Радиодон «Атуш» тобунун «Властная» деген ырын угуп калып, «аа, жакшы ыр экен, чет жердик ырчылар го» деген ой кеткен. Кызыкдар болуп сураштырсам, өзүбүздүн эле мекендештер тура...
– Салам, Сабыржан, топтон сен эле келдиңби?
– Ооба, шеригим Ильзат Темирбеков учурда Санкт-Петербургда. Ильзат – балет бийчиси. Кайсы бир сынактан жеңип алып, ошол жакка 5 жылга окууга кетти. Бирок жыл сайын келип турат.
– Угушумча, топтун негизги ырчысы сен окшойсуң?
– Ооба, негизги ырчысы менмин, Ильзат бэк-вокалист. Негизи, мен 6 жашымдан баштап эле ырдап келе жатам. Башында чоң энем «баламды медресеге окутам» деп ырчы болушума аябай каршы болгон. Бирок болбой эле окуган мектебимде уюшулган уйгур элдик фольклордук топто ырдай берчүмүн. Ошентип жүрүп ырга ого бетер жакын болуп кеттим.
– Кел эми, «Атуш» тобунун жаралуу тарыхына кайрылалы...
– Алгач Ильзат, Шерзот аттуу жигиттер той-топурларга иштеп жүрүшүптүр. Мындан 10 жыл мурун эле Ильзаттын атасы Файзулла Темирбеков бул балдарды музыкалык жактан тарбиялап, аталышы жок эле топ түзүп, ырдап башташкан экен. Анан топко мен келип кошулдум. Башында музыкант катары иштеп, чакырган жерлерге барып кызмат көрсөтүп жүрчүбүз. Анан «тойлорго бизди чакырганда жөн эле музыканттар дебесин, келгиле, топко ат коёлу» деп сунуш киргиздим. Алгач «Адаш» деп атайлы дегенбиз (уйгур тилинен «дос» деп которулат). Жакшы эле «Адаш» деп койбоптурбуз, азыр казактардын ушундай аталыштагы тобу бар эмеспи. Андан кийин «Атуш» деген атка токтолдук. Атуш – Кытайдагы кыргыздар, уйгурлар жашаган район. Менин ата-тегим ошол жактык уйгурлар болгондуктан эле «Атуш» деп атап алганбыз.
– Той-топурларда ырдап жүрүп, анан качан чоң сахнага чыктыңар?
– Биринчи жолу мындан 4 жыл мурун филармонияда уйгурлардан чыккан таланттардын баары биригип концерт бергенбиз. Ал концертте «Жамбал хан» деген уйгур элдик ырын заманбапташтырып аранжировка жасап ырдап чыктык. Мына ошондон баштап эл бизди таланттуу адамдар катары тааный баштады. Ал эми «Властная», «Ночной Бишкек» деген ырларыбыз жаңыдан эл арасына сиңип баратат десем болот.
– Орусча жана уйгур тилинде ырдайт экенсиңер, кыргызчачы?
– Ырдайбыз, кыргыз тилин жакшы билебиз. Жакында эле «Тойго келгиле» деген ырды жаздырдык.
– Кыргыз эстрадасына сиңише баштадыңарбы же эч кимди тааныбайсыңарбы?
– Кыргыз эстрадасынын таланттарын жакшы эле тааныйм. Өзгөчө Гүлнур Сатылганова, Курал Чокоев, Султан Садыралиев менен жакшы таанышмын.
– Музыкалык билим алгансыңбы?
– Билим алган жокмун. Буга чейин консерваторияга тапшырып койсомбу деген ой келген. Бирок музыкалык билим алуунун кажети деле жок го дейм.
– Жакынкы пландарың кандай?
– Алдыда жаңы жылга чейин концерт берсекпи деп жатабыз.
– Алдыга койгон максаттарыңа жет.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg