КОРКОК ЖОЛБОРС

Илгери-илгери чытырман токойдо каардуу Жолборс жашачу экен. Бир күнү ал аябай ачка болот да, токойдон тамак издөөгө чыгат. Бир маалда талаада өгүзү менен жер айдап
жүргөн дыйканды көрүп “тиги өгүздү жейм” деп сүйүнүп, алардын жанына жетет.
– Эй, абышка, мага өгүзүңдү бер! Мен ачкамын!
Байкуш дыйкан Жолборсту көргөндө жүрөгү түшүп, өгүзүн бермекчи болот. Кайра “аны берип койсом, жерди кантип айдап, эгинди кантип себем?” деп ойлонот да, ага:
– Өгүздүн этинен уйдун эти даамдуу. Мен сага үйдөгү уюмду алып келип берейин,- дейт.
Жолборс абышканын айтканына муюп, уйду күтүп отуруп калат. Ал эми дыйкан шаша-буша үйүнө жетип, короодогу уюн жетелеп жөнөйт. Муну көргөн кемпири:
– Уйду кайда алып барасың?
“Өгүздүн ордуна уюмду берем” деп Жолборсту араң көндүрүп келдим. Өгүзсүз кантип оокат кылабыз?
– Уй да бизге керек! Сүт жок кантип оокат кылабыз?! Сен талаага бара бер. Жолборско “азыр кемпирим сага бээ алып келет” деп айт. Калганын мага кой.
Дыйкан кайра талаага энтеңдеп жетип келип:
– Улуу урматтуум, “уйдун этинен бээнин эти таттуу болот” деди кемпирим. Азыр сага бээни өзү алып келет,- деп Жолборско айтты.
“Бээ” дегенди укканда Жолборстун шилекейи чууруп, курсагы курулдайт. Аңгыча чачын жайган, салбыраган кийим кийген кемпир колуна чоң шыпыргы кармап, бээни чаап талаага жетип келди.
– Мен жей турган Жолборс кана?! Эй, абышка, сен мага төртөө деп айтпадың беле?! Бирөө эле го? Мейли, азыр муну жеп турайын, анан калгандарын таап, курсагымды тойгузам,- деп кыйкырат.
Кемпир Жолборсту жеп салчудай болуп жулунганда ал куйругун түйүп, “дыйкан жез кемпирди ээрчитип келген тура” деген ойдо токойду көздөй качып жөнөйт. Ошентип, кемпир өгүзүн да, уюн да сактап калыптыр.

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан