СҮЗҮП КАЧЫП КЕТТИ

6-октябрда таңкы алтыларда Бишкек-Ош багытында бараткан Фольксваген Венто үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Новопавловка айылында 64 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун сүзүп кеткен. Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, жол кырсыгынын күнөөкөрү эс-учун билбей жаткан улгайып калган аялды унаасына салып шаардык ооруканага жеткирип, изин сууткан. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
ayildik_kiz
2012-10-15 09:41:37
Аял тируу бекен....
0
tachkomur
2012-10-15 13:43:16
ошондойго чамасы
0
djkaro
2012-10-15 19:55:48
ошол айдоочунун да жакындарынан бироону сузуп качып кеткенде билет
0
aisel
2012-10-16 08:12:52
Айдоочунун озун тез арада сузуп кетсин ошентип...
0
ilgez
2012-10-18 19:17:23
aisel,
Жакшы тилек , жарым ырыскы.
+1
baha_1406
2012-10-16 12:16:43
хотябы в больницу отвёз!!
+1
fanat.kg
2012-10-16 18:03:54
Шоферду да тушунуш керек, ал атайлап сузгон жокда. Бирок качпай эле койбоптур!
0
slim-312
2012-10-19 14:52:07
fanat.kg, атайлеп эле ким сузсун! абайлап айдоо керек, жол эрежеси деген ошон учун жазылган. эгер тиешелуу ылдамдык менен баратканда, токтогонго жетишмек. Же улгайган аял, чуркап чыга калды дейсинерби?!
+1
anteya
2012-10-20 02:16:51
slim-312,оюна кошулам,анан дагы жол эрежесин окубай туруп эле права сатып алгандар канча адамдардын убалына калшып жатышат.Сак болгула жоо жургондор да, айдоочулар да, АБАЙЛАГЫЛА!
0
ulutbek
2012-10-16 21:22:07
Э МЫНДАЙ СУЗУП КАЧЫП КЕТКЕНДЕР КЫРГЫЗСТАНДА кунуно жок дегенде 10-15 жолу болот.алардын 1% кармалат,калганы жазасыз эле калат.Милиция(гаи) милициядай эмес же бийлик бийликтей эмес.
+1
niko-nuku
2012-10-16 23:51:01
Качыптыр...Макул,бирок озунон кача албастыр.Кан деген кое бербейтко...
0
remma
2012-10-17 14:48:37
Dайынсыз уруп кеткендер деле кээде табылат эми кайсыл балница болсо фоторобот кылса эле табылат да жаш бала го
0
remma
2012-10-17 14:50:07
Машинасы белгилуу болгондон кийин табылат болсо керек
0
janarka
2012-10-19 04:01:20
kynyr ish kyrk jylda dechu bele
0
slim-312
2012-10-19 14:58:08
бир жолу мындай учурга кабылгам, менин алдымдагы бир машина, жаш кичинекей баланы, мектептин жанынан катуу келе жатып, сузуп алган. Ал окуучу баланы алып, машинесине салып айдап кеткен. Эми аны больницага алып баратканы тушунуктуу болгон да. Бирок эреже боюнча, ал озу алып барбай, тез жардам жана МАИ кызматкерлерин чакырышы зарыл болучу.
Ошондуктан, мен анын номерин эстеп калып, 102ге чалып койгом. Кийин угушум боюнча, ал баланы, 2-больницага жеткирип, озу, мен баланы жон эле таап алгам
0
AybaKG
2012-10-19 22:52:23
slim-312,
болницага алып барганыда жакшы, качып кеткенден коро, себеби кыргызстанда тез жардам чакырам деп званок кылсан бензин, же бензинге акча сурайт (башымдан откон), кыскасы алар келгиче иштин баары бутот, айдоочунун айыбы уруп кеттиден олтурду айыбына отот
0
fanat.kg
2012-10-21 18:13:28
slim-312, тез жардам келгич бала олуп калышы мункун эле. Билебиз тез жардам тез эмейле АКЫРЫН экенин
0
Narynbek
2012-10-20 02:49:22
Жок дегенде больницага алып барып коюптур!Ошого да рахмат.Калганы милициялардын иши.Изин суутпай издешсе!
0
Tartip
2012-10-20 16:03:34
Качкан да кууган да кудай дейт
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан