«МЕНДЕН АКЧА ӨНДҮРҮП ЖАТЫШАБЫ?»

– Үстүбүздөгү жылы Сокулук районуна караштуу Питомник дачасынан пайдубалы бар эки участок сатып алгам. Бардык документтери бар. Жакынкы күндөрдүн биринде дачанын башчысы келип, «алгачкы төлөмдү төлөгүлө. Эки дачага 3 миң сомдон 6 миң сом. Ал акча көчөдөгү зым карагайларга кетет» деп басып кетти. Негизи, мурдагы ээси бул акчаны төлөптүр. Дүмүрчөгү бар. Ар бир сатып алган киши бул каражатты төлөшү керекпи же менден акча өндүрүп жатышабы?

Асылкан, Сокулук.

Суроого «Абдрахманов и Ко» юридикалык фирмасынын юристи НАЗИРА АБДЫРАКМАНОВА жооп берет:
Дүмүрчөктүн негизинде дачанын башчысы менен те­риш­ти­рүү иштерин жүргүзүү керек. Протокол талап кылып, аны менен толук таанышып чыгыңыз. Протокол качан, кимдер тарабынан толтурулганын аныктаңыз. Эгер бир жолку төлөм биринчи ээси тарабынан тө­лөн­гөн болсо, анда сиз бул акчаны тө­лө­бөй койгонго акыңыз бар.

«Юристтин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rostov-on-Don
2012-10-27 18:55:38
Думурчок деген эмне?
0
admin_MiranA
2012-10-29 11:53:32
Rostov-on-Don, квитанция деген сөз :)
0
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан