МАЙЫП БАЛДАР ЭМИ БАШКАЛАРДАЙ ОКУЙ АЛЫШАТ

Талас районундагы майып балдар кадимки мектепте окуп жатышканын угуп, абдан сүйүндүк. Бул боюнча кенен маалымат алуу максатында Талас районунун акиминин орун басары Азиат Жаркыналиевага кайрылдык. Ал: “Жакында “Нур бала” коомдук бирикмеси менен биргеликте семинар уюштурдук. Семинарга Талас районундагы мектептердин директорлору, социалдык педагогдор, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, социалдык адистер катышты. Семинарда мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга инклюзивдүү (мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дени сак балдар менен кошо окутуу) билим берүүнү өнүктүрүү, ага коомчулук менен акча каражаттарын табуу маселелери каралды”,- деп билдирди.
Айта кетсек, Талас районунда 18 жашка чейинки 301 майып бала бар. Мамлекет тарабынан каржыланбаса да, мугалимдердин ыктыярдуу иш алпарууларынын негизинде 94 бала кадимки дени сак балдар менен кошо мектептерде окуп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 520, 19-25-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан