13-октябрда Кыргызстандын «кенжетайы» болгон Баткен облусу 13 жашка толду. Буга байланыштуу «Супер-Инфо» гезити четте калбай, чакан шоу-программа түрүндө гүлдесте сунду.
МИТИНГ ЭМЕС, КОНЦЕРТ
«Супер-Инфо» гезитинин Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмү алгач Баткен облусу түзүлгөн күнгө карата флешмоб өткөрөлү дегенбиз. Кийинчерээк ал идеябыз 1 сааттык акцияга айланып кетти. Иш-чара Баткен шаарынын так ортосунда орун алган «Эркиндик» айкелинин алдындагы айлампада өттү. Кызыгы, биз аппаратураларды орнотуп баштаганда өткөн-кеткендер «митинг уюштуруп жатасыңарбы?» деп сурап жатышты. Анткени ал жерде жалаң гана митинг өтчү экен. Ошентип, МАИ кызматкерлеринин жардамы менен 1 саатка жол кыймылын токтотуп, элге майрамдык маанай тартуулаганга аракет жасадык. Жарыя иштерин жүргүзбөсөк да, ишемби күнү шаарда чоң базар жана чак түш болгондуктан, эл жетиштүү эле болду.
«ЖҮГӨРҮНҮ МАКА ДЕЙТ...»
Митинг эмес, жагымдуу салтанатыбызды жергиликтүү «Ха-ха Бойз» «Тамашоу» командасы ачты. Баткенчи жигиттерден куралган топ Баткен жөнүндө тамашаларды аткарып, элдин маанайын көтөрүштү. Андан соң жаш ырчы айым Кумара «Элим үчүн» деген ырын тартуулады. Ал ортодо чогулган элге Баткен жана «Супер-Инфо» жөнүндө суроолорду узатып, камдап койгон эстелик белектерди ойнотууга жетиштик. Тапкычтыкты талап кылган сынактарга жаш-кары дебей активдүү катышып, бизди кубантышты. Баткенди куттуктаган кезектеги өнөрпоз Мамажан Козубаев болду. Бул күнү анын Баткендин гимнине айланып калган «Баткен бүгүн башкача» деген ыры жаңырбаса, майрам майрамга окшобой калмак.
Кийинки конок элди жарды десек жаңылышпайбыз. Анткени учурда өрүкзарда бул ырчынын «Лейлектик кызга» деген ырысыз тойлор өтпөйт. Ооба, Баткенди туулган күнү менен куттуктап алыстан ат арытып Гүлжигит Сатибеков келди. Ал «жүгөрүнү мака дейт, байке дебей аба дейт...» деп созгондо эч ким кайдигер калбай, чыдабай кеткендер тосмодон жолго өтүп бийлеп да киришти. Гүлжигиттин Баткендин атын чыгарып ырдаганы жана куттуктап келип бергени үчүн эл шаңдуу кол чабууларды узакка созду. Ал эми акциябыздын кульминациясы БатМУнун алдындагы колледждин студенттери катышкан флешмоб болду. Концерттин жүрүшүндө элге аралашып турган кыздар жаңырып баштаган музыкага жараша топ-топ болуп улам эл арасынан суурулуп чыгып, өзгөчө бий башталып кетти. 20дан ашуун кыз «Баткен бүгүн башкача», «Ai Se Eu Te Pego», «Gangnam style» жана «Супер-Инфонун» гимнинен куралып жазылган аралашма музыкага түрдүү стилде бийлеп беришти. Аягында Кыргызстандын гимни жаңырып, кечебиз патриоттук духта аяктады. Баткендиктер үчүн "Супер-Инфо" даярдаган күтүлбөгөн сюрприз болду.
«БАТКЕНДИКТЕР БИР АЗ УЯЛЧААК КЕЛИШЕТ»
Эл концерт көрүп, белектерге ээ болуп тараса, шоуну уюштурган чыгармачыл топ Баткендин туулган күнүнө карата атайын бышырылган торттон даам татып, чайлашып тарадык. Чай үстүндө ырчы Мамажан ага: «Супер-Инфо» элге жакшы майрам тартуулап берди. Бизде таланттар көп, бирок баткендиктер бир аз уялчаак келишет. Силер жаңылык киргизип, жаштарды ойготтуңар. Алар бул күндү көпкө эстеп калышат»,- деп ыраазычылыгын билдирди. Ошентип, бул күнү Баткен чын эле башкача болду. Шаарыбыздын туулган күнүн эл жакшы белгилеп, эт жебесе да, шорпо ичкендей болду десек аша чаппайбыз.
P.S. Биз өз кезегибизде жогорудагы иш-чараны өткөрүүдө жардамын аябаган Баткен облустук музыкалык драма театрынын директорунун орун басары Мамажан Козубаев менен башкы администратору Рустам Абдырахмановго, Баткен шаарынын мэри Сейдакмат Эшматовго, Баткен ШИИБине, ырчылар Гүлжигит Сатибеков менен Кумарага, «Ха-ха Бойз» «Тамашоу» командасына, БатМУнун алдындагы колледжге жана досторубуз Азамат (Канонирчи) менен Русланга (Мерсисайдчы) терең ыраазычылык билдиребиз.
Базарбек Абдураимов
batken@super.kg