ӨРҮКТҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОД ИШТЕП БАШТАДЫ

Сүйүнчү!!! Өрүкзарлуу Баткендин эгемендикти алгандан бери кыялданып келген тилеги ишке ашты! Баткен облусунда кургатылган мөмөлөрдү кайра иштетүүчү завод иштеп баштады. Бул саамалык АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) каржылык көмөгү менен ишке ашырылып отурат. Ар биринин баасы 3 миллион сомду чапчыган 3
аппарат Түркиядан алынып келинди. Ушул тапта биринчилерден болуп Баткен шаарында (мурунку сүт заводунун базасында) өрүк кактарды кайра иштетүү кызуу жүрүүдө. Заводду Болот Абдылдаев менен Абдирашит Халмурзаев иштетишүүдө. Аталган жеке ишкерлердин долбоорун 2 жыл мурда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жактырып, колдоого алган эле. Бул тууралуу Болот мырза: “Эми баткендиктер кургатылган мөмөлөрүн Тажикстанга ташып убара болушпайт. Заводдо сырьёну тажиктер сатып алган баадан кымбат баада сатып алабыз. Келечекте мөмөлөрдөн шире чыгаруу жагын да жолго коймокчубуз”,- деп билдирди. Кошумчалай кетсек, Баткенден тышкары кургак мөмөлөрдү кайра иштетүүчү завод Кадамжай жана Жаңы-Жер айылында иштеп баштайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
prezent
2012-10-15 10:20:41
урааа!! Баткеним деп жар салам.Орукзар деп мактанам.башка облустарга караганда озуно бекем,тын,тынч жашаган калк.(т ф у) коз тийбесин.алгаа алгаа!бирок маданий жактан аксап келишет.Апаз Жайнаков драм театрды жайлап келе берген да,ошого.
0
Juma1303
2012-10-17 15:56:28
prezent созуно кошулам коз тийбесин..баткенге барбаганыма 5 жыл болду ..............
0
evgeniya
2012-10-25 03:56:08
Баткеним Алга!келечекте,Кыргызстанга чон салым кошот го!
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан