ТЕҢИР-ТООЛУКТАР БАКТЫГҮЛДҮ БОЙДОК ЭМЕСКЕ ЧЫГАРЫШТЫ
Башталышы – 20:00 (1 саат кечикти)
Билет баасы – 200 сом
Көрүүчүлөр – Нарын музыкалык драма театрынын 35 пайызы (15-октябрда)
Алып баруучу – Эркин Рыскулбеков
Мыкты номер – Бактыгүлдүн аткаруусундагы «Эх, сүйүү, сенин көзүң жок» аттуу ыры
Нарын шаарында 15-16-октябрь күндөрү Бактыгүл Бадыеванын концерти болот экен деген кабарды чукул угуп, демейде күн мурунтан афишалар илинип калчу эмес беле деп капыл-тапылынан театрды көздөй жөнөп калдым. Топтошкондор «200 сом кымбат го, ыя?» деп кобуранып жатышты. Билет кымбат болдубу, чындыгында эл өтө аз келди. Аз эл аздыгын кылат да, кол чапмак тургай кыйкырык-чуу салса да Бактыгүлдү жылыта албай койду бейм, ырчы кайра-кайра «мен үшүп жатам» деп элди жылмайтып жатты.
Сахнада жасалгадан ныпым эч нерсе жок, Бактыгүлдүн чоң сүрөтүн эске албаганда. Ырчы «Керемет» бий тобунун бийкечтери менен «Сүйүү тамгасын» ырдап чыкканда эл жандана түштү. Амир Аскаров деген ырчы жигит бар эмеспи. Үнүн угуп, өзүн көрбөгөн нарындыктар Амир так секирип сахнага чыкканда селейип калышты. Неге ыргып чыкканын түшүнбөй калдык, ал да сүрдөгөнүн билгизбейин дедиби, элди аралап, ансыз да кызыл жүздүү теңир-тоолук бийкечтерди кызаргыча бийлетти.
Мына сага, Нарындын суугуна карабай Айя Садырова да келген экен. «Кара кашты какпа, жаным...» деп көзүн жайнатып сахнага чыкканда залдагы жигиттер кашын эмес, төшүн да каккылап жиберишти, зал ышкырык, кыйкырыкка толо түштү. «Ии, кыргызча ырдады» деп энебиз эркек төрөгөндөй ыраазы болуп отурсак, Айя орусча өмүр таржымалын айтып кирбеспи?! Андан да кызыгы, ал Нарындын Жумгалынан болуп чыкты. Улам чыккан жылдыздын баары эле ата-жотосун териштирип жатып, түбү келип Нарынга байланыштуу болуп жатканына таң калдым, тобо. Садырованы кол чаап узатып жиберерибиз менен эле Бактыгүл чыгып, «эми мен да орусча ырдап коёюн» деп «Прости» деген ырын аткарып берди. Аңгыча алып баруучу чыгып, «Бактыгүл Бадыева кандай?» деген суроого жалаң «Б» тамгасынан башталган сын атоочтор менен атагыла» деди эле, бир айым «Бактыгүл Бадыева бойдок эмес!» десе болобу. Көрсө, 2 күн бою Бактыгүлдү жан сакчыдай ээрчип жүргөн сырдуу мырзаны эл күйөөсү деп болжолдой салышыптыр.
Баш-аягы ырчыны Айя Садырова, Айдин Шер, Амир Аскаров жана «Керемет» бий тобунун 4 кызы коштоп келишти.
Байкашымча, Бактыгүлдүн кийиминде, сахнаны жасалгалоосунда жана репертуарында эч кандай өзгөчөлүк же жаңылануу болбоптур. Концерттин аягында Азамат Такырбашевдин обонуна жазылган өзүнүн «Жүрөгүмдө сенсиң» аттуу ыры ротацияга чыга элек экенин айтып, Нарындан тушоосун кести. 40 жолу «жүрөгүмдө сенсиң...» деп кайталап, концертти ушул ыр менен жыйынтыктады да койду.
Эсепке так жаным 1 жарым саатка созулган концертте жалпы жонунан 11 ыр ырдалганын эсептеп үлгүрдүм. Элдин маанайын байкайын деп эшиктин алдында турсам, кээ бир келген көрүүчүлөр «концерт 200 сомго татыктуу эмес экен, азыр Бактыгүлгө кирип, акчабызды алабыз» деп чогулуп алышыптыр. Мен жолума түштүм, башкалар Бактыгүлгө кирип акчасын кайтарып алдыбы-жокпу, билбедим.
Акыйкат Адилов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
Апей айылда 50 сом эле эмесбеле?
ay ushu bakulyanin rok stilindegi irin kutup kutup dagele kutup jurom
aaaaaaaaaaaai baikuw kyrgyz Kyzdar uwuncha ele abroiunar tuwkucho syndaldynar go iya?emi "jigit bolson wok bol ,wok bolboson jok bol"deit yrchy bolgon son,madaniyat jakta iwtegen son "mykty'degen baada otuu kerek koncertter.....anan bilbeim
Беш кол тен эмес го. Кеп бай кедейде эмес да, кичине реалдуу бааны койбойбу. Айтылгандай эле 30 сомго диск сатып алып корсо да, укса да болот. Бирок концерт десе карапайым эл деле "культурный отдых" кылгысы келишет, анан коргон концерти ал баага татыбаса, таштан деле ун чыкпайбы, озгочо азыр аш-тойдун учурунда. Айткандай эле 100дон десе деле 1 кишинин ордуна 2 киши барган болсо Бактыгул коруп козу кубанып калмак, оо эч болбосо 60% толуптур зал деп.
Жылдыз десе эле жылдыз боло бербей кичине жерге тушуп, элдин жашоосуна да карап коруп дегендей, анан озунун баасын да карап коруш керек го. Кийимди жалан чет мамлекеттен 3000 долларлап кийсе эле элдин чонтогу аныкындай эмес да. Кайдан чыкканыбызды унутпасак...
Narynda bardyk jerdegidei ele ayabai bailar da, jetishpegender da bar. Bul bouncha suroo emi baary ele bargysy kele berbeit da. Biroolor bargysy kelet, birok mumkunchulugu bolboit a bashkalarda bar bolso da baryshpait, jon ele, je bolboso Baktygul' jakpait degendei, emi ar kandai uchur bolot. Naryndyktardy bai eken dese dep jalpy aitkandan alys bolsonuzdar.
Naryndyn eli ayabai karapaiym elder taza kanduu ki4i peyil ak konul elderden korboi Baktyguldon korgulo kop elge jaga berbeit dagy jakwy uyat kylbai baryptyr suiunsun baktygul 200som Naryndyktarga e4 nerse da bolboit.
ayiii, ukmush ele jazyptysynat emi tuugandar.... Baarynarga aita keterim Naryn bul shaar, ayil emes!!! Je too bar bolso ele ayil bolup kalaby? Je janylyk ukkanda "bugun Naryn aiyilynda balancha okuya boldu" dep uktunar bele??))
Naryndyn biyik tooloruna, tunuk suusuna jana taza abasyna echteke jetpeit!!! anan dagy Rossiya yrchylar kelgende kirebiz je kirbeibiz dep jazyptyrsynar a Rossiya Naryn menen emne saltshtyryp atabyz tushunbodum...)
Rossiyaga kelgen kyrgyz yrchylar menen emne salyshtyryp atasynar? al jerde baaribir kymbat bolot da kak ni kruti.. ^_^
Боло берет дебей,200сомгобу же 2сомгобу татыктуу концерт бериш керек да.
Россияга концерт койуп келген ырчыларга рубльды биздин сомго которсон 1,5 эсе болот анын устуно бул жакта иштеп жургондор элин жерин сагынгандыктан канча десен да кире берет эн негизгиси кайсыл жерде болбосун жакшы даярданып кийин консерт койгондору жакшы деп ойлойм бир жолу кирген эл кайрадан дагы киргис келгендей кылып
Бул Бактыгуль жонундо ооз ачпай эле койолучу,, Тышы жылтырак ичи калтырак деген так ушул Бактыгул болот..Бир дагы ырынын тузу жок..
Акыйкат Адилов болбогон статья жазыптырсынар, зачем так преувеличивать... надо как то справедливее быть жазат деселе жаза бериптирсинер... ушакчы аялдардан жаман придумали....
куйоого тийгнда нарындан келип