Жашоодо өзүңүздүн кызганчаак же бул сапаттан алыс экениңизди аныктагыңыз келсе, анда төмөнкү суроолорго жооп бериңиз.
Суроолорго “ооба” же “жок” деп жооп берүүңүз кажет. Ар бир “ооба” деген жооп үчүн 10 упай, ал эми “жок” дегенге 0 упай эсептелинет.
1. Досторуңузга (курбуларыңызга) өз менчигиңиздей мамиле жасайсызбы?
2. Сүйүктүүңүз (жан шеригиңиз) жумуштан соң тааныштары менен кафеге жөнөп, сизди чакырбады дейли. Бул сизди кыжалатка салабы?
3. Жакын досторуңузга баалуу буюмдарыңызды берип тура аласызбы?
4. Эгер сиз биринчи көз жумган болсоңуз, өмүрлүк түгөйүңүздүн башка менен мамиле курбоосун каалайт белеңиз?
5. Эгер кырсыктан улам сиздин жыныстык жашооңузга чекит коюлса, сүйүктүүңүздүн да секстен баш тартышын талап кыласызбы?
6. Кокус сүйүктүүңүз сиздин көзүңүзгө чөп салганын моюнуна алса жинденесизби?
7. “Кечирүү – келесоонун иши” дегенге кошуласызбы?
8. Сүйүктүүңүзгө башка аялдар (эркектер) да жага турганын билсеңиз ыза болосузбу?
9. Эгер сүйүктүүңүздүн мурунку көңүлдөшүнө кезигип калсаңыз, сизди кызгануу сезими ээлейби?
10. Кокус досторуңуз отурушка чакырбай калса кайгырасызбы?
11. Үй жаныбарыңызды (итиңизди же мышыгыңызды) башка бирөөнүн сизден жакшы эркелетип, сылап-сыйпоосу кыжырыңызды келтиреби?
12. Бала чагыңызда ата-энеңиз сизге караганда иниңизге же сиңдиңизге көбүрөөк көңүл бөлөт деп ойлочу белеңиз?
13. Мектепте оюнга сизди эмес, досуңузду чакырышса ачууңуз келчү беле?
14. Сүйүктүүңүз эмгек өргүүсүн өзүнчө өткөзүү сунушу менен кайрылса, капага батасызбы?
15. Сиз бай жана белгилүү адамдын үйбүлөсүндө төрөлбөй калганыңызга өкүнөсүзбү?
16. Кимдир бирөө сиздин эмес, сүйүктүүңүздүн сырткы келбетин мактап калса, көңүлүңүз чөгө түшөбү?
17. Мектепте сизден жаман окуган классташыңыз эми бизнес жаатында ийгиликке ээ болгонун көрүп ичиңиз тарыйбы?
18. Кошунаңыз чоң утушка ээ болуп калса, ичиңиз күйөбү?
19. Сизге караганда кесиптешиңиз көбүрөөк мактоого жана көңүл бурууга арзып жатканын сезип жүрөсүзбү?
20. Эгер сулуу кыз кары адамга же сулуу эркек өзүнөн улуу аялга үйлөнүп жатканын көрсөңүз, “ушул кантип болсун?!” деп шылдыңга аласызбы?
Жыйынтыгы
200-180 упай:
Сиз укмуштуудай кызганчааксыз жана дүйнөгө кара көз айнек тагынып алгансып көз жүгүртүп, адамдарга өздүк буюм катары мамиле жасайсыз. Колдон келсе, мындай жаман сапаттан арылууга аракет жасаңыз.
170-120 упай:
Сизде кызгануунун сезимтал кылдары бар. Мунуңуз сизден да жолдуу адамдар жөнүндө сөз болгондо байкалат. Жашоодогу теңсиздик боюнча айтып, көбүрөөк кейийсиз. Ошол эле убакта бардыгы өз колуңузда экенин эсиңизден чыгарасыз.
110-50 упай:
Кызгануудан алыс болбосоңуз да, бул сапат сиз үчүн баш оорутарлык деле иш эмес. Башкача айтканда, кызганчаактык деген сиздин маселеңиз эмес.
40 жана андан аз болсо:
Эгерде бардык суроого чын дилиңизден жооп берген болсоңу, сиз өзгөчө тең салмактагы адамсыз.
Сексте тажрыйбасы жок эркек мыкты
Төшөктө тажрыйбалуу эркек менен кумарга батуу кандай жакшы. Ал эми тажрыйбасы жок эркек менен төшөктө болуу андан да жакшы.
Төшөктө тажрыйбасыз эркек...
1. Алгач айым менен өзү байланышып, жолугушууга чакырат.
2. Ойго келбеген күтүлбөстүктөргө бара алат.
3. Төшөктө айымды устат катары санайт.
4. Айым эңсеген жерден кумарга батыра алат.
5. Бир гана айымды ойлоп, жакшы үмүт менен жашайт.
6. Айымына байланып калганын да аңдабайт.
7. Күн алыс секс менен алектенүүдөн тажабайт.
8. Ар кандай төшөк ыкмаларын чын дили менен аткарат.
Төшөктө тажрыйбалуу эркек....
1. Айымга телефон чалып эч убара болбойт.
2.Өзүнө ыңгайлуу гана жерде кумарга батууну каалайт.
3. Зарыл учурда таптакыр колу бошобойт.
4. Төшөктө өзүн устат катары эсептеп, айымынын каалоосуна көп көңүл бурбайт.
5. Айымга жаккан ыкманы аткарбайт.
6. Сиз биле элек нерселерди ал эчак билген болот.
7. Бардык нерсеге ишенимдүү карайт.
8. Айымына байланып жашагысы келбейт.
Астра Айдарова
erotika@super.kg