ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (22-октябрдан 28-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04) Аптанын алгачкы жарымында каржылык жактан абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, колдон чыгарбаңыз. Бейшембиде айланаңызга байкоо салып, өзүңүзгө сак болуңуз. Күтүүсүздөн жагымсыз окуяга кабылышыңыз мүмкүн. Апта соңу жолугушуу менен аяктайт.

 

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Пландаган иштерди ишке ашырууга шарт түзүлөт. Андыктан аракет кылыңыз. Дүйшөмбүдө курч буюмдарды, ал эми шаршембиде тамак-аш колдонууда этият болуңуз, ден соолугуңузга зыян келтирип алышыңыз мүмкүн. Бейшембиде үй-бүлөңүз менен жагымдуу кабар угасыздар. Жекшембиде чырдуу маселеге туш болсоңуз, качып кутулганыңыз оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө шашылыш чечим кабыл алуунун арты чыгым менен аяктап калышы ыктымал. Андыктан иштин көзүн билген адистер менен кеңешип иш кылыңыз. Шейшембидеги жолугушуу жеке жашооңуздун багытын өзгөртүүгө түртөт. Шаршембиде үй-бүлө мүчөлөрү ортосунда түшүнбөстүктөр жаралат. Маселени курчутуп жибербеш үчүн сабырдуу болуңуз. Апта аягында жакындарыңыздын биринен жагымсыз кабар келиши мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада айрымдардын алыс жакка сапар алышы күтүлүүдө. Шаршембиде убакыттын тардыгынан шашылыш иш бүтүрүүгө аракет кылбай, кийинкиге жылдырганыңыз туура. Бейшембиде эмоцияга алдырып, айланаңыздагылар менен урушуп кетүүгө жол бербеңиз. Дем алыш күндөрү таарынышып кеткен адамдардын бири кайрадан кол сунат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Эски тааныштарга кезигип, унутта калган окуялар кайрадан көтөрүлөт. Шаршемби күнү айрым түгөйлөр ортосунда пикир келишпестик жаралып, анын соңу ажырым менен аякташы мүмкүн. Моралдык жактан эс алууга аракет кылыңыз. Апта соңунда акчаны үнөмдүү сарптабасаңыз, капчыгыңыз бош калып, каржы кыйынчылыгына кептелесиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта ден соолугуңуздун кескин начарлап кетиши менен башталышы мүмкүн. Шаршемби – буюм сатып алууга ыңгайлуу күн. Жума күнү эмгегиңиз бааланып, мактоого арзыйсыз. Ишембиде алыс сапарга аттанууңуз күтүлүүдө. Жекшемби достордун чөйрөсүндө эс алуу менен өтөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул аптада маанайды бузган ушак, чырларга кабыласыз. Шейшембиде жеке жашооңузга тиешелүү чечим кабыл алууга туура келет. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз, ал эми узак сапарды кийинкиге жылдырууну сунушташат жылдыздар. Аптанын соңу жолугушуу жана жаңы таанышуу менен жыйынтыкталышы күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Айрымдар бул аптада кызмат ордунан жогорулашы мүмкүн. Шейшембиде жолугушуу белгилебей эле койгонуңуз туура, экинчи тарап келбей калып, убактыңыз текке кетет. Бейшембиде аткара турган ишиңизди алдын ала тактап албасаңыз, пландар өзгөрүп, убара тартасыз. Апта соңунда каржы тартыштыгы кыйнайт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада бүдөмүк ишти сунуштагандардан баш тартыңыз. Себеби анын жыйынтыгы сизге зыян алып келиши мүмкүн. Такталбаган маалыматка ишенип чечим кабыл албаңыз, өкүнүп каласыз. Аптанын экинчи жарымында эски таанышыңызга жолугасыз. Жекшембиде үйүңүзгө конок келиши күтүлүүдө.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул апта сиз үчүн жемиштүү болот. Аны менен катар көрө албастык кылып, бут тоскондор чыгат. Бирок аларга көңүл буруунун кереги жок. Ишиңизден алаксыбаңыз. Бейшембиде акчага так болуңуз, алдатып коюшуңуз мүмкүн. Жума күнү бойдокторду жагымдуу таанышуу күтүүдө.

Суу куяр (21.01-19.02)
Аптанын башында иш баштаардан мурда эмнени каалап жатканыңызды так аныктап алсаңыз, көңүлдөгүдөй жыйынтыкка ээ болосуз. Шаршембиде кайдигерлик маанилүү окуядан четте калтырарын унутпаңыз. Бейшембиде күтүүсүздөн жаман ишке кириптер болуп калуу коркунучу бар, этият болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Тобокелчиликке салуудан коркпой аракет кылсаңыз, бул аптада ишиңиз жакшы жыйынтык бермекчи. Кыймылсыз мүлк сатып алууну көздөгөндөр үчүн ыңгайлуу апта. Бейшембиде капчыгыңызды кампайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жума күнү келечекте чоң пайдасы тие турган адам менен таанышасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан