КАН СОРГУЧТУН КҮНДӨЛҮКТӨРҮ

Жанры – Ужас, фэнтези, драма, мелодрама
Тарткан өлкө – АКШ
Экранда – 2009-жылдын 10-сентябрынан баштап
Режиссёрлору – Маркос Сига, Роб Харди, Дэвид Фон Энкен
Продюсерлери – Лесли Моргенштейн, Боб Леви, Жули Плек, Кевин Уильямсон
Башкы ролдордо – Нина Добрев, Пол Уэсли, Йен Сомерхолдер, Стивен Р. МакКуин, Сара Каннинг жана башкалар'

4-СЕЗОН СТАРТТА
Лиза Жейн Смит аттуу америкалык жазуучунун «Кан соргучтун күндөлүгү» деген китебинин негизинде тартылган бул сериалдагы окуялар ойдон чыгарылган мистикага бай Мистик Фолс шаарында өтөт. 17 жаштагы Елена Гилбертти кан соргуч ага-инилер Стефан жана Дэймон Сальваторелер сүйүп калышат. Елена бир туугандардын бир жарым кылым мурдагы сүйүүсү Кэтрин Пирске куюп койгондой окшош эле. Дал ошол Кэтрин бир туугандарды кан соргучтарга айлантып, өлбөстүктү тартуулаган.
Окуянын өнүгүшү менен Мистик Фолс шаарынын сырдуу тарыхы ачыкка чыга баштайт. Мурда ал шаар кан соргучтар, кубулма кишилер, желмогуздар, арбактар отурукташкан аймак болгон. Ага-инилер бул калаага баргандан баштап аймакта миң жыл мурда жашаган кан соргучтар жана табияттын ар кандай тышкы күчтөрү пайда болуп, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтире башташат. Алардын катарын Кэтрин да толуктайт. 3-сезон Еленанын өлүп, кайра тирилиши менен аяктайт.
4-сезондун бет ачары 2012-жылдын 11-октябрында CW телеканалында болду. Бул сезондо Елена кан соргучка айлануу же өлүм деген эки жолдун бирөөнү тандашы керек болот. Ага жакын курбусу Бонни жардам берет. Бирок ал бул кылыгы үчүн кыйынчылыктарга кабылат. Шаар эли кан соргучтарга аңчылыктарын уланта беришет. Анын жыйынтыгы жагымдуу аяктабайт. Тасмага Клаустан өткөн терс каарман кошулат.

«КҮҮГҮМ» ТАСМАСЫНЫН ФАНАТЫ НИНА (ЕЛЕНА ГИЛБЕРТ)

Туулган жери – Болгариянын София шаары
Туулган жылы – 1989-жыл, 9-январь
Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын экинчиси

Болгарияда туулуп, 2 жашка чыкканда үй-бүлөсү менен Канадага көчүп кеткен Нина Добрев кичинесинен бий, музыка, театрга кызыгып, ийримдерге барчу. Алгач жарнамаларга тартылып, кийин актриса болууга жетишет. Көп тасмаларда жеткиликтүү образ жараткан. Дүйнөлүк атакты «Кан соргучтун күндөлүктөрү» тасмасында башкы ролду аткаруу менен багынта алды. Мындай роль жаратуу Нинанын кыялында эле. Тасмага тартылардан мурда «Күүгүм» чыгармасын сүйүп окуп, андагы каарман Белланыкындай ролду жаратууну кыялданчу.
Актёр Дэниел Кларк менен жакын мамиледе болуп, бирок мамилелер үйлөнүү тойго жеткен эмес. Учурда тасмадагы жигитинин агасы Дэймон Сальваторенин ролундагы Йэн Сомерхолдер менен жакын мамиледе.

АКЫРЫ ЕЛЕНАГА ЖЕТКЕН ЙЕН (ДЭЙМОН САЛЬВАТОРЕ)

Туулган жери – АКШнын Луизиана штатынын Ковингтон шаары
Туулган жылы – 1978-жыл, 8-декабрь
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кичүүсү

Йен Сомерхолдер 10 жашынан баштап моделдик карьерага аралашкан. Мунун артынан Европаны кыдырып, Париж, Милан, Лондондо жашап-иштеген жайы да бар. Анткен менен Йендин 17 жашынан баштап актёрдук кесипке болгон кызыгуусу артып, өзүн башка тармакта элестетпей калган. Ата-энеси болочок актёр 13 жашка чыкканда ажырашып кетишкен.
Актёрдун мамиле курган кыздарынын арасында дизайнер Сара Малейтеста, фотомодель Ники Хилтон жана актриса Мэгги Грейс бар. Учурда тасмадагы сүйгөнү Нина Добрев экөөнүн сүйүү оту жанып турган маал.

РЕЖИССЁР БОЛУУНУ САМАГАН ПОЛ (СТЕФАН САЛЬВАТОРЕ)

Туулган жери – Нью-Жерси, Нью-Брансуик
Туулган жылы – 1982-жыл, 23-июль
Үй-бүлөдө – 4 бир туугандын экинчиси

Түбү Польшадан болгон Пол Уэсли кичинесинен спортко канчалык көп маани бербесин, театрды баары бир андан өйдө койгонун айтып жүрөт. Актёрлукка болгон сүйүүсү 3-классынан эле башталган. Пол карьеранын айынан окуудан баш тарткандардын катарын толуктайт.
«Кан соргучтун күндөлүктөрү» тасмасындагы Стефандын ролу менен актёр алгачкы ирет табияттын тышкы күчтөрүнүн образын жаратып жаткан жок. Буга чейин да башка тасмада кубулма кишинин, периштенин ролдорун аткарган. Бирок актёрду атактуулукка дал ушул кан соргучтар тууралуу фильм жеткирген.
Жеке жашоосунда актриса Марне Паттерсон менен болгон сүйүүсү 4 жылга созулган. Ал сүйүү өчкөндө актёр актриса Торри Девиттону жолуктурат. 2011-жылы Пол Торрини көпчүлүккө өзүнүн жубайы катары тааныштырган.
Полдун пландарынын бири – келечекте өзүн режиссёр же сценарист катары сынап көрүү. Учурда тасма талаасында продюсерликтин тепкичинде турган чагы.

Перизат Музуратбекова
kino@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Evelet
2012-10-22 10:49:08
4-сезондун 2-сериясын коруп болгом. Жагат да мага ушу фильм
0
razana_kg
2012-10-22 18:49:13
мен дагы ушу кинону чыдамсыздык менен кутуп кором. эн суйуукту кинолорумдун бири.
0
Demon
2012-11-09 03:15:17
мен да тортунчу сезондун тортунчу сериясын кутуп жаткан кезим... эххх олло кызык жерине келди дааа
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан