ИМАМДЫКТАН “ХИЗБУТ ТАХРИРЧИГЕ” АЙЛАНДЫБЫ?

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан 25-сентябрдан 28-октябрга чейин «Экстремист» деген аталыштагы операция жүргүзүлүүдө. Бул операция учурунда Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл өкмөтүнүн Таш-Булак айылынын тургуну Шүкүрбек Дуванаев кармалган.
Шектүү катары аталган айылда имам болуп эмгектенип жүргөн 38 жаштагы бул жарандын үйүн тинтүү маалында «Хизбут тахрир» диний- экстремисттик уюмуна таандык 3 даана баракча, 7 китеп, 1 дептер жана 1 видеокассета табылган.
Учурда Ш.Дуванаев Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында. Анын үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
rozaida
2012-10-09 18:42:56
Молдонун айтканын ук, бирок кылган ишин кайталаба.
0
uluk1982
2013-08-27 10:28:36
хизбутту укпай эле кой!
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан