РЕЗИДЕНЦИЯГА САЯКАТ

Бишкектен 2-3 чакырымдай алыстыкта жайгашкан мамлекеттик резиденция кичинекей шаарча сымал. Аны курчаган тосмонун ичиндеги тартип-эрежеси, үйлөрү, кызматкерлери, чарбасы коомдун кулак-көзүнөн оолак. Президент жашаган резиденция атайын «Супер-Инфо» үчүн дарбазасын ачып, эксклюзивдүү фоторепортаж даярдоого уруксат берди.
Бизди мамлекеттик №1-резиденциянын директору Ренат Түлебердиев босогодон эмес, чок ортосунан тосуп чыкты. Резиденциянын «жүрөгү» болгон конгресс-холлдон саякатыбыз старт алды. Мамлекеттик деңгээлдеги бардык жолугушуу жана түрдүү багыттагы иш-чаралар дал ушул жерде өткөрүлөт.

Сапардын жүрүшүндө №1-резиденциянын директору Ренат Түлебердиевди кыска кепке тарттык.
– Бул жерде иштеп жатканыңызга канча болду?
– Эки жарым жылдай болуп калды. Жыйынтыкка келсек, соңку үч жылда резиденциянын жылуулук тармагы толугу менен өзгөрдү. Борбордон келчү жылуулук трассасын алып, бул жакка өзүнчө газ жана электр тогу менен иштөөчү мештерди орноттук. Мындан улам чыгымыбыз үч эсеге азайды. Андан тышкары конгресс-холл менен мейманканаларды атайын келишимдин негизинде ижарага берүү менен кирешебиз жогорулады. Конференция өткөрүүнүн деңгээли боюнча Бишкек шаарында алдыңкы орунга чыктык.

– Кыдыруу учуру чоң ишембиликти элестетти. Кайда караба, тазалап-тытмалап жүргөн эле адамдар. Күндө ушундайбы?
– Ооба. Жыл бою тыным жок. Аянт өтө чоң, аны тазалоого жумушчулар жетишпейт. Кол куушуруп, ар бири өз иши менен отурбайт. Өзүм баш болуп киришем. Ашпозчубу, куруучубу, колубуз бошой калса, короону тазалоого чыгабыз. Чет мамлекеттерден келген делегациялар кээде аэропорттон түшүп, түз эле резиденцияга келишет. Ушул жер менен эле чектелип, кайра аэропортко кетишет. Андыктан жумушчуларга «силер мамлекеттин жүзү болосуңар» деп айтуудан тажабайм. Татыктуу тосуп алуу, аларды тейлөө жана узатууга бүт күчүбүздү жумшайбыз. Мунун баары айланып келип эле Кыргызстандын намысы, кадыр-баркы болот эмеспи.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик резиденция 1936-жылы түзүлгөн. Анын аймагында президент Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаевага мамлекеттик дачалар берилген. Ошондой эле резиденцияда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев небереси Эрмек менен жашаса, Апсамат Масалиевдин үйүндө анын жубайы, ага эле коңшулаш улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үйүндө аялы Мария Айтматова жана уулу Элдар жашайт.

Эльвира Караева
Ташболот Досалиев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Резиденцияга саякат 19-10-2012
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
nurbekov
2012-10-22 13:55:00
маммлекетин жузу болсонор жумушчуларга формасын селсаяктай кылбай размери менен берсенер болбойбу чыкыйтып.
+4
Nora
2012-10-23 04:33:04
nurbekov,
xaxaxaaaaa Selsayak degenin jakty, men dagy jumushchulardyn syrtky kelbetine boorum oorup ketti, selsayak dep oilogon jokmun albette, no ne doleko, birok Nurbekov betke aityp salganyna, ichil ezile kuldum.
Oshol gostinicalarda kop koop konoktordu tosup, Kyrgyzdyn juzun alyska taanytyp juro berishsin!
0
skatoruk
2012-10-23 12:12:22
nurbekov, Кастюм шым менен иштешсинби?
+1
Nora
2012-10-24 02:00:08
skatoruk,

kostum shym kyiybegende , jylanach ichtemek bele? problem, kostumdary chon jarashygy jok, jumushchulardyn syrtky korunushu nachar kir korunup atpaiby, "Kyrgyzdyn juzu silersiner dep aitam dep atat, Derektor" Rezidenciya bolgon son, Kyrgyzdyn juzun taza tykan kylyp korsotushso bolboibu, jogooruda Nurlanov aitkandai bomshka okshotpoi.
0
janet
2012-10-22 17:10:52
совок го
0
Asem_kyz
2012-10-22 17:24:41
3жыл мурун делегациялар менен кошо баргамын сервис жакшы болчу азыр кандай билбейм
0
future_kg
2012-10-23 07:19:42
Жумушчу жетишпейт имиш, жумуш издеп тентиген адам канча Кыргызстанда?
+1
GUMU
2012-10-23 13:24:01
13:50-минутадан 14:23 минатага чейинки аралыктагы журналист баланын башынан менин башым ооруп, айланып кетти :(((( чыыыын, урушмай жок :)))))
0
Meris
2012-10-23 13:35:45
ал жерде тамак аштар абдан арзан баада деп 3 ай мурда уккан элек. Бай кармаган бармак жалайт - жумушчулардын формасы действительно ондоп койсо - азыр на заказ все можно
0
ingos_kg
2012-10-23 17:04:29
Директордун курсагы чыгып калыптырго кымпыйып, кыргыздардыкы сразу курсагы кетет, ГАИ кызматкерлерин карасан баягы апрель окуясынан кийин жаш балдар арыыыык балдар келишти эле азыр кээ бирлеринин курсагы жарылайын деп калды. Ай аттандын кору дуйуно, куураган куу курсак :)))
0
nazi25
2012-10-24 00:49:22
ingos_kg, Дубананын куржунуну деп кой.
0
nurbekov
2012-10-24 10:05:36
кастюм кийбеседа кийип жургон формасы тыкан козго корунуктуу жарашыкту болсунда.
0
user1
2012-10-24 15:28:22
Бизде(мен иштеген жерде) да бир жаш эле бала директор болгондон 2 3 кундон кийин эле карасам, курсагы чыгып, бети торт бурчтук болуп калды.
0
Jeshka
2012-10-24 17:54:40
Мал кепени деле ондоп коюшса болмок. Шыйпырлары тушконо калыптыр го, коноктор резиденциянын ичине кызыгып экскурсия кылып калса, биринчи эле ошол тушойун деп калган шыйпыйларга коздору тушот го.
0
Гулжигит
2012-10-28 20:51:12
Сынчынын сынар отугу майрык.
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан