11-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Баткен жергесине келип кетти. 1 күндүк иш сапардын алкагында ажо көптөгөн иш-чараларга катышып, эл менен жолугушту. Төмөндө сөз ошол жолугушуулар эмес, жергиликтүү мекемелердин өлкө башчыны тосуп алууда кантип жер караганы жөнүндө болмокчу.
Бизде президент келет дегенде жергиликтүү бийликтин кемчиликтерди жаап-жашырып, жолдорду оңдой калып, имараттарды актап-сырдап жиберип, аймакта баары жакшы экенин көрсөтүүгө жан талашары салтка айланган. Андай терс көрүнүштөрдөн арылып, жаңылануу керек экенин өлкө башчылары өздөрү айтып, какшап келишет. Эмнеге көз көрдү, ооз басты үчүн баарын жаап-жашырышыбыз керек? Андай ыкмалар эскирип, модадан да чыгып бүттү. Ажону коштоп жүрүп жарым күндө көп нерселерди байкадым. Анда сөз башынан болсун.
№1. ЭСИН ЖОГОТКОН ОКУУЧУ
Баткен шаарында жаңы мектеп курулганын, анын ачылышына Алмазбек Атамбаев чакырылганын жазганбыз. Аталган №3-мектепке ажо саат 14:10до келди. Лентасын кесерден мурда ал: “Түшкө жакын ушул жерден өтүп баратып окуучулардын тизилип турганын көргөм. Алар ошондон бери турушса керек деп кабатырланып жатам. Бирок андай эмес экенине ишенем”,- деди. Ажо ушул сөздөрдү сүйлөп баштаганда алдыңкы катарда турган башталгыч класстын бир окуучу кызы эсин жоготуп, жыгылып калса болобу?! Ага дароо биринчи жардам көрсөтүлдү. Көрсө, ажо келет деп мектептин жетекчилиги окуучуларды саат 9да чогултуп, 2ге чейин түшкү тамак ичирбей турушуптур. Күн болсо ысык. Ата-энелердин бул ишке нааразы болгонун айтпасак да түшүнүктүү. Окуяга күбө болгон ажо мугалимдер жамаатына кайрылып: “Айланайын, мугалимдер! Мектебиңер жакшы экен. Бирок мугалимден көп нерсе көз каранды. Окуучуларды катуу урушпай, тамагын өз убагында берип, жакшы окутсаңар. Кичинекей балдар тиги колдорунда турган гүлдөй тез эле соолуп калат”,- деп нааразычылыгын билдирди. Ажодон мындай сөздү угуп уят болгон мугалимдерге бул нерсе чоң сабак болот деген ишеничтебиз.
№2. ЧАЛДАР КҮНГӨ КАКТАЛДЫ
Андан ары ажо Ош-Баткен-Исфана автожолунун 123-155-чакырымын түзгөн Пүлгөн-Бүргөндү участкасынын ачылышына катышты. Ачылышына жол курууну каржылаган Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да чакырылыптыр. Ал жактагы жагымсыз көрүнүш – күн ысыкта 50дөй аксакалдын жол боюнда тизилип турганында болду. Арасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери да тикесинен тик турушат. “Күтүп жатканыңыздарга көп болдубу, аксакал?” деп сурасак, “жарым саат эле, чыдайбыз. Атамбаев күндө эле келип жатыптырбы?” деп жылмайышты. Байкасак, президент эл алдына чыгып сүйлөө үчүн жай даярдап, аксакалдар үчүн отургучтарды даярдап коюшуптур. Анан чоң аталарыбыз ысыкта таяктарын таянып күнгө какталбай, трибунанын маңдайында отурушса болбойт беле? Ал эми жолугушуунун аягында бир аксакал чыгып, ажонун дарегине мактоо сөздөрдү айтып, батасынын аягында “Атамбаев түбөлүк президент болсун! Оомийин!” деп салды. Күтүлбөгөн бул пикирге “бир мөөнөттөн кийин кетем” деген ажо кошулдубу, билбейм, бирок чогулган эл кошулган жок. Ушундай ашырып жибермейибиз бар да...
№3. ЧАЛА ЖАСАЛГАН КУРУЛУШ ИШТЕРИ
Ажонун акыркы аялдамасы Чоң-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектеп болду. Бир караганда мектептин тосмосу менен кире бериш жолу жаңы жасалгандай элес калтырат. Бирок жакшылап назар салсак, ажо кирген дарбаза жана анын четиндеги дубалдар менен босого гана курулуп бүтүптүр. Буга пайдубалынын кургай электиги далил. Ал эми мектептин тосмосу толугу менен курулуп бүтө элек. Калган жагы качан бүтөрү белгисиз.
Кептин аягында эч кимди каралоо максатыбыз жок, болгону, азыр заман башка, заманга жараша өзгөрсөк деген эле ойду айткыбыз келди. Эмне үчүн болгонун болгондой көрсөтө албайбыз? Мындай ойду ажонун өзү да сапарынын жүрүшүндө бир нече ирет кайталап айтты.
Бийликтен калктын чыныгы абалын жаап-жашырып, "баары жакшы, иштеп жатабыз" деген түр көрсөткөн кошоматчылардын кесепетинен, балким, өлкө өнүгүү жолуна түшө албай жаткандыр... Андыктан чоңдорго жагынып калуунун амалын издебей, болгонун болгондой эле бийликке жеткиришсе, алар да өз чарасын көрүп, колдоо-жардамын беришмек. Ошондо гана эл менен бийликтин ортосунда ишеним жаралат.
Базарбек Абдураимов
batken@super.kg