ЫРЧЫ КЫЗДЫН ТҮНКҮ КЛУБДАГЫ ЖОРУГУ

Кыргыз эстрадасында аты эл арасына тараган бир ырчы кыз тууралуу жазгым келди. Али ак жоолук салынып, бирөөнүн бактылуу колуктусу боло элек кыз азыркы тапта анча-мынча эркектер иче албаган ичимдиктер менен дос экени мени таң калтырды. Бул ырчыда келбет десең келбет, үн десең үн бар, келишимдүү, жылдыздуу. Эл ырчыларды сахнадан гана көрүп аруу, таза, уялыңкы жылмайганына ишенет, бирок көшөгө артында кандай экенин билишпейт... Ушул макаланы окуп, өзүн таанып, бир аз да болсо ойлонор деген ниеттемин.
Менин шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашканыма көп болду. Кимдин кандай экенин беш колумдай билип бүткөм. Бирок бүгүнкү тема татына кыз жөнүндө болсун. Билгениме караганда, канча үй-бүлөнүн ортосуна түшүп, "ойнош" атка конду. Сөз башында айтканымдай, жаш болуп туруп ушунчалык көп ичет. “Эмнеге мынча ичет?” деген суроо туулат. Балким, жашоо кыйынбы, бул татына кыз үчүн?
Жакында эле шаардагы түнкү клубдардын бирине барып калсам, дал ошол ырчы кыз жалаң эркектер менен тең тайлаша ичип отуруптур. Оозунан чыккан уят сөздөрү, аңды-дөңдү аңдабай сөгүнгөнү мени гана эмес, ошол клубдагылардын да оозун Ошту каратты бейм. Татына кыз түнкү клубдагы эс алуучуларды көзгө илген да жок. Музыка ыргагы менен бардык эркектерге "туруңуздар, братандар, бийлейличи" деп айтканын уктум. Эркектердин ортосуна түшүп алып, азыркы тил менен айтканда, стриптиз көрсөттү, чиркин! Бийлегенден тажаштыбы, айтор, кайра келип столуна отурушту. Дагы таң калганым, кыргыз элинде аялзаты чай куюп көнгөндүктөнбү, айтор, биздин татына кызыбыз арак куюп эле тим болбостон, ичкиси келбей калган мырзаларды кыстап да жатты. Бир убакта бир эркектин тизесине отура калып өбүшүп кирди. Бул башталышы гана экен. Экөө ээрчишип дааратканага, болгондо да мырзалардыкына кирип кетишти. Чынында, бүгүнкү шоу-бизнес деп аталган чөйрөнү ушундай адамдар байырлаганына ачууландым. Бир кумалак бир карын майды чириткендей эле болду.
Ага ачуум келип, “бул ырчынын энеси кай жакты карап отурат?” деп коём. Бир туруп кайра “алар кызынын клубда “концерт” коюп жүргөнүнөн кабардар эмес да” деп жооткоттум өзүмдү. Ошентип, бир топ убакыттан кийин жигит жалгыз чыкты, ырчы кызыбыз көрүнбөйт. Бир убакта кийимдеринин жарымы суу болуп чыга келди. Өкүнгөнүм, түнкү саат 4төр чамасында жанындагы эркектердин баары кетип, ырчы кыз диванды кучактап уктаган боюнча кала берди...
Кечээ маегин окудум ошол кыздын. Баягы түнкү клубда чардаган татына кыз жок, эң эле карапайым, түшүнүктүү жандай сүйлөптүр.
Мен артистмин дегендин баары ушундай деп айтуудан караманча алысмын. Болгону, сахналаш карындаш, сени кумир туткандар, сенин ырларыңды угуп, өзүңдү сүйгөн жигиттер бар. Ошолордун үмүтүнө суу сеппечи, сураныч!

Сахналашың
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (169)
Aidaika92
2012-10-28 13:45:06
Ар бир жылдыздын эс алууга укугу бар бирок жылдыздар кандай абалда кай жерде болбосун коргонубуз коргон жерде, укканыбыз уккан жерде калса жакшы болмок.
0
marpusha
2012-10-29 01:26:09
СубханАллах!!! Туугандар биринчиден бул макаланы жазып, адамдардын оюн бузганы туура эмес. Аны менен бирге кыргыз шоу бизнестеги ырчы кыздырдын баарын ыймансыз кылып, ар кайсы варинтты айтып жатканынар туурабы??? Автор жазгандай болуп клубда журсо да ал адамды мындай кылып эл алдына жаза салгангга эч кандай эч кимдин акысы жок. Мусульманчылыкта бироонун куноосун жапканга аракет кылат, а биз болсо душман козуно озубуздун кандай бир бирибизге сынга кыйын экнибизди гана корсотобуз. Аллаху алим!
0
prezent
2012-11-01 23:19:13
Бул Сайкалчик Садыбакасова!!!бирок ал мен эмесмин деп беттен алат!Гулшайыр эже сизге соз жок.ушунчалык мактанып кыздарынызды жашырасыз.
0
Мика
2012-11-05 15:37:02
Бул каарманды Ошко барып калсам баары кеп кылып жатышыптыр "Сайкал Садыбакасова болчу, баары билет " деп. Уят, КРнын эл артисимин деп мактанган Гулшайыр кызын тыйып алалбай калганы окундурот. Кенже Айперилерге боорум ачыды, байкуштарды сок кылып гана ичип келген экен.
0
maksimus
2012-11-16 18:13:29
Lira seven go. Maga da kyzyk kim eken? ,aga kop el yrche kyzdar jagat
0
Buma
2012-11-17 00:57:28
Uff kim kancha ichet, kim menen ichet al oshol adamdyn oz ishi. A munu jazgan adam meneimche koro albagandardyn biri,aitkanynyn artynda" myna men angelmin korup jatasynarby" degeni. Ozunun atyn achyk jazbagandan kyiyin bul kalp... Superden suranych, ushuga okshogon kalpychylardy dokazatelstvosu jok, jaryyalabai ele kogulachy..
0
kosi
2013-03-05 00:48:55
Сайкалды коргонбуз ушундай акыбалда
0
angelina89
2013-05-01 01:32:39
Биз кыргыздар эн начар калк экенбизда,коро албастык эн жаман сапат,бир адам которулсо аны соссуз тартып тушуруу керекда ,колдон келсе котормолоо деген жок...бир анегдот жонундо:тозокто 2казанда 1де кыргыз 1де еврейлер кайнап жатыптыр,кыр.р капкагы жок,еврей.ки жабык экен.эмнеге кыргыз-н капкагы жок?десе -тим кой алар серавно чыга алышпайт дейт,себеби бри чыгып кетип жатса 2-си тартып тушуроот деген экен.еврей.р болсо 1чыкса бири туртуп,бири тартып чыгып кетет экен...
0
rayana86
2013-05-02 13:07:13
Атын айтып куноогода баткын келбейт тооба,эл адамы болгондон кийин оздорун тыйып журбойбу ким болсода шерменде болбой.Ошентседа уялынкы жылмайган ким эле,уячасы бар энеси таанымал анык эле билинип калыптырго...
0
aiperishaaa
2013-05-02 13:48:45
Сайкал Садыбакасова болсо керек. Озун Ошту каратып койду дегенине караганда
0
omurkan
2013-05-14 14:46:47
Сайкал болушу мумкун эмес! Ар кимдин озунун иши го кантип журуш. Эмнеси болсо да ар кимдин озуно ынсап берсин.
0
Miregia91
2013-10-03 21:41:47
Saykal Sadybakasovanyn makalasyn gezit betinen kordum birok makalasyn tabalbadym, al makala emne sebepten jok? Suranych admin joop jazyp koyunuz.
0
admin_media
2013-10-04 10:00:43
Miregia91,
Саламатсызбы!
Эмне жөнүндөгү макаланы издеп жатасыз?
0
Miregia91
2013-10-07 21:23:30
Kyzyk chyyyyn
0
Aikokul85
2013-11-13 20:43:49
Ким болсо ошол болсун.
0
admin_superstan
2016-05-16 14:54:21
anika90, далилсиз кимдир-бирөөнү каралоодон алыс болуңуз.
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан