Өткөн саныбызда куудул, актёр, тамада Жеңиш Айтиев менен болгон маек жарык көргөн эле. Анда «сиз тойлорго заказ алып, той ээси 400 доллар берген соң той башталары менен тамадалыкты шакирттериңизге берип, өзүңүз кетип калат экенсиз, чынбы?» деген сурообузга Жеңиш мырза «мен антпейм, жүрөгүм чыдабайт» деп жооп берген эле. Бул макала жарык көргөндөн кийин эле бизге Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургунумун деп Зарыл Бекмаматов аттуу мырза телефон чалды. Жеңиш Айтиев Зарыл мырзанын инисинин тоюна тамада болуп берүүгө 400 долларга сүйлөшүп, алдын ала 1000 сом алып, той күнү барбай койгонун айтып нааразы болду.
Бул сөздөн кийин биз Жеңиш Айтиев менен байланышып, сураштырып көрдүк. «Зарыл – менин дос балам. Ооба, тойго бара албай калдым. Мындай менде биринчи жолу болуп жатат. Жалал-Абадда болчубуз, жолдо машинабыз бузулуп, анын үстүнө бронхитим кармап, Жалал-Абадда калып калдык. Телефонум өчүк болчу, алардын номерин да сактап албапмын. Ден соолугум жакшы болсо, алдымдагы ырыскыдан эмнеге качайын? Эртеңки күнүң кандай болорун билбейт экенсиң да»,- деген жообун узатты.