НУРДИНОВ МАЛИК АПСАМАТОВИЧ
Туулган жылы – 1972-жыл, 5-январь.
Учурда – Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги.
Үй-бүлөлүү, 4 уул, 1 кыздын атасы.
Кыйын учурда арызданар адамыбыз – укук коргоочу. Ар дайым элдин тынчтыгын негизги максатым деп билген, учурда Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов менен маектешип, бир катар суроолорго жооп алдык.
– Саламатсызбы? Алгач Жалал-Абад шаарында аткарылып жаткан иштериңиздер тууралуу айта кетсеңиз...
– Союз таркап, мамлекеттер өзүнчө эгемендүүлүк алгандан тарта кылмыштуулуктун өскөнү эч кимге сыр эмес. Азыркы учурда коррупцияга, уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында иш алпаруудабыз. Былтыркыга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны азайды. Былтыр 1100 кылмыш катталган болсо, быйыл анын саны 900гө кыскарды.
– Эл арасында «милиция кызматкерлеринин коррупция менен күрөшүүсүн өздөрүнөн баштоо керек» деген сөз бар...
– Туура айтасыз. Жашырбайм, канча бир деңгээлде милицияда да коррупция бар. Мен ар дайым кызматкерлерден чындыкты, тактыкты талап кылам. Бирок жасаган иш-аракетине жооп бербеген кызматкерлер да жок эмес экендиги өкүндүрөт. Милициянын өзүндө тартипти катуу кармап, мыйзам бузбоо аракетиндебиз. Мыйзам бузбаган адам гана башка адамдан мыйзамды бузбоосун талап кыла алат.
– Эки жолку революциядан кийин элдин милицияга болгон ишеними азайгандай сезилген...
– Ал мезгил укук коргоо органына болгон элдин ишенүү сезимин бир аз четтетти окшойт. Бирок азыркы учурда милиция элдик милиция аталып, ишенимге кайра кире алды деп эсептейм. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда саясий кырдаал туруктуу.
– Бул кесипти кандайча аркалап калдыңыз эле?
– Жаш кезде Александр Суворов атындагы аскердик мектепте окудум. Азыр аталган жай легендарлуу инсан Дайыр Асановдун ысымын алып жүрөт. Ошол кезде эле погончон адамдарга кызыкчумун. Жаштайымдан спортко жакын, мүнөзүм катуу бала элем. Чындык жок жерден чыркырап калыстыкты талашып кетчүмүн. Алсыз адамдарды коргойм деп эле жүрчүмүн.
– Үй-бүлөңүз сиздин кесибиңизге түшүнүү менен карайбы?
– Жубайым экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Биз баш кошконго чейин эле менин кандай кесипти аркалашымдан кабардар болгон. Кээде жумалап үйдө түнөбөй калган учурлар болот. Азыркы учурда менин кесибимди түшүнүү менен карап, балдарды өзү тарбиялап жатат. Учурда үй-бүлөм Ош шаарында, мен 10-15 күндө бир барып турам. Алар да келип-кетип турушат. Барарым менен балдарымдын мугалимдерине чалып, алардын окуусун, тартибин сурап кирем.
– Кызмат учурунда сизди кейиткен окуялардан айтсаңыз...
– Ошто иштеп жүргөндө аскер бөлүгүндө катталган бир окуяга аябай кейигем. Кызматын өтөп бүтүп, кетерине 10 күн калган жигитти өлтүрүп кетишкен. 25 жерине бычак сайылган экен...
– Балдарыңыздын ичинен сиздин жолуңузду жолдойм дегени барбы?
– Улуу балам быйыл Түрк аскер лицейине тапшырды. Мен башынан эле үй-бүлөмдө түрдүү кесиптин ээлери болсо дечүмүн. Ошентсем да болбой уулум менин кесибимди уламакка белсенип алды.