Дайыр Исмадияров: «КАЙЫРГҮЛ МЕНИН ДЕҢГЭЭЛИМДЕГИ КЫЗ ЭМЕС»

«Ырчы болгондон кийин келбетке карап, мода кууп кийинүү керек. Бул жаатта мен артта калгандардан эмесмин» деген ырчы Дайыр Исмадияров жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу агынан жарылып маек куруп берди.

– Кандайсың, Дайыр? Жакында сени биздин «Тамаша тордон» бир "назик" жигит менен көрүп калдык. Мындайда достор шылдыңдап эле жатып калышса керек...
– Оо, айтпагыла. Баарынан да анын «чё ты мне бьёшь?» деген сөзү достор арасында тамашага айланды. Орустун «мне» деген сөзүн укканда эле ошол «Тамаша тордогу» «назик» жигитти эстей турган болдум. Алгач ачуум келип жаткан, азыр аны эстегенде маанайым көтөрүлүп, жылмайып калам. Эми мен да өчүмдү алып, жылдыздарды тамашага салганга жардам берем деп чечтим.

– Сахна жылдыздары менен мамилең кандай? Ич ара топ-топко бөлүнүп жүрүшөт дешет.
– Баары менен мамилем жакшы, саламым түз. Балким, продюсери барлар жана продюсери жоктор болуп бөлүнүшөттүр, бирок мен эч жакка кошулбайм. Баары менен эле тил табыша алам, эч кимиси менен сырдашпайм.

– Ыр жаздырууда эң биринчи кезекте эмнеге көңүл бурасың?
– Ырды койгондо эле кулакка алгач аранжировкасы угулат эмеспи. Андыктан аранжировкасына көңүл бөлөм. Андан соң элге терең сиңиш үчүн жакшы клип тартуу керек. Клип тартууда ар дайым сценарийин өзүм түзөм. Кыскасы, болушунча профессионалдык деңгээлде, сапаттуу ырларды күйөрмандарыма тартуулоого аракет кылам.

– Ырчылык дареметиң жөнүндө кеп кылсак...
– Албетте, ырчы болгондон кийин сын көп. Сын менен өсөсүң дечи, бирок кээде эч бир мээнетиңе карабай туруп «ыр жаман болуптур» дегенди окуганда же укканда жаның кашаят. Чындыгында, сен аны түн уйкуңдан калып, мээнет менен бүтүрөсүң. Анан да кээде ырчыны сындап, четте отуруп алып кыйыгынан карап, мыйыгынан күлгөндөрдү жактырбайм. Андайда, тескерисинче, ошол адамды карап алып ырдайм. Кесибим психолог болгондуктанбы, айтор, андай адамдарды көзүнөн эле байкап коём.
Кай жакка концерт менен барбайын, күйөрмандарым келишет. Мен ошого каниет кылам. Күйөрман топтоого жетиштим, демек, мен жаман ырчы эмесмин. 10 адамдын төртөөнө менин ырларым жакпаса, калган алтоо кол чаап угуп турушса, мага ошол жетет. Калган төртөө мени укпай деле коюшсун, концертиме келбесе деле мейли.
Кандай гана концертте ырдабайын, элдин табитин тапканга, эл менен сүйлөшүп, чыныгы Дайырдын шайыр, тамашакөй экенин көрсөтүүгө аракет кылам. Койгон концерттерим, жеке кулк-мүнөзүм жөнүндө эл кандай пикирде экенин интернет аркылуу билип турам.

– Интернет менен жакшы дос окшойсуң?
– Заманга жараша, ар кыл тармактагы маалыматтардан артта калбаш үчүн интернет менен досмун. Анан, албетте, күйөрмандар менен баарлашып турам. Кино көрөм, музыка угам, кыздар менен таанышам, сулуу кыздардын сүрөттөрүнө көз чаптырам дегендей.

– Кыздар жөнүндө кеп козгоп калдың, андан ары сөзүбүздү уласак...
– Чындыгында, бул жаатта эч кандай жаңылыгым жок. Анткен менен көздөп койгон эки-үч кыз бар. Бирин апам тапкан, бири менен өзүм таанышкам, дагы бирин интернеттен тапкам (күлүп). Азырынча эч кимиси менен олуттуу сүйлөшө элекмин. Ошентсе да Гүлжамал деген эжемдин жоруктары күлдүрөт. "Дайыр үйлөнөт" деп эле даярдана берет. Ош шаарындагы ресторандардын бирин айтып, үлпөт тойго чакырылчу кишилердин тизмесин түзүп, ар биринин отура турган орундарына чейин бөлүштүрүп койгон. Эң башкысы, азырынча кыз жок, ха-ха.

– Анан качан үйлөнөсүң?
– Быйыл кышында, буюрса, бир кызды тандап, аны менен 10 күнгө Дубайга же Парижге барып эс алып келүүнү пландап жатам. Ошол жактан кызды болушунча сынап, болот же болбойт деген чечимге келиш керек. 10 күндүн ичинде кимдин ким экени билинип эле калат. Антпесе кубулма кыздар көп. Бирок чочулабай эле коюшсун, мен ал кыздын намысын булгабайм деп сөз берем.

– Кубулма кыздар дейсиң, кыздардан көңүлүң калган жайың бар окшойт...
– Ооба, сырты жалтыраганы менен, ичи калтыраган кыздардын бар экени өкүндүрөт. Ошол себептен кыздарга көпчүлүк менен кошо өзүңөр көптөн күткөн түндө уят болуп калбагандай болуп жүрсөңөр экен демекмин.

– Бир кезде ырчы Кайыргүл экөөңөрдүн сүйүү романыңар жөнүндө кеп тарады эле. Кийин аны Кайыргүл «Дайырдын пиары болчу» деп чыкты.
– Ооба, Кайыргүл менен гастролдо чогуу жүрүп, аны жактырып калганым чын. Кийинчерээк анын кандай кыз экенин баамдап, мамилени токтотуп койгом. Ал ырчы кыздын «бул сөздөр Дайырдын пиары болчу» дегени боюнча айтсам, пиар мага эмес, Кайыргүлгө көбүрөөк керек го дейм. Кыскасы, Кайыргүл менин деңгээлимдеги кыз эмес.

– Бир кезде көңүл койгон кызыңа катуу айтып алган жоксуңбу? Муну уккан Кайыргүл капа болуп жүрбөсүн?
– Ар бир адамда көңүл бар, анын интервьюсун окуганда менин да көңүлүм калган.

– Адамдын чыныгы жүзү демекчи, чыныгы Дайыр кандай?
– Кээде жатып алып өзүмө баа берем. Бирде «азаматсың, Дайыр, ушундай чоң ишти аткардың» деп мактасам, кээ күнү өзүмдү урушам. Жашоодо жоопкерчиликтүү эле баламын. Жалгыздыкты жакшы көрөм. Жалгыз калганда көп ойлор келет, режиссёрлук ойдо сын көз караш менен кино көргөндү жактырам. Кыскасы, кино дүйнөсүнө, режиссёрлукка аябай кызыгам.

– Анда сенин тасмаларыңды качан көрүп калабыз?
– Гастролдоп жүргөндүн ортосунда бир кинонун сценарийин жазып чыккам. Ага өзүм сүйүнүп, бир-эки режиссёрго көрсөтүп койсом, кийин аны тасмага тартып коюшуптур. Атын атабай эле коёюн. Идеяларымды уурдатып жибергениме аябай ичим ачышты. Кино тартуу боюнча алдыда пландарым бар.

–Чыгармачылыктан тышкары да бизнесиң барбы?
– Соода тармагында чакан бизнесим бар. Кийим-кечек сатуу менен кошумча каражат табам.

– Кызыктуу маек куруп бергениңе рахмат.

Толук аты-жөнү – Исмадияров Дайыр Эсенбаевич
Туулган жылы – 1986-жыл, 16-июль
Туулган жери – Өзгөн району, Мырзаке айылы
Бою – 174 сантиметр
Салмагы – 68 килограмм
Билими – Кыргыз агрардык университетин аяктаган
Кесиби – Психолог
Жылдыз белгиси – Бөйөн

 

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дайыр Исмадияров: "Кайыргүл менин деңгээлимдеги кыз эмес"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
kumushai
2012-10-24 15:12:09
млиин тим эле 10 кун сынап дейтко э, озун аябай эле звезда сезет окшойт
0
asterix
2012-10-24 15:23:13
Дайыр Исмадияров таланттуу ырчы дегенден алысмын, бирок бул мырзаны мынчалык караладынар,уну жок туура,бирок буга окшогон ырчы мырзалар да коп мисалы айта кетсек Мирбек иманбеков,самат долотбаков,Даниэль,ж.б. бул тизменин аягы узун, кыскасы Дайырды эркек дейт,а Кайыргул кичине кыздай болсо болмок ашкере кылып жыргатып койгонсуп "мен дайыр менен жургом" деп ырсайбай.
0
Karagulov90
2012-10-24 15:38:15
Иттер үрө берет а кербен жүрө берет, кыскасы аман эле болгула да
0
vanga_78
2012-10-24 18:02:27
Жур мени менен Парижге 10кун эс алып келебиз, жагып калсан аялдыка алам,жакпай калсан кечир.Кишини ирээнжитип кулкусун келтирбечи жылдызик,кесибин психолог экен,берген маегинди окуп,жыйынтык: адамдын психологиясын начар билесин,демек психолог катары денгээлин томон.А ырчы катары ишенсен сенин ырынды угуп корбоптурмун, айтоор Супер инфо гезити силерди жон эле жылдызик кыла берет.Кыскасы профессионалдык денгээлинди оркундот.Жылдызик!!!
+2
Narynbek
2012-10-24 21:13:51
Аябай эле өзүн бийик сезип алганбы?Өзүңдү эр ойлосоң,бирөөнү шер ойло деген Дайыр!
+1
sultan.kg
2012-10-25 00:25:32
Эми бул жерде Дайыр туура эмес! Себеби убагында жактырып сүйүп жүрүп анан эле Кайыргүл мындай экен тигиндей экен деп эмне кереги бар. Биз баарыбыз болгону пендебиз, баарыбыз жаңылабыз ката кетиребиз"
0
nurik996312
2012-10-25 08:51:49
Слушай, Дайыр тебе нужно учиться тому как выступать на публике. Давать интервью это не то что, выйти на сцену и спеть давно заученную песню... есть вещи которые можно говорить на камеру, и которые нельзя... на тебя же смотрят столько людей, читаю твои интервью. Ужасно... учись всему как разговаривать, как вести себя себя, и заменяй свои слова на более правильные ты же человек с высшим образованием. и то что о девушке говорил, не очень лестные слова, не опускайся так низко, будь МУЖЧИНОЙ
+2
vens
2012-10-25 13:03:38
Кайыргул жонундо унчукпай эле койсон болмок,сен эркексин андан оч алам деп тура эмес создорду суйлоп койдун.
0
kristall
2012-10-25 14:32:38
Кааап, эркек болгон сон аял кишини жамандап томондобой эле койсо болмок. Же уйлонуп жашап, анан ажырашпаса. Жаш кезде канча жигит, канча кыз менен мамиле кутот, акыры-ын эле кала беришпейби ээ. Видимо озун аябай которгон жигит ондонот, туура айткан: "Адамдын адамдыгы анын жонокойлугундо".
0
aruntai
2012-10-25 23:55:19
Аша чаапсыз го бала...Албетте сенин дэнгээлиндеги кыз эмес... сенден алда канча жогорку дэнгеелде...
+2
zhorobekt
2012-10-26 00:18:38
Дайыр несине кыйын болот мактангандан башка ечтекеге жарабайт
0
nurali1989
2012-10-26 19:37:03
азаматсын
-1
tzhumaev
2012-10-28 02:26:55
ой бооооооооой
0
rtkb
2012-10-28 05:08:24
бул жигиттин жылмайганы жагат жылмайганда жылдыздуу болуп корунот бирок эч ырын укпапмын ушунча жаны ырлары чыкса да суйлогон создору жакпады адамды эч качан кемсинтпеш керек кыздарга тенелбей кыздар мин жаман суйлогон учурда да жарша берет а сен эркексин го жонокой болсон болоор ийгилик сага каталыктарынды ондо кеч эмес
0
kristall
2012-11-02 12:37:38
Хи-хи-хи. Эмне, бияктан табышып уйлонуп жашап жаткандардын жашоосу эмне экен? Созсуз эле кышында жылуу жакка алып барып сынайт бекен. Ой шумдуу-ук, кичине жерге тушчу жигит! Анан кыздардын жанында 1 карыш болсо да ойдороок болчу, сенин айтканынды аял ушак дейт, ич-ара эркектер аялдардан ашкан ушакчы дешет, бирок сен коомчулук алдына озунду басып койдун. За это тебя перестанут уважать.
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан