СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ ЖООП БЕРЕТ

Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg сайтына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-27.
Биз кайрадан Социалдык өнүктүрүү министрлигине байланыштуу суроолорго орун бердик.

«ЖОЛДОШУМДУН ӨЛГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮКТҮ АЛА АЛАМБЫ?»
– Жолдошумдун каза болгонуна 6 жыл болду. Каза болгонго чейин эле ажырашабыз деп жүргөн элек. Ошко кетип, ошол жактан асынып алыптыр. Бул окуядан кийин кайын журтум менен да катышпай калгам. Ортобузда эки балабыз бар. Балдарымдын окуусуна жеңилдиктер каралабы деген максатта атасынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алайын деп тааныштарымды Чоң Алайдын ЗАГС бөлүмүнө жиберсем, ар кандай шылтоолорду айтып, «тиги документти, бул документти алып келсин» дешиптир. Айткан документтерди берип жиберсем, «эми өзү келсин» деп жатышат. Ал жакка бара тургандай акчам жок. Ошко барбай эле бул жактан жолдошумдун өлгөндүгү тууралуу күбөлүк ала аламбы?

Фарида Алимбекова, Бишкек шаары.

– Балдарыңызга баккан адамынан ажырагандыгы боюнча социалдык жөлөкпул же пенсия алуу үчүн жолдошуңуздун кайтыш болгондугу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы менен жашап жаткан жериңиздеги Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына (эгерде жолдошуңуздун эмгек стажы жок болсо) же Социалдык фондго (жолдошуңуздун эмгек стажы бар болгон учурда) кайрылууңуз керек. Ошондон кийин гана аталган тармактар тарабынан тиешелүү төлөмдөр дайындалат.
Жолдошуңуздун өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү ал каза болгонго чейин кайсы жерде катталса, ошол райондун ЗАГС бөлүмүнөн гана ала аласыз.

«КЕЛИНИМ НЕБЕРЕЛЕРИМДИ ТАШТАП КЕТТИ»
– Уулум эки жыл мурун автокырсыктан көз жумган. Эки баласы бар эле. Келиним аларды мага таштап кетип калды. Балдарга жөлөкпул чыгартайын десем, «өз энеси келсин» деп жатышат. Эми эмне кылам?

Сагынбү Рыспекова, Талас шаары.

– Эгер уулуңуздун пенсияга чыгууга укугу (эмгек стажы жок) жок болсо, анда багуучусунан ажырагандыгы боюнча неберелериңизге Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 1000 сом (ар бирине) өлчөмүндө жөлөкпул чектейт. Пенсияга чыгууга укугу (эмгек стажы) бар болсо, анда Социалдык фонд тарабынан ай сайын пенсия төлөнөт.
Бул социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн сиз неберелериңизди камкордукка алууңуз зарыл. Андыктан туруктуу каттооңуз боюнча райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгындагы үй-бүлө жана балдар менен иштөө бөлүмүнө кайрылышыңызды сунуштайбыз.

«СУИЦИД БОЛГОНГО ЖӨЛӨКПУЛ ЧЕКТЕЛБЕЙБИ?»
– Жолдошум муунуп каза болду. 5 балам бар. Үйүбүз да жок, ар жерде көчүп-конуп жүрөбүз. Балдарыма жөлөкпул чыгартайын десем, «күйөөңүз суицид болуптур» деп баш тартышты. Эмне кылсам болот?

Саадат Асанова, Кемин району.

– Сиз, биринчиден, күйөөңүздүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алышыңыз керек. Күбөлүк алгандан кийин жолдошуңуздун эмгек стажына карап жөлөкпул же пенсия чыгарта аласыз. Эгер анын эмгек стажы бар болсо Социалдык фондго пенсия чыгартуу үчүн, эмгек стажы жок болсо Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына социалдык жөлөкпул дайындатуу үчүн кайрылсаңыз болот.

Суроолорго Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Мира Тургунбаева жооп берди.

Бул суроолор боюнча талкууну "Социалдык өнүктүрүү министрлиги" бөлүмүндө улантып, эгер сизде да суроолор болсо, дал ушул бөлүмгө калтырсаңыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан