ЖОЛДУ ТЕЗ БҮТҮРҮҮ ҮЧҮН ТҮЛӨӨ ӨТКӨРҮЛДҮ

Нарын шаарынын башкы жолдору акыркы жылдарда четинен оңдолуп баштады. Учурда шаардын РТС аймагына 1 чакырым 783 метрлик жол кайрадан курулуп жатат. Аталган жол Нарындын 64-аймагынан РТСтин бурулушуна чейинки аралыкка созулат. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан шаарыбыздагы “СС Строй” ЖЧКсынын жетекчиси Жумагул Абыталиев буларды айтып берди:
– Быйылкы жылкы планга шаардын ичиндеги көчөлөргө жол куруу киргизилген. Бирок мамлекеттик бюджеттен акча кеч бөлүнүп, курулуш иштери да кеч башталып калды. План боюнча 30 миллион сомго 1 чакырым 530 метр аралыктагы жол салынышы керек эле. Бирок жолду куруу үчүн жарыяланган тендерди жеңип алган биздин компания ошол эле берилген каражатты чоюп, ага 253 метр жолду кошуп курууда. Жалпы жонунан азыр 1783 метрлик жаңы жолду ишке берүү алдында турабыз. Анын ичинде жолду кесип өткөн суунун үстүнө көпүрө, ошондой эле 30 сантиметрлик калыңдыкта куюлган 5 түтүкчө коюлду. Жолду куруу үчүн үч жарым ай керектелет. Ал эми курулуш иштеринин аркасында жергиликтүү калктын бир тобу жумуш орду менен камсыз болду.
Теңир-Тоо аймагынын климаттык шарты катаал болгондуктан, аба ырайы курулуш иштерине тоскоол болбой турса экен деп тилеп жатабыз. Бир жума мурун күн жаап, суук болуп туруп алганда куруучулар Кудайга жалынып түлөө да өткөрүп жибердик,- деп жылмайды.

Келечекте Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү автобекет аймагынан ШИИБге чейин, андан эски Соң-Көл аймагына чейинки жана Шералиев көчөлөрүнүн жолдорун оңдоп-куруу иштери турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан