ЖООМАРТ САПАРБАЕВ, ЖКын депутаты:«КЫРКТАН АШЫК ПАЙЫЗ МЕНЕН КАРЫЗ БЕРГЕН АДАМ – СҮТКОР»

Соңку күндөрү карызын төлөй албай калып, нааразычылык акциясына чыккандар көбөйдү. Буга байланыштуу «Ата Мекен» мыйзам долбоорун даярдап жатканын угуп, Жоомарт Сапарбаевди кепке тарттык.

– Жоомарт мырза, жакында жергиликтүү Кеңештерге шайлоо болот, анын эл үчүн канчалык мааниси бар?
Жакынкы боло турган шайлоодо шаардыктар менен айылдыктар өз келечегин аныкташат. Жергиликтүү башкарууну күчөтүү максатында «Ата Мекен» фракциясынын демилгеси менен Бишкек жана Ош шаарынын макамдары жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты, азыр парламенттин кароосунда.
Мамлекеттик түзүлүштөн баштап шаар-кыштактарга чейинки башкаруу системин камтыйт. Бийлик горизонталдык түрдө жогорку бийлик бутактарына гана тең салмакташтырылып бөлүштүрүлбөстөн, жогорудан төмөн көздөй, республикадан шаар-кыштактарды көздөй бөлүштүрүлөт.

Эки ири шаардын макамы аныкталсын дейли, андан карапайым калк кандай пайда көрөт?
Мыйзам кабыл алынса, эки шаардын макамы, башкаруунун өз алдынчалыгы гана эмес, алардын ишмердигинин каржылык кепилдиги дагы аныкталмакчы. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин, маселен, Бишкекти ала турган болсок, баш калаабыздын чек арасы аныкталып, эң негизгиси, калкынын саны такталат. Бишкекте иш жүзүндө калктын саны расмий көрсөткүчтөн 1,5-2 эсеге көп. Алар Бишкектин зымдарынан электр энергиясын алат, түтүктөрүнөн суу ичет, автобустарында жүрөт, балдары бала бакча, мектептерге барат. Бишкекте каттоосу жок болгондуктан, алар бардык жерде коррупциялык тоскоолдуктарга учурашат. Эң негизгиси, республикадан бюджет каралганда борбор калаанын калкынын реалдуу санына эмес, анын жарымына гана эсептелип, каражат бөлүнөт.
Эгер биздин мыйзам ишке ашып калса, бул эки шаарга реалдуу калктын санына жараша каражат бөлүнүп, ошого жараша жолдор, мектеп, бала бакчалар курулуп, жашоочуларга кыйла жеңилдиктер болмок. Маселен, бала бакчаларды алалы. Бала бакча эмне берет? Бул жаш аялдарга, келиндерге коомдук турмушка активдүү катышууга, үй-бүлөнүн кирешесин көбөйтүүгө салымын кошууга мүмкүндүк берет. Баласы арзан бала бакчадан тарбия алып, мектепке даярдалса, апасынын иштеп, үй-бүлөсүнө киреше алып келүүгө убактысы артат. Ал жаран катары коомдогу өз статусун жогорулатып, турмуштан канааттануу алып, толук кандуу адам катары коомдо өзүн көрсөтө алат.

Жумушка баратканда байкасаңыз керек, пайызга акча алып, карыздап, азап тарткандар Горький сейил багына митингге чыгып жатышты. Алардын абалын жеңилдеткен мыйзам долбоору туурасында да лидериңиздер кеп кылып жатты эле...
Байкадым, зээним кейиди. Мыйзам алкагында биз аларга да кам көрүүнү каалайбыз. «Ата Мекен» партиясына да чоң пайыз менен карызга акча алып, кайтара албай азап чеккен жарандар көп кайрылышат. Ошол себептен биздин фракция лидердин демилгеси менен сүткорлук боюнча мыйзам долбоорун даярдаган. Мыйзамга «жогорку пайыз» деген түшүнүк киргизилип, жогорку пайыз менен карызга акча берүү сүткорлук деп белгиленет.
Биз 40 пайыздык чекти коюп жатабыз, жылына 40тан ашык пайыз менен карыз берген адам сүткор болуп чыгат. Сүткорлук боюнча мыйзам долбоору калкка кам көргөн биздин фракциянын акыркы долбоору эмес, жакында социалдык текчелерди демилгелеп чыгабыз.

Балким, муну Союз убагындагылар түшүнүшөр. Бирок социалдык текче ачууга мүмкүнчүлүк болобу?
Социалдык текчелер боюнча мыйзам долбоору кабыл алынып калса, адегенде ири шаарлар ишке ашыра алмак. Маселен, Бишкекте 120 миң жакыр жашаган, жардамга муктаж жарандар бар. Алар – жумушу жок, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, кары-картаңдар. «Ата Мекен» фракциясы аталган мыйзам долбоору менен аларга жардам берүүнүн реалдуу механизмдерин сунуштап жатат. Мыйзамга ылайык, муктаж болгон 120 миң адамдын тизмеси түзүлүп, алар жашаган жери боюнча жакынкы дүкөндөргө бекитилет. Супермаркеттер, чакан азык-түлүк дүкөндөрү социалдык текчелер бурчун ачууга милдеттендирилет. Ал жерде адамдарга эң зарыл азыктар арзан баада ошол тизме менен сатылат. Мисалы, 18 сомдук бөлкө нанды 13 сомго сатып алууга болот.
Мыйзам бардык шаарларды буга милдеттендирбейт, бирок социалдык текчелерди өз аймагындагы дүкөндөрдү ачууга милдеттендирүүгө жергиликтүү бийликтерге укук берип, тартибин аныктап берет. Мүмкүнчүлүк, жөндөмүнө жараша шаарларда жана чоң айылдарда социалдык текчелер ачылышы мүмкүн. Алгач Бишкек, Ош жана башка чоң шаарларда социалдык текчелерди ачып, ишке киргизгенге бардык шарттар бар. Жергиликтүү бийлик ортомчулардын, дүкөн ээлеринин кошумча баасын чектөө менен бул демилгени ишке ашырса болот.
Ошентип, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдө акыркы тапканын тамакка гана сарптабастан, турмуштан кубаныч ала турган башка нерселерге да тыйын ашырууга аздыр-көптүр шарт жаралат.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
BYK
2012-10-15 15:37:10
Жоомарт мырза мениче сиз кредит жонунудо тушунугунуз жок окшойт 40 пайыз деген нерсе бул эмне деген бул карапайым калка кыйын болуп калат же сиздин да кредит беруучу банкыныз барбы эн жогору дегенде 30% болуш керек
+2
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан