«Ата Мекендин» партиялык конференциясына кесиптик милдеттеримден улам күбө болдум. Партиянын Бишкек шаардык кеңешине кандай талапкерлерди жылдырарын билишим керек эле. Кургак сөзгө жык катардагы жыйын болсо керек деп көңүлсүнгөн эмес элем. Бирок мен 13-октябрда өткөн «Ата Мекендин» бул конференциясынан жандуулукту байкай алдым.
ТАРЫХЫНА СУКТАНУУ
Опера жана балет театрына ал күнү партиянын жүздөн ашуун делегаттары чогулду. Алардын сүйлөп жатканын угуп отуруп, «Ата Мекен» жөнүндө, анын тагдыры жана эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ролу туурасындагы ойлорго чөмүлдүм.
«Ата Мекенге» азыркы партиялар, «бир күндүк» жана бизнес долбоорлор тең келе албайт. Социалисттик партиянын мүнөзү бир саатта калыптана калган эмес, өз идеалдарын жана баалуулуктарын сактап калуу менен жылдар бою сыналып келет. Социалисттер эмнени гана баштан кечиришпеди. Үй-бүлөлүк-кландык эки режим менен тынымсыз күрөш, көңүл калтыргандардын, сатып кеткендердин азабы, жоготуу армандары жана жеңиш кубанычы...
Бүгүн «Ата Мекен» – коомубуздун ар кыл курактагы активисттери топтолгон күчтүү саясий уюм. Көз караштардын бүтүндүгү жана заманбап идеологиясы менен. Кайталангыс тарыхы жана эч нерсеге тең келгис тажрыйбасы менен. Анан да, мендеги маалыматтар боюнча, «Ата Мекен» – дүйнөдө кадыр-барктуу «Социалисттик Интернационал» уюмунун Борбордук Азия боюнча бирден бир мүчөсү.
«Ата Мекен» – коомдук-саясий түзүлүш боюнча өз көз караштарын, өз концепциясын турмушка ашыра алган саясий уюм. «Ата мекенчилер» – өлкө Конституциясынын чыныгы авторлору жана идеялык демөөрчүлөрү.
БИРДИКТҮҮ ДЕМ
...Конференцияда чыгып сүйлөп жаткандардын көтөргөн маселелери ар башка болсо да, алардын деми да, идеялары да бири-бирине шайкеш. Идеологиялык бир туугандык сезилет. Балким, бул романтизм, максимализм, революциялык дух, принципиалдуулук өңдүү солчулдарга таандык өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн. «Ата Мекен» кырдаалга жараша түсүн өзгөртпөйт, көргөн кемчиликтерине кайдигер карабайт. Өз принципиалдуулугунан улам «Ата Мекен» азыркы башкаруучу коалиция курамында болгонуна карабастан, таасирдүү жана келишкис душмандары жетишерлик.
«Ата Мекендин» Шаардык кеңешке тизмеси да таңдантты. Ага ар кыл курактагы, ар кыл кесиптеги адамдар кирген. Алардын арасынан Бишкек шаардык кеңешинин, ал тургай, Жогорку Кеңештин да азыркы депутаттарынын ысымдарын кезиктирдим.
ЖАШТАРГА ШЫДЫР ЖОЛ!
Менде, менде эле эмес, башкаларда да суроо туулду: эмнеге Жогорку Кеңештин депутаттары кызматын кичирейтип, борбор калаанын парламентине талапкерлигин көрсөтүп жатышат? Тизмени бекитер маалда буга да конференциянын делегаттарынан жооп таптым. Алардын пикиринде, Жоомарт Сапарбаев менен Наталья Никитенко Жогорку Кеңештеги эки жылдык ишмердиктеринде өздөрүн чынчыл, активдүү, принципиалдуу саясатчылар катарында көрсөтө алышты. Эми партия аларга Бишкек шаарын өнүктүрүүгө салым кошуу тапшырмасын берди.
Кырдаал өлкөдө да, борбор калаада да өзгөрдү. Эгер мурда шаардык бийликти Президенттин администрациясынан белекке алып келишсе, жаңы системде ага шайлоолор аркылуу жетиш керек. Башка талапкерлер эле эмес, Жогорку Кеңештин бул эки депутаты да шаардыктардын реалдуу колдоосуна ээ экендигин далилдөөгө тийиш. Алар борбор калаа алкагында өз алдынча иш алпарып, партиялаштарын да, шайлоочуларын да артынан ээрчитүүгө жетиши зарыл. Реалдуу атаандаштыкта гана партиянын лидерлер мууну калыптанат.
«Ата Мекен» тизмени гана эмес, партиянын шаардык уюмунун жетекчилигин да жашартты. Борбор калаадагы уюмун жаш, бирок шаар алкагында белгилүү саясатчы, Бишкек шаардык кеңешинин азыркы таптагы депутаты жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Камалдин Токтосартов жетектейт. Ошондой эле тизмеге тажрыйбалуу саясатчылар, Бишкек шаарындагы азыркы жана мурдагы депутаттар, жетекчилер Илья Клименко, Сейдахмат Исмаилов, Союзбек Салиев, Светлана Загинайло, Наталья Никифорова, Нурлан Асанбеков жана башка ишмерлер да тизмеге камтылган. Социалисттер өз туусунун алдында тажрыйбалуу, иш билги команданы топтой алганын моюнга алыш керек.
ЖАГЫМДУУ БАШАТ
«Ата Мекендин» конференциясынан жакшы маанайда узадым. Мындай нукта башталган шайлоонун жүрүшүнө көз салуу да жагымдуу болот өңдөнөт деп болжодум. Патриарх-партия койгон атаандаштык чегине идеологиялык жана программалык деңгээлде башка партиялар да чыдаса, катарын жашартууга жана идеялардын жаңырышын камсыздай алса, анда бишкектиктер жаңы сапаттагы Шаардык кеңешке ээ болору шексиз.
Тимур Асанов