ОРУСИЯНЫ КҮЙӨРМАНДАР КЕЧИРИШТИБИ?

16-октябрда Европада, 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу баскычынын 4-тур оюндары болуп өттү. “F” тайпасында Орусия 4 оюнда мүмкүн болгон 12 упайды алып, тайпаны тизгиндеп келүүдө. Башка тайпалардан бул ийгиликти Голландия гана жарата алды. Муну менен Орусия курама командасы "Евро-2012де" жер караткан күйөрмандарынын жүзүнө кубаныч апкелди окшойт.

КЛОЗЕ ЖАНА КЕРЖАКОВ
Орусиянын чабуулчусу Александр Кержаков мелдештин 3-турунда Португалиянын дарбазасына чечүүчү голду киргизип, Орусия үчүн эң көп гол киргизген оюнчулардын тизмесинде экинчи орунга чыкты (22 гол). Ал эми германиялык Мирослав Клозе 4-турдагы голу менен айтылуу Герд Мюллерге бир гана тепкич жетпей калды (67 гол).

4-ТУР
“A” тайпасы
Бельгия - Шотландия – 2:0
Македония - Сербия – 1:0
Хорватия - Уэльс – 2:0

“B” тайпасы
Италия - Дания – 3:1
Чехия - Болгария – 0:0

“C” тайпасы
Германия - Швеция – 4:4
Австрия - Казакстан – 4:0
Фареры - Ирландия – 1:4

“D” тайпасы
Румыния - Голландия – 1:4
Венгрия - Түркия – 3:1
Андорра - Эстония – 0:1

“E” тайпасы
Исландия - Швейцария – 0:2
Албания - Словения – 1:0
Кипр - Норвегия – 1:3

“F” тайпасы
Орусия - Азербайжан – 1:0
Португалия - Түндүк Ирландия – 1:1
Израиль - Люксембург – 3:0

“G” тайпасы
Словакия - Греция – 0:1
Босния - Литва – 3:0
Латвия - Лихтенштейн – 2:0

“H” тайпасы
Польша - Англия (оюн жылдырылды)
Украина - Черногория – 0:1
Сан-Марино - Молдова – 0:2

“I” тайпасы
Испания - Франция – 1:1
Беларусь - Грузия – 2:0

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erik06068
2012-10-22 22:07:15
Мирослав Клозе улуу футболист...Бразилия 2014до сенин оюнунду кутом!
0
lotte
2012-10-31 20:50:50
erik06068, клозе -ветеран)))
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан