөн куру калгандыгы, кыз-келиндерибиздин тамеки чегип, ден соолугуна кайдыгер мамиле жасашкандары оорунун көбөйүшүнө алып келүүдө. Оорулуулар көбүнчө түштүктөн келишет. Анын себептерине төрөлүү санынын жогору болгондугу, пахта, тамеки талааларында иштеген кыздарыбыздын талаага чачылган химиялык заттарга аралаш иштеши, социалдык абалдын начар экендиги кирет. Ошондуктан кыз-келиндер үйбүлөнү пландоодо өз ден соолуктарына кам көрүшүп, кош бойлуу кезде болочок баласынын да ден соолугун ойлошсо, канды тез-тез текшертип турушса жакшы болмок. Боюнда бар кезинде да, баланы эмизүү кезинде да витаминдүү азыктар менен тамактанып, баланы өз убагында медициналык кароодон өткөзүп турушса, наристенин келечегине балта чапкан болушпайт эле.
Ал эми баланын бат эле алы кетип, башы ооруп, өңү, денеси купкуу боло баштаса, бул ак кан оорусунун белгилери болуп саналат. Муну жергиликтүү дарыгерлер бруцеллёз, ревматизм деп дарылай берген көрүнүштөр да бар. Бул оорунун өтүшүп кетишине алып келет. Тилекке каршы, оорусу өтүшүп кеткен балдар бизге келгенде дарылоо кыйынга туруп, каза болуп калышууда. Дарылоонун 5 пайызы мамлекет тарабынан, 5 пайызы ата-энелер тарабынан, ал эми 90 пайызы гуманитардык жардамдардын эсебинен каржыланат. Ошондуктан ата-энелер коркпой эле кандын гемоглобини түшүп, оорунун белгилери байкала баштаса, тезинен бизге алып келип текшертип алышса, ак кандын алдын алып калууга болот.
Ал эми балдардын рак ооруларын дарылоодо материалдык-техникалык каражаттарыбызды жакшыртуу максатында Италия өкмөтү бизге балдар ооруканасын салууга 6 миллион евро бөлүп бермей болду”.

Ак кандуулук (лей­кемия) – кандын өсүп жетиле элек ак кан денечелеринин (шишик клеткалар) сөөк чучугунда жана кемикте пайда бо­луп, ички органдарга тарашы. Шишик клеткаларынын көбөйүп, сөөк чучугун кыса башташы чучуктун жана кемиктин керектүү сандагы дени сак кан клеткаларын иштеп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн бузат. Жыйынтыгында ак кандуулук келип чыгат.

Бул бөлүмдө 2 айдан бери дарыланып жаткан 5 жаштагы Алира аттуу кыз апасы Орусияда иштеп жүргөндүктөн, медициналык кароодон өткөзүлбөй калган. Алира муздак суудан башка эч нерсе ичпей, эч тамак жебей, шалдырап калганда гана жакындары тынчсызданып башташкан. Жергиликтүү дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүп, туура диагноз коё алышкан эмес. Эмнегедир кыздын канынын гемоглобини 50 болуп калганын айтышпаган. Качан буттары көгөрө баштаганда гана доктурлар Бишкекти көздөй жөнөтүшкөн.
Азыр Алиранын бир көзү жакшы көрбөгөнү, оозу кичине кыйшайып калганы болбосо, абалы жакшы, тамак ичет. Апасынын “толук жакшы болуп кетет” деген үмүтү чоң.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 339, 1-7-май, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан