ТОЙГО ЖАЙГАН ДАСТОРКОН АЗА МЕНЕН АЯКТАДЫ

«Кырсык каш-кабактын ортосунда» деген кеп бар. Буга далил, жакында эле үйлөнүү үлпөт тоюнан кайтып келаткан кортеж жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен той ээси жана анын досу каза болду...

«БАЛАМ КЫЙНАЛЫП ЖАТСА, МЕН ЖАНЫНАН БАЙКАБАЙ ӨТҮП КЕТИПМИН»
2012-жылдын 5-октябрынан 6-октябрга караган түнү Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургундары үйлөнүү үлпөт тоюн Жалал-Абад шаарындагы бир кафеде өткөрүп, кайтып бара жатканда кырсыкка дуушар болушкан. Кырсыкка кабылган жигиттин ата-энеси уулун жоготуп, кайгыга муунуп турган учуру. Уулун үйлөп элге той берип жатып, баласынын жансыз денесин кучактап калган ата-эненин көз жашын көрүп, жанында адам чыдап тура албайт. Болгон кырсык тууралуу каза болгон баланын атасы Расулбек мырза төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Үч уул, эки кызым бар эле. Улуусу үй-жайлуу, экинчи уулум Руслан эле. Балам бизге жакын айылда жашаган бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм дегенинен кыздын ата-энесинин алдынан өткөнбүз. «Азырынча сүйлөшүп жүрө турушсун» деп келишкенбиз. Бирок көп өтпөй ал кызды балам ала качып келип алган. Жазында кичи той өткөрүп, чоң тойду күзүндө өткөрмөкчү болгонбуз. Анан эки ай мурун шаардагы бир кафе менен сүйлөшүп, тойду 5-октябрга белгиледик. Ошентип, той ойдогудай жакшы, тынч өткөн.
Кечки 11лерде той аяктап, тараганбыз. Руслан менен келинимди досу Нургазынын машинасына салып узатканбыз. Конокторду узатып үйгө баратканда жолдун чет жагы карайып калганын көргөм, бирок элес албаптырмын. «Бул жер эмнеге карайып калган?» деп жанымдагылардан сурасам, «бирөө жарым машинасынын тормозун катуу басса керек» дешкен. Көрсө, уулум менен келиним келаткан автоунаа тайгаланып барып жолдон чыгып, жардан ылдый кулап кеткен экен. Ошондо түшүп карасам болмок экен… Балам кыйналып жатса, мен өтүп кете бериптирмин. Үйгө келерим менен эле «Русландар жол кырсыгына кабылыптыр» деген кабар келди. Кайра эшикке чуркап чыктым. Ооруканага барсам, кырсыкка кабылган балдардын баарын хирургия бөлүмүнө алып кирип кетишкен экен. Уулумдун досу Нургазы ооруканага жетпей эле каза болуп калыптыр. Русландын жоон саны жана колу сынган экен. Аябай кыйналып жатыптыр, «ата, ичим, белим ооруп жатат» деп жатты. Көзүмдөн жаш куюла жанында жүрдүм, бирок колумдан эч нерсе келбеди. Врачтар айткан дарыларды алып келип жаттык. Анализин билгени барып кайра келсем, улуу балам тосуп алып: «Ата, Руслан болбой калды окшойт...»- деп ыйлап жиберди. Кирсем эле баламдын жаагын таңып коюшуптур. Ошентип, баламдын сөөгүн эртең менен үйгө алып келдик.

«УШУНДАЙ ТОЙЛОРДУ ТОКТОТСОК, КЫРСЫКТАН АЛЫС БОЛОТ БЕЛЕК?»
– Машинанын эмне болуп кулаганын эч ким деле байкабай калыптыр. Келинимдин айтуусу боюнча, эки машина удаа келе жатышкан экен. Достору айдап келе жаткан машинанын дөңгөлөгү чыгып кеткенби, айтор, ал Русландар отурган машинаны капталынан сүзгөн. Ошондо машина жардын кырына туруп калат. Чимирилип кеткен арткы машина келип дагы сүзүп, анан эки машина тең 70-80 метр бийиктиктен кулап кетет.
Артта келе жаткан башка машинадагылар көрүп калып, «Тез жардам» чакырышыптыр. Руслан алыс ыргып кеткен экен, араң издеп табышыптыр. Каза болгон Нургазы уулумдун кичинесинен берки жакын досу болчу. Келинимдин бели кокустап, буттары эзилип кетиптир. «Кыймылдабай эки ай жатсын» дешти врачтар. Азыр Майлуу-Сууда ооруканада. Тойду үйдөн эле өткөрсөк мындай болбос беле?.. Балдар бири-бирине атаандашып «той кылам» дешет да, мен да элден калмак белем деп намыстанган элем. Менин оюмча, ушундай нерселерге чек койсок, эл да колдосо керек. Кичүү уулума «сен үйлөнгөндө тойду кафеде кылбайм» десем, «баары эле кафеде өткөрүп жатса, мен кантип үйдө өткөрөм?» дегенинен унчукпадым. Бала үчүн баарына макул болот экенсиң. Ата-энелер сүйлөшүп, ушундай тойлорду токтотсок, кырсыктардан алыс болот белек дейм да (ыйлап)! Мындай күндү душманыма да каалабайм. Үч уктасам түшүмө кирбеген окуя болуп кетти.
Кечээ кыздарым ооруканага барышса, келиним «эми атамдын бетин кантип карайм?!» деп ыйлаптыр. Мен ыйлабасын дедим, Кудайдын бешенебизге жазганынан кайда качып кутулмак элек?..

Гүлнара Жээналиева,Русландын апасы:
«УУЛУМДУ ӨЗҮМ КИЙИНТИП ЧЫГАРГАН ЭЛЕМ»
– Уулум акылдуу бала эле. Базарда соода кылчу. Келиним экөө ушундай бактылуу жубайлар болчу. «Русланды ушул үйгө бөлүп коёлу, жаныбызда жашасын» деп тилек кылып, коңшубуздун үйүн сатып алганбыз. Буйрук эмес экен...
Той болор күнү баламды өзүм чыкыйтып кийинтип үйдөн узатып, кайра баламдын жансыз денесин кучактап калдым. Той бүткөндөн кийин жаныма келип, улам «апалап» мойнумдан жыттап коюп жатты эле. Мындай кырсык болорун билгенимде жанына отуруп алмак экенмин. Тойго деп жайган ак дасторконум аза менен аяктады.

Бул окуя боюнча Ноокен РИИБинин жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Кадырбек Төрөканов төмөнкүлөрдү билдирди:

– Бул кырсык той бүткөндөн кийин Жалал-Абад шаарынан Ноокенди көздөй автоунаалар менен кайтып бара жаткан маалда болгон. Ош-Бишкек унаа жолунун 506-чакырымында Кыпчак-Талаа участкасында келе жаткан Тойота Авенсис менен Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Тойотада 4 киши: тою болуп жаткан Руслан Жээналиев жана Нургазы Сатаровдор жубайлары менен чогуу бара жатышкан. Рулда Нургазы Сатаров болгон.
Ал эми Хонда Аккорд унаасында 5 киши бара жаткан. Эки унаа тең куушуп ойноп келе жатып, чукул бурулуштан буруларда Тойота унаасына Хонда унаасы жанаша айдаган. Жолдун тардыгынан эки унаа сүзүшүп, натыйжада бийиктиги 100 метрге жакын жардан кулап кеткен. Бул окуя жол кырсыгы катары саналып, учурда кырсык катталган жерде тазалоо иштери бүткөн.

Негизи эле үйлөнүү тойлорунун кортеждери кайсы жерде болбосун жол эрежелерин бузуп жүрүшөт. Той деген той, бирок аркасы минтип кайгылуу бүткөн да бир нече окуялар кездешет. Ошондуктан тойдун эртеси да болорун унутпай, коопсуздукту ойлоо туура. «Баланчанын тою мындай өтүптүр» деген атаандашуудан алыс болсок...

Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (69)
Murok
2012-10-25 21:53:28
Бейиштен жай тапсын...
0
reyba
2012-10-26 03:15:44
Jatkan jeri jayluu bolsun. Kiz ertereek ayagip baktiluu boluwuna tilektewmin.
0
u86
2012-10-26 14:19:25
Машина оюнчук эмес, биз темир эмеспиз, ушуну эске алып жургонубуз жакшы.
0
zhainadamir
2012-10-26 22:30:51
Жаман окуя болуптур(((Жайы жаннаттан болсун!
0
Sezima1023
2012-10-27 18:10:01
Байкуш келинге боорун ооруйт. Журогундо омур бою кара так калды да.
0
saltu25
2012-10-27 20:44:32
абдан окунучтуу, Кудайым дегеле мындай кырсыктын бетин ары кылсын.
0
Nuray
2012-10-28 00:26:07
Jatkan jerleri jayluu bolsun baldardyn...abdan okyny4tyy...ne demekpiz...adam erten emne boloorun bilse bashka4a bolmok ele go...
0
Joke82
2012-10-28 03:25:28
Аллахым артын кайырлуу кылсын бейиштен орун берсин окунучтуу
0
Joke82
2012-10-28 03:25:28
Аллахым артын кайырлуу кылсын бейиштен орун берсин окунучтуу
0
rtkb
2012-10-28 05:51:38
жайы жанната болсун ата энесине бир туугандарына сабыр берсин эми той кафеде болобу же уйдо болобу бул жерде кафенин эч кандай тиешеси жок ажал келсе басып кетип атып деле жыгылып олосун
0
remma
2012-10-28 16:47:38
Жаткан жери жайлуу болсун! сактыкта кордук жок дейт этияттап айдашса жакшы болмок экен эми кырсык да жаман болуптур.Байкуш ата эне келинине да жаман болуптур.
0
A.AZIMOVA
2012-10-28 17:55:00
Jatkan jeri jailuu bolsun!
0
R_NURA
2012-10-28 22:46:57
сабыр кылыныздар мандайга жазгандан бир да секунд ашык жашай албай экенбиза.кызга да эн жаман болуптур тушунуп турам бирок тилеке карышы жардам бере албай жатпайбы?
0
a.z.a_30.12.83
2012-10-29 02:12:32
Мен бул маркумдардын экоону тен жакшы тануучумун.Аябай жакшы,улууну урматтаган,оз жайын билген балдар эле!Ата эне бир туугандарына терээн кайгыруу менен конул айтам!Аллах куноолорун кечирип,жайын жанаттан кылышын тилеймин!Айла канча тагдыр Алланын колунда да.Эч кимге мындай тагдыр каалабайм!
0
Narynbek
2012-11-02 01:21:05
Абдан кейиштүү.Келинчеги да каза болуп калыптыр жакныда.Жаткан жери жайлуу болсун!
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан