САЙМА САЙГАНДАН РАХАТ АЛГАН МЫРЗА

Окурман, сиз сайма сайган айымдарды көп эле жолуктурсаңыз керек. Бирок сайма менен алектенип, аны хобби кылган мырза чанда кезигет. Сөз кыла турган каарманыбыз Сейтакунов Исажан саймачылык өнөрдү Союз тараган мезгилден бери хоббиси катары тутуп келет.

– Саламатсызбы, Исажан мырза, бул нерсе көп айымдардын колунан келбейт. А сиз кандайча бул иш менен алек болуп калдыңыз?
– Бул нерсени өзүмдүн хоббим же чыгармачылык катары карайм. Союз мезгилинде айдоочу болуп эмгектенчүмүн. Сайма саюуну бир кошуна жеңемден көрүп, кызыгып калдым. Ийнесин кантип жасоону көрүп алып, үйгө келгенде өзүм жасап, сайма сая баштадым. Кадимки эле медицинада колдонулган ийнеден жасап алгам. Аны менен токуп сайылат. Мен эмканада кароолчумун, ал эми жубайым үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда санитар болуп иштейт. Төрт кыз, бир уулду тарбиялап чоңойттук. Кичүү кызым менен уулума да бул өнөрдү үйрөтүп койгом. Жубайым менден улам кызыгып калып да саймачылыктын башка түрлөрүн билет. Мага жардамы көп тиет.

– Майда жумуш экен, ден соолугуңузга зыян алып келбейби?
– Албетте, көздүн майын алган майда жумуш. Каккан казыктай кечке отура берип, дене да талып чыгат. Бирок абдан кызыктуу. Улам арбып бараткан эмгегиңди көрүп кубанып, кызыгып отура бересиң. Телевизор карап отуруп, саясаттан тажаганда колума алып саймамды баштасам бир аз эс алып, эстетикалык рахат алып калам. Ар кандай сунуштар түшөт. Көбүнчө жумшак эмеректердин үстүнө жабылчу жабууларды, жаздыкчаларды, килемчелерди, улуттук атрибуттарды сайып бериңиз деп келишет. Театрдын, Маданият үйүнүн артисттери да белдемчилердин, кыргыз чапандардын этек-жеңдерине оюулардын саймасын түшүрүп берүүмдү сурашат. Бош турганды өзүм деле жактыра бербейм.

– Саймадагы жаныбарлар, гүлдөрдүн келбетин өзүңүз түшүрөсүзбү? Сүрөт тартууга шыгыңыз барбы?
– Жок. Сүрөт тартууга шыгым жок. Ал эми гүлдөрдү, сүрөттөрдү ар түрдүү жоолуктардан, чүпүрөктөрдөн кесип алып, сайма сайыла турган материалдын артына каптайм, сапталган ийне менен жоолуктагы гүлдүн чегинен чыкпай толтуруп кете берем. Чүпүрөктүн он бетине болсо жоолуктагы гүл сайма болуп түшө берет. Сайма сая турган торду илгерки колясканын дөңгөлөгүнө керип, чоймо менен бекитип алып, анан саям.

– Сайманын кандай түрлөрүн билесиз?
– Көбүнчө көптүрмө деген түрүн саям. Андан сырткары басма, крест аттуу түрлөрүн да билем. Оюулардын сыртынан бисер бастырып, бүйүрмө деген жаздыкчаларды жасайм.

Саймачы байкенин жубайы Арсар эженин да пикирин билгибиз келип кепке тарттык:

– Жолдошумдун саймачылык өнөрү бизди да атактуу кылды. Башында кызыкчылык үчүн эле кармап жатат да, анан таштап салса керек деп ойлогонбуз, бирок барган сайын кызыгуусу артып, ал тургай мени да кызыктырып салды. Өзү да тынч отура албайт, абдан эмгекчил. Теңтуштарыбыз келип, “муну кантип жасап жатасың, анча-мынча аялдардын колунан мындай нерсе келбейт” деп тамашалап калышат. Эми жолдошум акыркы бир жылдан бери үйдө. Өзүңөр көргөндөй, таяк менен басып жүрөт, бир жыл мурун автокырсыкка кабылып, бутунан жаракат алып, операциядан эми жакшы болуп келе жатат.

Исажан Сейтакунов учурда үйдө. Үйүндө кооз буюмдар, кызыл, жашыл жиптерден сайылган жаздыкча, килемче, эмерек-жүк жабуулар менен толтурулган. Билбеген киши үйдүн кожойкеси абдан иштүү, колунан көөрү төгүлөт экен деп ойлошу мүмкүн, бирок бул кооздуктун бардыгын үйдүн кожоюну жасаптыр, баракелде!

Гулжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sultan.kg
2012-10-24 23:58:12
Оооо Азаматсыз байке негизи жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деп айтылат эмеспи. Өнөрүңүз өркүндөй берсин ишиңизге ийгилик!
0
aidka-07
2012-10-26 00:00:01
Сизге, уй булонузго ден соолук, ишинизге албан ийгилик!
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан