КЫШКА КАМЫЛГА БАР, КӨМҮР АЗ

Караколдо жылуулук ишканалары кышка даярбыз деп коңгуроо кагышты. Даярдык тууралуу отчёттор да берилип бүтүптүр. Көз жүгүртсөк, бардыгы «чики-чики» экен. Ал эми мунун чындыгы канчалык?

Кыргызбыз да, баарын эрте камдап албай, тамсилдеги ийнеликтей болуп жүрө беребиз. Каракол шаарында көп кабаттуу үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыз кыла турган «Каракол шаарын жылуулук менен камсыз кылуу» жана «Каракол жылуулук ишканасы» деп аталган эки чоң ишкана бар. Алар, албетте, шаар мэриясынын көзөмөлүндө турат. Мындан улам Каракол шаарынын мэри Ишенбек Өмүракуновго быйылкы кыш камылгасын билүү үчүн кайрылдык.

– Айтсаңыз, жылуулук берүү үчүн от казандардын канча пайызы даяр болду?
– Учурда от казандардын бардыгы оңдоп-түзөөдөн өтүп бүттү. Токсон пайыз даяр деп айта алам.

– Бул кагаз бетинде эле токсон пайызга даярбы же текшерип көрдүңүзбү?
– Суроону кабыргасынан бердиң. Жылуулук мекемелеринин башчылары «кышка даярбыз» деп отчётторун беришти. Ынануу үчүн атайын комиссия менен текшерүүгө алууга үлгүрдүк. От казандары чындап даяр экен. Бир гана көмүр маселеси бар.
Шаар мэринин «көмүр толук ташылып бүтө элек» дегенинен улам жылуулук мекемелерин кыдырууга өттүк. Чындап эле көмүр бир жылга эмес, бир айга араң жетчүдөй ташылып келиптир. Тактап айтканда, «Каракол жылуулук ишканасына» быйылкы жылга 24 миң тонна көмүр керектелсе, учурда анын
4000 тоннасы эле алынып келинген. Ал эми «Каракол шаарын жылуулук менен камсыз кылуу» ишканасына 10 миң тонна көмүр керектелсе, анын
3700 тоннасы турат. Бул, албетте, кышка даяр эместиктен кабар берет.
"Бул жылы жылуулук берүү кандай болот?" деген суроого жооп алуу үчүн “Каракол жылуулук ишканасынын” жетекчиси Камчыбек Токбаев менен жолугуштук.

– Саламатсызбы? Сурообуз көп. Биринчи көмүр маселесине токтолсок. Эмне себептен көмүр кечигип жатат?
– Бизге көмүр алып келчү тараптар кечиктирип жатышат. Мисалы, биринчи тендерди утуп алган «Жыргалаң» шахтасы июль айында үч миң, август айында үч миң, сентябрь айында миң тонна көмүр алып келиши керек болчу. Бүгүнкү күндө жүз эле тонна көмүр алынып келди. Экинчи тендерден утуп алган «Жумгал­-Суу­-
Курулуш» фирмасы бүгүнкү күнгө чейин жети миң тонна көмүр алып келиши керек болсо, миң тоннасын араң алып келишти.

– Түзүлгөн келишимден кечигип жатышына эмне себеп болууда?
– “КРнын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз турак жай коммуналдык союзунан акча кечиктирилип берилип жатат” деп билдирди мага «Жыргалаң» шахтасынын башчысы Сабыр Жапаров. Бирок “суук түшкөнчө ташып бүтүрөм” деп убадасын берди.

– Табияттын табышмагын билбейт эмеспизби. Суук биз ойлогондон эрте келсе кандай айла табасыздар?
– Эми көмүр такыр жок эмес да. Бир айга жетчүдөй көмүрүбүз бар. Биринчи стартка жетет. Калганын ноябрь айынын ортосуна чейин ташып бүтүүгө убада беришкен.

– Эсиңизде болсо, былтыркы жылы Восход, Геология жана Кашка-Суу кичирайондорунун тургундары көп кабаттуу батирлеринин жылыбаганын айтып чыгышкан эле. Быйыл жылыйбы?
– Биз болушунча көмүр жагып жылытабыз. Жылуулук болушу үчүн ар бир батирдин ээси ар бир бөлмөгө жылуу суу барчу түтүктөрдү жана батареяларды жууп-тазалашы керек. Кээ бир көп кабаттуу үйлөрдүн суу түтүктөрү Союз маалынан бери тазаланбаган. Суу түтүктөрдүн ичин бир жылда эле шор басат. Калың шор суунун жүрүшүн токтотот. Анан кээ бир батир ээлери аристон коёбуз деп шаарды суу менен камсыз кылуу мекемесинин суу түтүктөрү менен жылуулук түтүктөрүн алмаштырып койгондор бар. Мындай учурда муздак суу кошулат. Анан, албетте, суу муздайт.

– Бул маселени ким карайт? Кантип чечүү керек?
– Биз жеке менчик батирлерге жооп бере албайбыз. Андыктан ар бир батир ээси өз үйүндөгү суу түтүктөрүнө көзөмөл кылышы керек.

Таалайбек Илипбаев
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан